Заманбап сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнөн чуу чыкты

Көргөзмөгө кюлган сүрөттөрдөн.

Бишкектеги “Цех” өнөрканасындагы заманбап сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө коюлган сүрөттөрдү Маданият министрлигинин көркөм өнөр боюнча эскперттик комиссиясы текшергени жатат.

1-августта айрым жарандык жаш активисттер көргөзмөгө нааразы болуп аталган министрликке кайрылуу жолдоду. Анда сүрөттөр кыргыз улутуна, улуттук белгилерге жана баалуулуктарга шек келтиргени айтылат.

Ал арада социалдык тармактарда да кызуу талкууну жараткан көргөзмө жабылып калганы маалым болду.

Көргөзмөдөгү сүрөттөрдө калпакчан, элечекчен жана жоолукчан адамдар түрдүү образдарда чагылдырылган. Бул көргөзмөгө байланыштуу талаш-талкуу оболу социалдык тармактарда тутанды. Мындан улам айрым жаш жарандык активисттер чогулуп алып Маданият жана маалымат министрлигине барышты.

Министрликте алар оболу Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Болот Осмоновго жолукту. Осмонов жарандык активисттерге кыргыз мыйзамдарына ылайык, ар бир жарандын чыгармачылыкка укугу бар экенин, искусстовону чектөөгө болбосун, бирок сүрөттөрдүн мазмуну боюнча кайрылуу болсо комиссия текшерип корутунду чыгарып берерин түшүндүрүп жатты. Негизи талкуу кызуу жүрдү:

- Эгер кайрылсаңар көркөм өнөр боюнча эксперттик комиссия түзүп беребиз. Алар көргөзмөдөгү сүрөттөр мыйзам чегиндеби, улуттук намыска шек келтиреби, же жокпу, эл аралык жаңжалды козуттубу, порнографиябы деп корутунду чыгарып берет. Бирок жигиттер, мына интернетке кирип дүйнөдөгү эң чоң музейлерди ачып карагыла, же болбосо коңшу казактардын жана өзбектердин деле музейлерин көргүлө. Улуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышкыла. Алардын сүрөттөрүнүн жанында бул болбогон нерсе болуп калат. Мына мыйзамда ар бир жаран чыгармачылыкка укугу бар деп турат. Анда биз дүйнөлүк маданиятка тиешебиз жок деп тегерегибиздин баарын тосуп алып сакал коюп, дамбал кийип жүрө берели.

Көргөзмөгө нааразы болуп министрликке кайрылгандар арасында "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү Айбек Мырза да бар:

- Биздин оюбузча, биринчиден адамдын психикасына туура келбеген сүрөттөр тартылган. Экинчиден, кыргыз элинин каада-салтына, үрп-адатына туура келбеген, ылайыксыз, улуттук белгилерибизди басмырлаган сүрөттөр тартылып жатат. Жылаңач кыздын, элечек кийген энелердин кебетесин коркунучтуу кылып тартып, калпактарга жөргөмүштүн сүрөтүн түшүрүп, калпакчан аксакал менен энебизди бири-биринин кулагын жалатып, кыскасы улуттук ар-намыска шек келтирген көп сүрөттөр коюлуптур.

Жарандык активисттерди маданият жана маалымат министри Камила Талиева да кабыл алды. Министр коомчулукта нааразылыкты жаратып жаткан сүрөттөрдү көркөм өнөр боюнча эксперттик комиссияга текшертүүнү убада кылды.

Ал арада заманбап сүрөтчүлөрдүн чуу жараткан көргөзмөсү жабылып калганы маалым болду. “Цех” өнөрканасынын өкүлү көргөзмө эмне себептен жабылып калганынан кабары жоктугун айтууда:

- Биз бул көргөзмө үчүн жөн гана имарат бердик. Ал эми көргөзмөнү уюштуруу жана коюу боюнча башка адамдар, ошол сүрөттөрдүн авторлору иштеди. Көргөзмө бир канча күн болду. Сиз фейсбуктан ошол сүрөттөрдүн авторлорунун бири Евгений Макшаков дегенди таап, анын менен байланышып, эмне себептен көргөзмө жабылганын өзүнөн сурасаңыз.

Көргөзмөдө Евгений Макшаковдон сырткары Тарас Пиз, Кристина Глазунова өңдүү авторлордун “Семен Чуйков атындагы батальон”, Докса арт тобунун чыгармалары коюлган. Көргөзмөгө эмгеги коюлган адамдар менен байланышып, өздөрүнүн пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

Наталья аттуу заманбап сүрөтчүлөрдүн бири көргөзмөнүн кысымга алынышын сынга алды:

- Негизи искусстово бул эркин тармак да. Эми көргөзмөнүн жабылышын талап кылгандар эртең, балким сиз экөөбүздү маселен паранжы гана кийип жүрсүн деп чыгышы да ыктымал. Бул эми конкреттүү бир адамдардын пикири да. Көргөзмөнүн жабылып калышы өтө өкүнүчтүү. Адатта көргөзмөлөр эркин эмес өлкөлөрдө гана жабылчу эле.

Мындан эки айдай мурун ушул эле жаш жарандык активисттер июнь коогасы боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Бишкектеги сүрөт көргөзмөсүнө каршы нааразылык акцияга да чыгышкан эле.