Тар чөйрөдө өткөн бет ачарга келгендердин айрымдары тасманын сюжетинде кызыктуу маалыматтар камтылганы менен техникалык жактан сабатсыз иштелген деген пикирлерин айтышты. Мындай каталардын бирин журналист Зинакан Кайыпова байкаган.
«Айрым сөздөрдүн жазылышы башка, айтылышы башка болот да. Сөздөргө басым туура эмес коюлуп жатат. Бул жерде текстти адис окубаганы көрүнүп турат. Тарыхый инсандын тагдырын чагылдырган мындай жоопкерчиликтүү текстти атайын билими бар дикторлор же актёрлор окуса болмок экен».
Тасмадагы кадр артындагы баянды да, Лениндин, Жусуп Абдрахмановдун жана башкалардын сөзүн да режиссер Эрнст Абдыжапаров өзү окуган.
Айрым сөздөрдү ката айткан, начар окулган аудио текст тасманы башынан аягына чейин коштойт. Чынында эле бул жана башка кемчиликтеринен улам тасма техникалык жактан чампаланып жасалгандай таасир калтырат.
Дагы караңыз Жусуп Абдырахмановдун уурдалган кыялыЖусуп Абдрахманов жөнүндө тасманы 2018-жылы «Аскар Салымбековдун фонду» тарта баштап, режиссерлор арасында сынак жарыялаган. Анын жыйынтыгында бул милдет режиссер Эрнст Абдыжапаровго ыйгарылган. Уюштуруучулар ушул кезге чейин фильмди тартууга 40 миң доллар сарпталганын айтышты.
Режиссер сын-пикирлерге макул эмес. Ал аталган тарыхый инсан тууралуу тасманы көрүүчүлөр жакшы маанайда кабыл алганын айтып, кадр артындагы окулган текст тууралуу айтылган сынга мындайча жооп берди.
«Биринчиден, мен диктор эмесмин. Экинчиден, мен орус тилдүүмүн. Үчүнчүдөн, аябай көп кастинг өткөрдүк. Бир да диктор жан дили менен айтып бере алган жок. Ошондуктан мага «өзүң эле окуп бербейсиңби?» дешти. Өзүм окудум. Кемчиликтер бар. Ал кемчиликтерге карабастан жан дүйнөмдөн чыкканы үчүн ал кемчиликтерди эл жакшы байкабай калат. Ошондуктан мындагы кемчиликтерди кечирип койсоңор да болот».
Жусуп Абдырахманов тууралуу тасманын сценарийин таанымал журналист, публицист Бакыт Орунбеков жазган.
Кинодон чыккан адистер арасында тарыхый инсандар тууралуу тартыла турган тасмалар өтө дыкат, сапаттуу иштелүүгө тийиш экенин айтып жаткандар болду. Себеби бул тасмага телефон менен тартылган кадрлар да колдонулган. Режиссер аталган тасма буга чейин үч жолу оңдолгонун айтып, буларды кошумчалады.
«Аны атайын тартканда 80 жаштан ашкан киши түптүз туруп алып, бирок андай сүйлөй алмак эмес. Чай ичип отурганда бир нерселерди айта баштады. Мен ошондо соткага тартып алдым. Ал кадр жандуу чыкты. Ошентип бул жерде сапатка эмес, маани-маңызга басым коюлду».
Тасма тарыхый инсан тууралуу маалыматтарга бай. Алтымыш мүнөткө жакын баянда Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмер катары жетилүү мезгили, ошол доордун геосаясаты, ал жашаган чөлкөмдөгү тарыхый окуялар, кызматта турган кезинде Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болгону, Ленин, Сталин менен болгон жеке мамилеси жана үй-бүлөлүк маселелери камтылган. Өткөн доордун 20-30-жылдарындагы кадрлар колдонулган.
Аталган тасманын тегерегинде айтылган кайчы пикирлер кыргыз киносундагы «даректүү тасма» жанрынын азыркы абалына көңүл бурдурду. Режиссер-документалист Асел Жураеванын айтымында, учурда кыргыз киноискусствосунда даректүү тасмаларды ийине жеткире турган режиссерлор сейрек.
«Негизи даректүү тасмалар да бир топ жанрларга бөлүнөт. Тарыхый, публицистикалык, экономикалык деп. Бирок бизде ушул жанрлардын бири да өнүккөн эмес. Түрдүү жанрдагы даректүү тасмалар көп деле тартылбайт. Бизде азыр даректүү тасмалар тартыла баштаганына эки-үч эле жыл болду. Даректүү тасма тартууга кызыккандар пайда болуп келатат. Анын көрүүчүлөрү дегеле жок».
Жураева тарыхый инсандар тууралуу маалымат чогултууга, техникалык жактан шөкөттөөгө өтө көп убакыт талап кылынарын кошумчалады.
Дагы караңыз Репрессия эч кимди аяган эмесЖусуп Абдрахманов 1920-жылдардын акырында 1930-жылдардын башында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук республика макамын алышына өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан.
Жусуп Абдрахманов 1930-жылдары Казакстанда ачарчылык өкүм сүрүп турганда Кыргызстанга ооп келгендерди сактап калган иш-аракеттери менен да белгилүү.
Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири «контрреволюциячыл жана улутчул» деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.