Бекер операция үчүн акча сураган догдурлар

Бишкектеги оорукана

Башкы прокуратура өткөн аптада чет өлкөлүк хирургдар жасай турган бекер операция үчүн бейтаптан жергиликтүү догдурлар ири өлчөмдө акча өндүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Козголгон кылмыш иштин негизинде азыр ИИМ чоң өлчөмдө пара өндүргөн жана алган деген шек менен Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун директорунун орун басары баштаган дарыгерлер тобун тергеп жатат.

Маалыматка караганда, институттун жооптуу кызматкерлери түркиялык дарыгерлер тарабынан жүрөккө бекер операция жасоо учурунан пайдаланып, дарыгерлердин биринен акча өндүрүшкөн.

Ош облусунан келген бейтаптын туугандары талап кылынган 120 миң сомдун 114 миң сомун чогултуп беришкен. Пара институттун жана бейтапкананын башчыларына медайымдар аркылуу жеткен. Бирок бир айга жакын күткөн бейтапка операция жасалбаган бойдон үйүнө кайтып баратып, каза болуп калган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бейтапка жана парага байланышкан жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Туугандары чогултуп алып келип беришкен. Догдурлар баланча сумма керек деп акча алган соң операцияга киргизип жиберишкен. Түркиялык врачтар болсо бейтапты операцияга камдаш керектигин, азырынча операцияга даяр эместигин айтып баш тартышкан. Маалыматтарга караганда, мекеменин башчысы кол алдындагыларды жөнөтүп акча алдырткан. Эми ким акча алууну тапшырган, кимдин колунан өткөндүгү тергөө иштеринин жыйынтыгында анык болот.

Коюлуп жаткан айып боюнча Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек. Ал эми Илим изилдөө институтунун директору Айдар Шералиев тергөө жүрүп жатканына байланыштуу пикирин айтуудан баш тартты.

Кол ийрисине тартканда...

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева сырттан келген хирургдардын эмгеги үчүн кыргызстандык дарыгерлер акча талап кылууга акысы жок болчу деген оюн айтты:

- Жөн эле ар кайсы врач, оорукана операцияга акча бер деп талап кылбаш керек. Негизи, чет элдик адистер жасаган операцияга кирчү бейтаптардын тизмеси министрликтен өтөт. Тилекке каршы, алыстан келип, мал-жанын сатып “операцияга баланча төлөдүм” деп айткандарды угуп жүрбөйбүзбү.

Кесиби боюнча дарыгер укук коргоочу Байгазы Эрматов болсо чаржайыттык менен паракорчулуктан арылуунун жолун бекер дарылоого муктаж бейтаптарды тандоо чөйрөсүн кеңейтүүдөн көрөт:

- Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ушул процесске аралашыш керек. Анткени алар чындыгында кайсыл оору эмнеге муктаж экенин билишет. Анан акчалуулар деле жанталашып ушундай операцияларга илинип калайын деп, көйгөйлүүлөр кала берүүдө. Бул жерде баягы эле адилетсиздик болуп жатат.

Укук коргоочунун баамында, дарыгерлер азыр адамдын саламаттыгынан биринчи жеке пайданын артынан түшүп, бейтаптарга "кадыр колко" мамиле жасап калышты:

- Азыр ооруканаларга барсаңыз, өзү салып алган жеке клиникада тейлеп жаткансып бейтаптарга жаман мамиле жасашат. Анан баарыбыз эле билебиз көп адам кооптонуп, “өмүр ушул врачтын колунда, арыздансам жаман мамиле жасап калат” деп даттанышпайт. Ошондуктан өң-тааныштарына тартып койгон учурларды жоюу үчүн механизмди өзгөртүш керек. Анткени ар бир жаран ден соолугун чыңдоодо укуктары бирдей.

Байгазы Эрматов эми минтип чет өлкөлүк дарыгерлерге жамынып, өз мекендешинен пайда өндүрүүнү кесипке айландырып жатышы ашынган жосунсуздук экенин белгиледи.

Маалыматтарга караганда, эки тараптуу макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга Орусия, Түркия, Израил, Бириккен Араб Эмираты, Түштүк Корея, АКШ, Беларус, Индия өңдүү өлкөлөрдөн жогорку квалификациядагы адистер келип, операция жасоого салымдарын кошуп турушат. Көбүнчө операциялар нышан, таңдайы жок төрөлгөн ымыркайларга, көз, бөйрөк дарттарына, тубаса жүрөк кемтигин бүтөөгө багытталып, алар уникалдуулугу жана акы төлөнбөстүгү менен айырмаланат.