Мигранттар: башаламан байланыштын кесепети

Москвада жугуштуу ооруларга чалдыккан мигранттардын саны кескин өскөнүн расмий бийлик өкүлдөрү маалымдашууда. Мигранттар арасында сифилис 40 пайызга, ВИЧ илдети 15 пайызга көбөйгөн.

Москванын мэринин социалдык өнүктүрүү боюнча орун басары Леонид Печатников акыркы жылдары мигранттар арасында жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөр көбөйгөнүн билдирди:

- 2012-жылдан бери сифилис оорусун мигранттар арасында 40 пайызга көп аныктай баштадык, ВИЧке чалдыккандардын саны 15 пайызга көбөйдү, ал эми кургак учук менен ооругандарды 6 пайызга көп аныктадык, - деген Леонид Печатников.

Орусияда чет элдик мигранттардан патент алуу үчүн медициналык анализдерди тапшыруу талап кылынат. Жугуштуу оорусу барлар мындай документ берген Көп функционалдуу миграция борборунда аныкталган.

Өзү ооруп жатканын билбей башкаларга жугузуп жүргөндөр көп. Медициналык китепче алганда тийиштүү анализдерди тапшырбай эле акчага жасатып алгандар болуп жатат.
Кубанычбек Алибеков

Орусияда кыргызстандык мигранттарга патент алуунун кажети жок. Ишке керектүү медициналык китепчени алуу үчүн алар жеке медициналык борборлорго кайрылат. Москвада кыргызстандыктар ачып, мигранттарды тейлеген ондон ашуун борбор бар.

«Ваш доктор А» медициналык борборунун жетекчиси Кубанычбек Алибеков башаламан жыныстык катнаштан улам мигранттар арасында котон жара (сифилис) көп катталып жатканын айтты:

- Сифилис кош бойлууларда да, үй-бүлөсү барларда да аныкталып жатат. Айына беш-алты адам катталат. Муну айыктырса болот, акчасы дагы арзан эле, бизге кайрылгандардын баары эле айыкты. Дарылануу жашыруун. Бул башаламан жыныстык катнаштан чыгып жатат. Өзү ооруп жатканын билбей башкаларга жугузуп жүргөндөр көп. Медициналык китепче алганда тийиштүү анализдерди тапшырбай эле акчага жасатып алгандар болуп жатат.

Москвадагы медборборлор бизнес гана болуп калган, аларды адамдын ден соолугу кызыктырбайт.
Маизбүбү Бердибекова

Мындай борборлордун биринде иштеген Маизбүбү Бердибекова жугуштуу инфекцияны алып жүрүүчүлөр аныкталганы менен алар көзөмөлгө алынбай жатканын белгиледи:

- Москвада эң биринчи көйгөй ушул. Сифилис Москвада грипптей эле. СПИД боюнча эки жылда эки аялды ( бирөө балалуу) Кыргызстанга жөнөттүм. Буларды ким көзөмөлгө алат? Чынын айтсам, бир дагы медборбор мыйзам чегинде иштебейт. Мен башкы догдурга ушундай оорулуулар жөнүндө маалымат берип, Кыргызстанга жөнөтүү керек десем, көңүлкош болуп койду. Медборборлор – бизнес гана болуп калган, аларды адамдын ден соолугу кызыктырбайт.

Орусияда чет элдик жарандан кургак учук, ВИЧ, сифилис сыяктуу жугуштуу оорулар аныкталса, ал депортация болуп өлкөгө кайра кирүү укугунан ажырайт. Андыктан мигранттардын басымдуусу анализ тапшыруудан качып, жумушта талап кылынган медициналык күбөлүктөрдү мыйзамсыз жол менен алууга ашыгат.

Мурдараак Орусияда беш миң тажикстандык мигранттан сифилис, кургак учук, ВИЧ сыяктуу оорулар аныкталган. Алар «кара тизмеге» алынып, өлкөдөн чыгарылганы маалымдалган. Ал эми Өзбекстан менен Кыргызстандын канча мигранты жугуштуу инфекциялык оорудан улам «кара тизмеге» алынганы расмий ачык айтыла элек.

Кыргызстанда ВИЧ оорусу менен ушул жылдын май айына карата 7287 киши катталып, алардын 1600ү каза болгонун Республикалык «СПИД» борбору маалымдаган. Ал эми сифилис менен ооругандар саны 2015-жылкы көрсөткүч боюнча 700 кишини түзгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.