Жаңы жылды тоспош керекпи?

Кыргызстан мусулмандар башкармасы Жаңы жылды майрамдабоо боюнча фатфа (жардык) чыгарганы жатат.
Анда бул майрам ысырапкордукка айланып, ар кандай кылмыш иштерине себепчи болоору айтылган. Буга чейин депутат Турсунбай Бакир уулу исламдык эмес деп, Жаңы жылды тоспоого үндөп чыккан. Бирок башкалары Жаңы жыл салтка айланып калган майрам болгондуктан, адамдарды мындай майрамдан ажыратпаш керек деп каршы чыгууда.

Жаңы жылды тосолубу же жокпу?

Шариятта жок болгон үчүн Орозо-айт менен Курман-айттан башка майрамдарды белгилебегиле деген ураан канчалык орундуу?

Ысырапкордук болот дегенге кошуласызбы?