Партиялар саясий кыймыл түзүүнү макулдашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда партиялар жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү үчүн саясий-коомдук кыймыл түзмөй болду. Алар азыркы шайлоо системасы менен парламентке байлардын гана келишине шарт түзүлүп калганын сындашты.

17-декабрда “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак Шумкар”, “Улуттар биримдиги”, “Жашылдар” партияларынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер чогулган жыйында негизги тема катары парламентке өтүү чеги, күрөөгө коюла турган каражаттын суммасы жана партиянын тизмеси жөнүндө талкуу болду.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы шайлоо системасына коомчулук анын ичинде жаштар нааразы экенин белгиледи. Келечектеги саясий жарыштарда карапайым жарандарга шарт түзүү учур талабы экенин айтты. Текебаев азыркы система менен шайлоо өткөрүү анын легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген ойдо.

Өмүрбек Текебаев.

- Өзгөчө жаштар шайлоо системасына нааразы. Анткени алар муну адилетсиз деп эсептешет. Парламентке байлар, бийликтин же партия лидеринин колтугуна кирип кеткендер эле келет деп айтышат. Азыр алтын адамды алып келсек деле эл чечим чыгарып, кабыл албай коет. Бул легитимдүүлүк жок дегенди билдирет. Легитимдүүлүктүн эки түрү бар – мыйзамдык жана саясий-моралдык. Мыйзам боюнча өтсө дагы чалажан бийлик болот.

Текебаев саясий партия түзүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылды. Саясатчы "оппозициялык партиялардын мүчөлөрү жетпейт" деген шылтоо бут тосууга себепкер болот деп чочулайт. Андан тышкары партияларга шайлоого блок түзүп барууга уруксат берүү керектигин да белгиледи.

Форумга жаштар арасындагы таанымал Эрулан Кокулов, Азият Жекшеев баштаган блогерлер да катышты.

Азият Жекшеев шайлоодогу үгүт компаниясын мыйзам менен тескеп, каражаты аз-көп экенине карабай, бардык партияларга бирдей шарт түзүү керектигин сунуштады.

Жекшеев акыркы саясий жарыштарда шайлоо фондусу көп каржыланган партиялардын жеңишке жеткенин мисалга тартып, PR ыкмалардын, полит-технологиянын таасири коомчулуктун башын айлантты деп эсептейт.

- Тогуз пайыздык чекти үч же бешке түшүрүү, ачык тизме, 5 млн. сом күрөөнү 1 млн. сомго азайтуу деген үч жакшы нерсе айтылды. Бирок муну менен маселе чечилбейт. Шайлоо фонду деген бар. Жаштарга шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбей калат.

Бул сунушту жыйынга катышкан бардык партиянын лидерлери колдоого алды. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарнама берүү, көрнөк-жарнактарды илүү, концерттик-шоу программалар менен элди чогултуу сыяктуу үгүт иштерине каражаты жетиштүү партияга артыкчылык берилбеши керек деп эсептешет. Талапкердин даремети түз эфирдеги теледебаттарда аныкталганы туура экенин айтышты.

Дагы караңыз «Өнүгүү-Прогрессти» апкаарыткан тогуз пайыз

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев форумда айтылгандар сөз бойдон калбашы үчүн сунуштарды документтештирип парламентке жиберип, бийликтен шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү талап кылууда реалдуу кадамдарга барууну сунуштады.

- Депутаттарга кайрылып, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп берүүнү талап кылуу керек. Бул жерде отурган жаштар, партия өкүлдөрү биздин үнүбүз катуураак чыкпаса, ушул жерде эле калып калат. Кайра-кайра айтып, талапты күчөтөлү, - деген Сариев бардык саясий топтун катышуусу менен парламенттик угуу өткөрүү сунушун айтты.

Шайлоо мыйзамдарын талкуулаган форумга парламент депутаты Исхак Масалиев гана келди. Ал Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарына байланыштуу долбоорлор иштелип жатканын эске салып, аны жакшыртуу үчүн бардык саясий топторду жардам берүүгө чакырды.

- Ачык айтканда, азыркы депутаттар "Бул партияга, партия лидерине же мага керекпи?" деген түшүнүк менен карашат. Тилекке каршы, коомчулуктун, элдин өкүлү эмес, партия лидеринин өкүлү болуп калышкан. Андыктан биз такташып, мага эмес кесиптештериме басым жасагыла. Кесиптештериме түшүндүрүп, жардам бергиле.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Кыргызстан башынан өткөргөн элдик толкундоолор шайлоодогу акыйкатсыздыктан улам башталганын белгилеп, бийлик саясий топтордун, коомчулуктун талабына кулак салбаса, социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

- Тарыхты айтсам, эртең эле окуялар башка болуп калышы мүмкүн. Масалиев мырза жеткирип барсаңыз, негизи ушундай адилетсиз шайлоо тополоңго алып бара турганы политологияда жазылган.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров бийлик алдыдагы шайлоолордо атаандаш саясий топтордун пикирин эске алат дегенге ишенбей турат.

- Бир жыл мурда ушул жерде айтылгандарды Жээнбековдун өзүнө айткам. Документ менен берген талаптарга жооп берген жок. Эми көңүл буруп кетерине ишеним аз. Бирок, күндөн-күнгө талап күчөп, эл өзү чечип кое турган кырдаал түзүлүп жатат.

Ошентип, форумдун жыйынтыгында партиялар жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге түзүлгөн саясий-коомдук кыймыл “менин укугум” деген ураан астында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө аракет кылууда. Алардын негизги максаты - парламентти олигархизациядан арылтуу.

Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 7, 5, 3 пайызга чейин түшүрүү сунушу айтылып келет. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп жатат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн. Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​