Дача-СУ: ажал түшкөн учак

Дача-СУда каза тапкандардын эстелиги. 2018-жылы 16-январда тартылган сүрөт.

2017-жылы 16-январда Дача-СУ айылына учак кулап, 39 адам каза тапкан.

Бүгүн, 16-январда Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилип жатат. Ага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышууда.

15-январда президент Сооронбай Жээнбеков эки жыл мурда Чүй облусунун Дача-СУ айылында болгон учак кырсыгында жакындарынан ажыраган балдар менен жолукту.

Шейшембиде президент менен жолугушууга Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурлан уулу, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева жакын туугандарынын коштоосунда келишти.

Мамлекет башчы аларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары басылган китептерди белек кылды.

Сооронбай Жээнбеков Дача-Су кырсыгында ата-энесинен айрылган баланы кучактап өөп жатат. 15-январь, 2019-жыл.

2017-жылдын 16-январында эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн.

Дача Су. 16-январь, 2017-жыл

Кырсык аба майдандын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургунунун, андан тышкары учактагы төрт учкучтун өмүрүн алган. Буга байланыштуу 17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Каза болгондордун сөөгүн көтөрүп бараткан куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл.

Ошол кезде айтылган маалыматтар боюнча, Түркияда катталган MyCargo компаниясына таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учкан.

Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Ал учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш болгон.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) алдын ала отчетунда белгилүү болгондой, авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон.

Мындан тышкары конуу учурунда капитан байланыш жоктугу тууралуу маалымат айтып, андан кийин "flare автопилот" режимине өтүп, жарым секундадан кийин экинчи айлампага кетүү тууралуу кнопка басылганы катталып калганы жазылган.

Дача СУ. 16-январь, 2017-жыл.

«Бул аракет кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн, кнопка басылгандан 3,5 секунддан кийин учак кырсыкка кабылган. Ошол кезде учактын ылдамдыгы 165 узелди (саатына 305 чакырымдай ылдамдыкты) түзгөн", - деп белгиленген отчетто.

МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерлерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле кыргыз тарапка учуу коопсуздугун жогорулатуу сунушун берген.

Ал эми Дача-СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары менен бир нече ирет митингге чыгышкан.

Дача-СУ конушунун тургундары. 14.03.17

Расмий маалымат боюнча кырсыктан кийин айылдагы 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган.

Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген.

Кырсыктан жабыркагандарга элден жардам чогултулган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, ӨКМдин атайын эсебине 102 млн. 160 миң 180 сом түшкөн.

Кырсыкта жакынын жоготкондор эскерүү митингинде. 16-январь, 2018-жыл.

Өкмөт чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлгөнүн, жети жаран үй-жай алганын айтканы менен коопсуздук чараларынан улам кимге канча акча тийгени ачык көрсөтүлбөй турганы белгиленген.

Ал эми жүк ташып бараткан түркиялык авиакомпания кенемте төлөп бергенин учурдагы өкмөт башчы, ошол кезде кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиев кабарлаган.

- Акчалай жардамдарды каза болгондордун жакындары өздөрү бөлүштүрдү. Түрк компаниясы төлөгөн кенемтенин суммасы курман болгондордун жакындарынын каалоосу боюнча ачык айтылган жок. Кенемтенин суммасы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй деңгээлде төлөндү, эч ким нааразы болгон жок, - деген Абылгазиев.

2018-жылдын 13-январында Дача-СУ айылында учак кырсыгынан каза тапкандардын эстелигинин ачылышы болгон.

2018-жылы 26-июнда Жогорку Кеңеште Эл аралык авиация комитети менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы авиакырсыктардын алдын алуу жана аларды чогуу иликтөө тууралуу келишим талкууланган.

Ошол кездеги транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул жыйында “Манас” аэропортунун жанында кулаган “Боинг” учагында Кыргызстандын жарандарынын жүгү жок болгонун билдирген.

Анын айтымында, учак кулаганда ташылып келаткан жүк күйүп кеткен. Ал эми учактан учкучтары отурган кабинетте табылган документтер боюнча Украина, Израил, Испания сыяктуу өлкөлөргө таандык жүк ташылып келе жаткан. "Жүктүн ээлеринин арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес”, - деп билдирген Калилов.

Бирок эл арасында Дача СУга кулаган учактагы жүктүн аттуу-баштуу айрым адамдарга таандык болгону айтылып келет.

Дача СУда жакындарын жоготкондо. 16-январь, 2018-жыл.

Өткөн жылдын 11-октябрында өткөн парламент жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Дача-СУга кулаган учак маселесин көтөрүп, кырсыктын айрым жагдайлары ачыкка чыкпай, жүргүнчүлөрдүн саны, куткаруучулардын кечиккени, жүктүн ээси боюнча ар кандай кептер бар экенин эске салган.

- Учакта кимдин жүгү болгон? Бул боюнча ар кандай сөздөр чыккан. Ошол боюнча иликтөө болуп жатабы, жыйынтыгы чыгабы? Ушул суроолорго, айтылып жаткан фактыларга көңүл буруп койсоңор, -деген Төрөбаев.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү фактыларды тактап, маалымат берилерин айтышкан. Бирок ушул күнгө чейин жооп жок.

"Азаттыктын" архиви: Кандуу жүк кимге таандык. 2017-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​