Жакында эле батыш окумуштуулары ракты айыктыруунун жаңы ыкмасы табылганын жар салды.
Лондон университетинин онкологиялык коллежинин илимпоздору залалдуу шишиктин клеткаларын мутацияланган учурда эсептеп чыгып, ошого жараша адамдын иммундук системасынан антигендерди алып дарылоо менен организмдеги токсиндерди чыгарса болорун ырасташкан.
Бирок иммундук антиген клеткалары абдан аз болгондуктан, аларды лабораториялык шартта өстүрүү каралууда. Бул жыйынтыкты батыш медицинасы кокустан эле чыгарган жок. Бир нече жылдык убакыт жана миллиондогон каражатты талап кылган илимий тажрыйбанын негизинде билдирип жатышат.
Кыргызстанда бул маалда ар кандай көзү ачык, табыптарга барып же бака-жылан жеп, уу коргошун ичип дарты өтүшүп кеткендер арбын экенин адистер айтышууда.
Улуттук онкологиялык борбордун радиотерапия бөлүмүн жетектеген онколог-радиолог дарыгер Чынара Батырканова рактын өтө оор, төртүнчү стадиясына жеткиче чөп-чар менен дарыланган бейтаптар барынан кеп салды:
- Бүгүн бир аял келди. Бир жылдан бери чөп менен дарыланган экен. Кайсы чөп экенин айтпайт. Жатын моюнчасынын залалдуу шишиги экен. Оорусу өтүшүп, төртүнчү стадияга жетиптир. Азыр эми өпкөсүнө жетип, дем алуусу абдан начар. Ооруганына үч-төрт жылдай болсо да адиске кайрылбаптыр.
Бака-жылан, чөп-чар жардам бербейт
Сергей Кондратев азыр 60 жашта. Кызыл өңгөчү залалдуу шишикке чалдыгып, жаңы эле операциядан чыккан экен. Аны жубайы бир нече жылдан бери чөп-чар менен дарылай берип, оорусу өтүшүп кеткенде дарыгерлерге келген:
- 2013-жылдан бери ооруп жатам. Аялым эле дарылап жаткан. Ар кандай чөп-чар, бал жечүмүн. Жалаң таза тамак-аш жедим. Ошентсе да кекиртегимен кыл өтпөй калганда операция болдум да.
Уу коргошун деген аты айтып тургандай эле уу да. Анын курамында ракты жеңе турган бир да зат жок. Тилекке каршы, ушундай сөзгө айрым медициналык билими барлар да ишенгенин көрүп атабыз.Мукаш Бейшембаев
Жакында эле Кыргызстанга аткезчилик жол менен бака-жылан ташып келе жаткан кытайлык жаран кармалды. Дарыгерлер муну элдин башын айландырган шылуундардын бизнеси катары сыпатташат. Онколог-профессор Мукаш Бейшембаев:
- Кочкордун кызыл колтук бакасы дары экен деп азыр райондо мындай бака калбай калганын жергиликтүү тургундар айтышууда. Мунун баары шылуундардын бизнеси. Бирөөнүн кайгысынан акча таап жатышат да. Буларды мыйзам чегинде жазалоону өтүнүп, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, күч органдарына да кайрылып көрдүк. Бирок мындай алдамчылыкка каршы мыйзам жок экен.
Уу коргошундан даба издегендер
Эл арасында залалдуу шишикке каршы уу коргошун ичкендер да бар. Бирок профессор Мукаш Бейшембаев бул чөптүн оор дартты айыктырчу касиети жоктугун айтууда:
- Уу коргошун аты айтып тургандай эле уу да. Анын курамында ракты жеңе турган бир да зат жок. Тилекке каршы, ушундай сөзгө айрым медициналык билими барлар да ишенгенин көрүп атабыз. Фармацевтикада терапиялык дарылоо таасиринин кеңдиги деген түшүнүк бар. Уу коргошундун ушул кеңдиги өтө тар. Анын дозасын ашырып ийсе уйку без, боор жабыркап, көз көрбөй калат. Андан кийин эки сааттын ичинде өлөсүң.
Биологиялык активдүү кошулмалар дары эмес
Кыргызстанда биологиялык активдүү кошулмаларды сатуу да кеңири жайылган. Адистер буларды иче берип, оорусун өтүштүргөн бейтаптар көбөйгөнүн айтышууда.
Дарыгер Чынара Батырканова ири суммага ушундай кошулма алып, бирок айыга албай койгон бейтапты эскерди:
- Мурдараак бизде бир аял жаткан. Ал бир фирмадан 80 миң сомго ар кандай биологиялык кошулмаларды сатып алыптыр. Андан оорусу айыкпай эле кайра күчөгөндө бизге келди. Эки эркек баланы жалгыз бакчу. Болгон аракетибизди кылып дарыласак да айыга албай койду. Бир жыл ичинде кайтыш болуп кетти.
Жылына Кыргызстанда рак оорусу менен жаңы катталгандардын саны 6 миң адамга чейин жетүүдө. Ал эми онкологиялык дарттар менен расмий каттоодо тургандардын жалпы саны 25 миңге чукул. Бир жылда залалдуу шишик 3 миңге чукул кыргызстандыктын өмүрүн жалмайт.