Бүгүн “Кыргызтелеком” ишканасы санариптик берүүлөрдү алгачкы ирет эфирге чыгарып, 2015-жылы жайында калктын 80 пайызга жакыны санарип телекөрсөтүү менен камсыздалат деп боолгоп жатат.
Бүгүн кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери даярдык көрүп келген төрт баскычтын бирин ишке киргизип, санариптик телеберүүгө өтүү үчүн техникалык жактан алгачкы кадамды жасады.
“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчи орун басары Эрмек Ниязов санариптик телеберүүнүн артыкчылыгы катары берүүлөрдүн техникалык сапаты жакшырып, калкта тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейерин айтууда:
- Азырынча жарандар мультиплекске кирген сегиз телеканалды көрсө болот. Биз мунун санын он төрткө чейин жеткирели деп турабыз. Келечекте коммерциялык пакет ишке кирип, атаандаш компаниялар түзүлүп, каналдардын саны элүүгө чейин жетиши мүмкүн. Ошондо жарандарда тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Азыркы социалдык пакетти өкмөт каржылайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ниязовдун айтымында, өкмөт түзгөн социалдык пакеттеги телеканалдар элге акысыз көрсөтүлөт. Бул пакетке мамлекеттик телеканалдардын сырткары да айрым жеке менчик телеканалдар кошулган.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, санарип берүүгө өтүүдөгү төрт баскычты толук ишке киргизүү үчүн жалпы эсеби 2 млн. 600 миң доллар керектелет. “Өкмөт азыр бул каражатты табуу аракетинде”, - дейт Темирбекова:
- Өкмөт бир топ убакыт мурун 100 млн. сом бөлгөн, аны социалдык пакетке кирген сегиз телеканалга 10 млн. сомдон бөлгөнбүз. РПО РМТР ишканасы 9 млн. сом алган. Анткени азыр ар бир телеканал өзүнүн сигнал таркатуучу жабдыктарын телемунарага чейин машине менен алып барып жүрүшөт.
Вице-премьер-министр Элвира Сариева учурда облустук телеканалдарды колдоо үчүн да өкмөт каржы маселесин караштырып жатканын айтты. Медиа-эксперт Алмас Турдумаматов Кыргызстан санариптик телеберүүлөргө өтүү менен көп нерседен утаарын айтат:
- Мүмкүнчүлүктөр көбөйөт. Телканалдардын саны көбөйөт. Телекөрсөтүүлөрдүн сүрөтү, үнү сапаттуу болот. Интернеттеги айрым мүмкүнчүлүктөрдү телевидение аркылуу колдонсо да болот. Азыр Бишкекте айрым кабелдик телеканалдар ошондой мүмкүнчүлүктү берип жатат. Акы төлөп көрө турган телеканалдардын саны да артат.
Учурда санариптик берүүгө кошчу ресиверлер (спутниктен келген сигналды кабыл алган аппарат) бардык аймактарда сатыкка чыккан, анын баасы 1500 сомдон 4000 сомго чейин. Учурда биринчи этап менен өлкө аймагынын 59% пайызы гана санариптик берүү менен камтылды. Экинчи этапта, атап айтканда 2015 жылы - 79%, үчүнчү этапта - 88% жана 2016-жылы төртүнчү баскычта 95% камсыздоо мерчемделүүдө.
Кыргызстан 2015-жылы санарипке өтүү боюнча 2006-жылы Женевада болгон эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия санарипке 2010-жылы өткөн.