Татаал экендиги ар кимибизге маалым, аны кайталап айтып отурбайлы - Токобуз өзү айткандай, жети жылы Сибирде кен казып, тайгада темир жол куруп азап чегип, акыры эли-жерин көздөй жөө качып, бирде кайырчынын, бирде жолоочунун кейпин кийип, акыры туулуп-өскөн Кетмен-Төбөсүнө жеткени - айтканга оңой, жасаганга кыйын. Бирок Токобуз канткен менен бактысы тоодой адам экен - тирүү кезинде эл оозундагы улуу легендага айланыптыр, артына Алымкул менен Калык баштаган шакирттерин, акындыктын, комузчулуктун чоң мектебин калтырыптыр.
Токобуздун жылдызы Совет мамлекети орногондон кийин жаркырап ачылды. Жеке турмушу мурункудай эле оор бойдон калса да, ысымы жаңы доордун символуна, улуттук кайра жаралуунун тирүү мисалына айланды.
Токтогулдун башка замандаш акындардан жана комузчу-төкмөлөрдөн айырмасы - ал универсалдуу, б.а. көп кырдуу талант болгон экен. Теңдешсиз акын, улуу комузчу, шаңшыган ырчы, саясий идиреги өтө күчтүү ойчул, санатчы, төкмө, куудул жана башка.
Тилекке каршы, Токтогулдун үнү, чыгарган обондору эч бир жазылган эмес. Бирок анын ырчылык манерасын, обонун, ыр ырдагандагы мотивдери менен мелодикасын айрыкча Алымкул акын абдан жакшы сактап калган экен.
Токобуздун обонун айтылуу ырчы жана төкмөбүз, ошол эле Алымкулдун шакирти Эстебес Турсуналиев да аткара калып жүргөнү баарыбызга маалым. Мисалы, Райкан Шүкүрбековдун сөзүнө жазылган жалпыга белгилүү “Кыз, жигит” аттуу адабий-музыкалуу чыгармада Эстекебиз Токтогулдун обонуна салып, “Чоң кербезди” черткен жана ырдаган жери бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал эми Токобуздун атактуу “Келгендеги кербезим” аттуу классикалык ыры бизге Муса Баетовдун аткаруусунда, дагы бир обону, музыкалык мотиви Алымкул Үсөнбаевдин аткаруусундагы “Гүлдөп ал” ыры аркылуу жетти. Кыскасы, Токтогулдун бир катар ырчылык кайрыктары, мотивдери анын шакирттеринин, ошол шакирттердин артынан ээрчиген окуучуларынын аткаруусунда биздин заманга чейин келди.
Тагдыры канчалык татаал, жеке турмушу ушунчалык кейиштүү болсо да, улуу акындын, чебер музыканттын мурастары кыргыз маданиятынын алтын казынасында азыр да сакталып турат. Сиздер уккан музыкалык чыгармалар да ошол кыргыз радиосунун алтын казынасынан алынды. Тилекке каршы, мындай тагдыр атактуу Калыгул олуянын да, ак таңдай акын жана комузчу Арстанбектин да бактысына туура келген жок. Таалайсыз өмүр өтөсө да, Токобуздун тарыхый тагдыры аябагандай бактылуу болду дегенибиздин себеби да ушул эле.
Бир кезде Алыкул Осмонов минтип жазган экен:
Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим…
Токтогул Сатылган уулу да да алда недей оор өмүр өтөптүр, бирок өмүрү өтсө да, өнөрү өлбөптүр, сөзү менен музыкасы, ал жөнүндөгү легенда жаңы өмүргө ээ болуптур. Ошентип, улуу акын өлбөстүктүн өркөчүнө минип, түбөлүктүүлүктүн буурасын буйлалаптыр…
Токобуздун чыгармалары, айткан сөздөрү, обондору азыр да ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Токобуз канткенде бактысы тоодой адам экен деп ушул музыкалык ревьюнун баш жагында кеп кылганыбыздын себеби да мына ошол эле…