Акын Айгүл Узакованын аялуу дүйнөсү

Акын Айгүл Узакова узак жылдардан бери чыгармачылык түйшүгүн моюнга көтөрүп келет. Анын аял дүйнөсүнөн сызылып чыккан ырлары, башкалардан сезимталдуулугу менен айырмаланып турат.


Тымып бүткөн сезимди кымтыланам...

Дыбыратпа тереземди күзгү жаан,
Чуркап чыкчу кездерим алыс калган,
Мезгил деген агызып, зор дайрага,
Анан мен аны күтпөй калганым качан?
Дыбыратпа жүрөгүмдү күзгү жаан,
Тамчыларың неге шок тынчыбаган?
Тыңшап-тыңшап бейоопа дыбырыңды,
Анан тымып бүткөн сезимди кымтыланам.


Кээде таланттын пайда болушун туулган жерге байлайбыз. Балким, бул чындыр. Акын Айгүл Узакова касиеттүү Көлдүн кызы. Балалыгы Бостериде өтүптүр. Акын ошол кумдуу жээкти, кыйуулаган ак куулардын үнүн өмүрү өткүчө сагынып жашарын айтты:

- Бостеринин тоолорунда, көгүлтүр Көл жээгинде бактылуу балалыгым өткөн. Бактылуумун деп ооз толо айта алам, анткени кенедей кыйынчылык көрбөй өстүм. Азыркы кезиме караганда балалыгымдын тагдыры бактылуу болуптур. Анан кээде бакыттын баарын балалыгыма үйүп койбой, карыган кезиме деле үйлөштүрүп койсо болмок деп өкүнүп кетем.

Бала күнүндө аябай тентек болуптур. Ээлигип, бир орунда тура алчу эмес экен. Көрсө көкүрөктө өнүп аткан ыр үрөнү уйгу-туйгу кылчу тура:

- Эмнегедир ээлигип турчумун. Ата-энем, жеңелерим шоктук деп көңүл бурбаган экен. Азыр ойлосом, көкүрөктөгү айтылбай жаткан нерсе шоктук менен чыгып кетсе керек. Азыр деле ыр жазылганга чейин түтөп, анан ыр жазып алгандан кийин карыганымды унутуп, шоктонуп кетем.

Бир сүйүүнү жоктоо

Акын Айгүл Узакованын калем кармаганына быйыл 40 жылдан ашуун убакыт өттү. Анын чыгармачылык чыйыры тээ 70-жылдары, күз айында Беганас Сартов жетектеген “Тоо жылдыздары” адабий ийриминен башталган экен. Андан бери далай суулар акты. Ошол жылдары туулган ымыркайлардын асты азыр очор-бачар. Ал эми акын жалгыз уулу Нурдинди медер кылып, жалгыздыкта жашап келет. Балким буга ырды тандап кеткени себеп болгондур?

- Тагдырга жазылганы ушундай болсо керек. Анткени мен ырдын артынан сая түшүп, турмуш курбай калдым деп эч качан айтпайм. Антсем, эчак Эл акыны болуп, төгүлүп-чачылып кыйратмакмын деп ойлойм. Албетте, 4-5 балаң болсо, бакыт да. Ал жагынан өкүнөм. Бирок күйөө жагынан түк өкүнбөйм. Анткени өз көңүлүңдөгү адам менен жашабагандан кийин ар кандай адам менен жашагандын эмне кереги бар?

Бирок, акын жазган ырлардан алда кимге болгон тунук сезим жашайт. Сизге деген саптар көп кездешет. Ал табышмактуу мырза ким болгон?

Экөөбүздү эч ким айтпайт экөө деп,
Өзүбүз да аны эсепке кошпойбуз.
Бир өмүрдө эки башка жол менен,
Бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз.
Эч ким бизди куттуктабайт гүл берип,
Ак көшөгө тартылбайт мага деле,
Жалкы тагдыр жөнүндө көп жорушар,
Биз тымызын кайылбыз ага деле...


- Өзүм жазган ырларды окуганда бир кишинин сөлөкөтү көрүнөт. Ал ким экенин деле билбейм. Балким чогулма образдыр. Бирок, конкреттүү образ жок. Анан эмнеге “Сизге” деп жазам? Бу эркек акындарга Элмирага, Назгүлгө, Накинайга деп жазса жараша берет экен. Ал эми мен кантип Курманбайга же Ташматка деп жазам? Биринчиден, батынбайсың, экинчиден, жарашпайт деле...

Небере күткүм келет...

Азыр акындар арасында бирөөгө арнап ода жазмай күчөп кеткени маалым. Айгүл Узакова да жарык көрбөй жаткан ырларын чыгарыш үчүн меценат издеп, көрүнгөн эшикти жыртты бекен?

- Том-том китеп чыгарган жокмун. Дараметим ошондой болсо керек. Бейшенбек Бекешов айткандай жупкадай 4 китебим бар. Ошону да топтоп чыгарып койгонума сүйүнөм. Том-том ырларды жазыш үчүн ошондой дарамет керек, ошондой каражат керек дегендей. Мен өмүрдү жакшы көрөм, кыргыздарды жакшы көрөм. Кыргыздын өсүп келе жаткан жигиттерин сыйлайм. Бирок, эми ушул жашка келгиче байыбаган, миллионерди мактасам эле байып кетмек белем? Менин байлыгым ден соолук, элимдин амандыгы. Анан небере деген эмне экен деп кармалап көрсөм, небере жөнүндө ыр жазсам деген тилегим бар. Менин курагымдагылардын баары чөбөрө көрүп калышты. Мен шашпай эле келе жатам...

Жаштыгы жок жашаганга көнөйүн

Акын жана аял. Турмуш түйшүгү менен чыгармачылык түйшүгү. Экөөн бирдей алып кетүү кандай оор. Аял киши дайыма жанына жөлөк болчу бирөөнү издейт тура. Бирок, андай адам жолукпасачы же сезимиңди тебелеп, сатып кетсечи? Анда айла жок, тагдырга багынып жашай бересиң. Айгүл Узакова да тагдырдын айтканы менен болуп, өзүнө-өзү жөлөк болуп жашап келет. Бул ырды бир кезде өзүнө, жүрөгүнө арнап жазган экен:

Күнгө жакын көчүп кеттим чыгышка,
Күйүп бүткөн жарты өмүрдү жүктөнүп,
Кыйбас кездин калды кымбат барагы,
Кыйгачталган тагдыр менен бүктөлүп.
Кыйналсам да кыйбас жаштан бөлүнүп,
Күткөн үмүт сени жаман дебейин,
Жаз жадырап кирип келсе бир күнү,
Жаштыгы жок жашаганга көнөйүн.