Атамдан калган радио

Өз атам Үмөтбай мен төрөлгөндө 70 жашта болгон. Ал үналгыны таң ата электе коюп койчу. Анын айтканы, кылганы, кеңеши биз үчүн мыйзам эле. Үналгыны койгон соң кааласак да, каалабасак да үй-бүлөбүз менен укчубуз. Мен эртең менен көзүмдү ачканымда радио сүйлөп жаткан болот.

Атам өмүрүнүн акырына чейин радио укту. Жаткан диванынын жанындагы дубалга колу жеткидей кылып илип алчу. 2010-жылы жайында дүйнө салды. Ал жылы өлкө үчүн да чоң жоготуу болду. Канчалаган улан-кыздар каза болуп, Ош шаарын кара түтүн каптады.

Техника өнүккөн заманда радиону уккан үй-бүлөлөр саналуу гана. Быйыл кышкы каникулда айылга барсам атамдын радиосун агам үйдөн алып келип, угуп жүрүптүр. “Жакшы нерсе экен” дейт. Ичимден “атадан калган туяк” деген ушу тура деп сүйүндүм.

Мен Кара-Кулжанын Буйга аттуу айылында туулгам. Канча жашымда экенимди эстей албасам да “Азаттык” радио уктуруусунун башталышындагы добушу, “Прагадан сүйлөйбүз” деген жагымдуу үндү, СССРдин эски кол сумкадай болгон кызыл радиону күнү бүгүнкүдөй эстейм. Ошол мезгилде бизде ак-кара түстөгү сыналгы болгон экен. Бирок аны таптакыр эстей албадым. Апама чалып ал дале бар экенин билдим.

Кыргызстанда радио тармагы бир жылдары төмөндөп кетсе, акыркы мезгилде кайрадан жанданып келе жатат. Жергиликтүү радиолор ачылып, замандын талабына ылайык он-лайн аркылуу да өздөрүнүн угармандарын көбөйтүүдө.

Мен атайын убакыт бөлүп, радио укпасам да мүмкүнчүлүк болгондо угуп калам (автоунаада, үйдө жумуш кылып жатканымда). Эки жыл мурун “Кыргызстан обондору” радиосундагы “Тентек Микрофон” уктуруусун үзбөй укчумун. Тамашага салып, ырчыларды конокко чакырып, көңүл ачканы жакчу. Андан кийин күнүгө “Азаттык” радиосунун кечки чыгарылышын жана Би-Би-Сини калтырчу эмесмин.

Менин журналистика тармагына кызыгып, анча-мынча макала жазып, гонорарынын момпосуйуна тоюп жүргөнүмө түздөн-түз өз атам, тагыраагы ошол радио себепкер. "Клооптун" Оштогу он-лайн журналистика мектебине келип калышымдын себеби да жарыядагы Би-Би-Си деген жазуу болгон.

Дастан Үмөтбай уулу