Көз жоосун алган жаңы борбор кургум келет

Бүтүрүүчү катары кайсы кесипти тандоо керек деген ойлор пайда болгон кезде “эптеп эле жогорку билимге ээ болсом болду" деп, жогорку окуу жайын бүтүп алып, иш таппай жүргөндөр көп. Ошон үчүн адашпай кесип тандайлы, балам”, - дейт чоң апам.

Мен телевизордон ар кайсы өлкөлөр, шаарларды көргөндө "биздин шаарлар да ушундай болсо, ушундай шаарда жашасак" деп кыялданчумун.

Кичине кезимде таштандыларды чукулап, андан тапкан тамак-ашты жеп отурган селсаяктарды көргөндө, "эмне үчүн мындай адамдар бар, эмнеге алар башкалардай эле таза жашабайт",- деп чоң энеме көп суроолорду бере берчүмүн. Анан "мен кийин президент болом, бардык селсаяктарга велосипед сатып берем, алар болсо велосипеди менен нан сатып, акча таап, бомж болбой калышат”, - дечүмүн. Чоңойгондо президент эле эмес, ар бир адам өлкөнүн бай жашоосу үчүн күрөшүп, өз салымын кошуусу керек экенин түшүндүм.

Жакында эле жаңылыктардан Кочкордо жана Чүйдө жаңы курулган мектептердин бузулуп калганын көрүп кейидим. Минтип отурсак, өлкөбүз качан байыйт? Керек болсо кылымдар бою кыйшайбай турган курулуштар көп эле го? Мунаралар, пирамидалар кебелбей эле турушат. Техника менен илим жетишип турганда эмнеге бекем, арзан мектеп курууга болбосун? Айтайын дегеним, мен келечекте инженер-архитектор болуп, чет өлкөдөн терең билип алып келүүнү чечтим. Анын үстүнө англис тилин мыкты билем.

Жакында эле "Азаттык+" берүүсүнөн Малайзия тууралуу көрүп, өтө шыктандым. Алар өлкөнүн экинчи борборун салып, көз жоосун алган сонун курулуштарды курушкан.

Казакстанда Астананын курулушу, борбордун көчүрүлүшүчү?

Биздин Бишкекте болсо курулуштар ирээтсиз, башаламан, жапыз, плансыз. Архитектура ушунун баарын көзөмөлдөп, тартипке келтирсе болот эле го.

Мен болсо келечекте көчөлөрү кенен, пландуу салынган кооз имараттары бар, бак-дарактуу, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жаңы борборду кургум келет. Биздин өлкө тоолуу болгондуктан тоолорго да кызыктуу, кооз имараттарды салса болот. Спорт, эс алуучу жайлар, тоо абасын жутуп, ден соолукту чыңдоочу санаторийлер же болбосо малчылар үчүн үйлөр керек. Мунун арты менен туристтерди да көбүрөөк тартса болот.

Ысык-Көл туристтерди көп тартып жатат. Бирок кемчиликтер дале көп. Көл жээгиндеги шаар-кыштактарды ирээттеп, тазалыкты колго алып, жолдорду кеңейтип, биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү чагылдырган курулуштарды салып, сонун жасалгаласа болот.

Анын үстүнө учурда экологиялык жактан таза, энергияны аз сарптаган, ар кыл жаратылыш кырсыктарына чыдамдуу курулуштарды салуу мезгил талабы болууда. Булардын баарын ишке ашыруу мүмкүн деп ишенем. Мен дагы буга өз салымымды кошо алам. Болгону көп окуп, аракеттенүү керек.

Билесиздерби, балдар жомокчусу Ганс Христиан Андерсен кедей өтүкчү менен кир жуугучтун баласы болгон. Байкуш ата-энеси ушунчалык кембагал болгонун мындан билиңиз, Ганстын жылуу кийими жок болуп, ал кышында сыртка чыга албай, үйдө гана отурууга мажбур болчу. Акча жоктугунан ал мектепти дагы бүтүрө алган эмес. Бирок анда билим алуу, өзү каалаган кесипке ээ болуу, адам болуу деген максаты бар эле.

Ганс Христиан өтө чоң тоскоолдуктарды жеңип, көрбөгөн азаптарды көрүп, акыры максатына жеткен. Ал миллиондордун сүйгөн жазуучусуна айланды.

Мен муну айтканымдын себеби, адам кааласа, болгон дитин койсо, өз максатына, кыялына сөзсүз жетет. Албетте архитектура - бул эскиздерди тартуу жана касканы кийип алып, олуттуу түр менен курулушта басып жүрүү эмес экенин түшүнөм. Архитектура көп эмгекти, күжүрмөндүктү, жоопкерчиликти талап кылат.

Мен дагы сөзсүз мыкты архитектор болом. Уникалдуу курулуштарды тургузам. Кыргызстаныма сонун имараттарды салам. Келечекте биз тынчыкта, бай жана гүлдөп-өскөн кооз мамлекетте жашайбыз деп ишенем.

Дастан Алмазбеков, Бишкек шаарындагы №67 гимназиянын 9-классынын бүтүрүүчүсү.