1963-жылдын 28-августунда 300 миңге жакын адам М.Л.Кингдин кийин тарых барактарында кала турган “Менин бир кыялым” аттуу сөзүн тыңшап турушту.
Америкада кулчулук жарандык согуш аяктагандан кийин жоюлганына карабастан иш жүзүндө көпчүлүк штаттарда кара терилүүлөр “экинчи катмардагы жарандар” катары каралып келди. Ушул күнгө дейре Африка тектүү америкалыкты оорукана, мейманкана, ресторандар кабыл алган эмес. “Түстүүлөр” аларга бөлүнгөн атайын жайларды гана колдонуп келишкен.
“Адамдар бири-бирин жек көрүшөт, анткени бири-биринен коркуп турушат. Коркушат, себеби бири-бири тууралуу эч нерсе билишпейт. Билишпейт, анткени баарлашпайт. Баарлаша алышпайт, себеби аларды бөлүп салышкан”,- деген ойду М.Л.Кинг элге жеткирүүгө далалат жасап, мындан арылууга жан үрөп келди.
Мына, дал ушул күнү алар көптөн күткөн, эңсеген мүдөөсү орундалып, адамдардын өңү-түсүнө карабастан, теңдикте жашоо укугуна жетейин деп турушат. Бирок алар басып өткөн жолунда бир топ кыйынчылыктарга тушугушту.
Албетте улуу иште, улуу жолдо тоскоолдуктар көп болот. Ошого карабастан алар өз жолунан, максатынан кайтпастан, тынчтык жолу менен күрөшүн улантып келишти. Караңгылык караңгылыкты жоё албайт, бул жарыктын гана колунан келет, жек көрүүнү жек көрүү менен жеңе албайсың, ага сүйүү аркылуу гана жете аласың. Сүйүү менен гана душманыңды доско айлантууга болот. Тескерисинче, зомбулук зомбулукту, оройлук оройлукту гана жаратат. Куралсыз, тынчтык жолу менен каршылык көрсөтүү эң күчтүү да, эң ишенимдүү да курал. Бул курал менен жаракат калтырбастан жеңүүгө болот. Мартин Лютер Кинг бул нерсени бүдөмүксүз түшүндү, жүрөгү менен сезди.
Дал ушул жерде сөз кыябына келгенде айта кетүү керек, ал ишеним менен, бүткүл шатыны көрбөстөн, биринчи тепкичке гана кадам шилтеген. Алыска кетчү жолдун биринчи кадамын гана таштаган.
Тилекке каршы, максатынын өтөөсүнө чыга албастан, 42 жашында октон көз жумду. Өз өмүрү коркунучта экенин билип турса да, “эгер эртең акыр заман болоорун билсем да, бүгүн дарак отургузмакмын” деп жашады.
42 жылдык өмүрүндө тарыхты башка нукка, өңүткө буруп жиберген 20-кылымдын Ганди, Манделла өңдүү генийлери менен бир катарга турду. М.Л.Кинг канча миңдеген адамга үмүт отун жандырды, жаркын келечекке болгон ишенимин ойготту. Демек ал өмүрүн куру өткөргөн жок. Бул анын кыялы, жашоосунун маңызы.
Акыйкатында эле М.Л.Кинг бүгүнкү күнүбүздө жашаганда, арабызда болгондо анын иш-аракеттери, кыялы кандай болмок? Ал дагы да болсо адилеттик үчүн, тынчтык үчүн күрөшүн токтотмок эмес. Бир гана афроамерикалыктардын эмес, мусулман, христиан, ак, кара экендигине карабастан, баарынын укугун коргоп, таламын талашмак. Тамырланып, түптөнүп алган жана күрдөөлдүү коомдогу теңсиздикке каршы күрөшмөк. Анын жолун жолдоочулар төгөрөктүн төрт бурчунан чыкмак. Анткени анын 50 жыл мурдагы жүрүшү улуу күрөш, улуу миссия экендигин, анын кыялы орундалганын бүгүнкү күнү көрүп турабыз.
Кингдин арты менен бардык адамдар бирдей экендигин, ар бир жаран эркиндикке, бактылуулукка акылуу экендигин аңдап-түшүндүк. Өз эркиндиги үчүн күрөшүү, азыркы күндөгү демократиянын башаты Кингден башталган деп эсептейм. Ошондуктан ал жалпы дүйнөнүн адамы, ал бир мамлекетке тиешелүү эмес. Мартин Лютер Кингдин күнү ар бир өлкө, адамзат үчүн майрам болуш керек.
Ал эми менин кыялымчы... Кыргыз эли тагдырын, келечегин ишенип колуна тапшырган эл башчыларыбыз Кингдей болгон инсандардан үлгү алышса... Элитабыз таза, журтка күйүмдүү болсо, “калкым үчүн каруум казык, каным азык” деген принцип менен жашаса... Дүйнө эли Кыргызстандан үлгү алып, бизге карап түздөнүшсө...
Мен ишенем, ушунун баары реалдуу, жүзөгө ашчу нерселер. Анткени кыялдансаң, кыялыңа жеттүү үчүн тоскоолдуктарга моюн сунбай, жолуңдан кайтпасаң сенин кыялың сөзсүз түрдө бир күнү орундалат. Балким биз ал күндү көрбөй да калабыз... Бирок ошого карабастан болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Үзүрүн бизден кийинки урпактар көрсүн. Анткени биз Мартин Лютер Кингдин окуучуларыбыз, анын жолун жолдоочуларбыз!
Бекзат Акаев. Кыргыз-Түрк “Манас” университети, 1-курс.