Куудулдар куугунтукка кабылдыбы?

Куудул Талант Анарбаев концерт учурунда (оңдо)

Февраль айынын башынан тарта жер-жерлерге өнөрүн көргөзө баштаган куудул Талант Анарбаев аймактык айрым маданият үйлөрүнүн жетекчилери ага бут тосуп жатканын айтып чыкты.

Жергиликтүү өнөркана башчылары болсо бул дооматтарды төгүндөшүүдө.

Маданият министрлиги ар кандай жаңжалдарга түрткөн, жеке адамдын аброюна шек келтирген көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында маданий иш-чаралар өтчү өнөрканаларга видеокөзөмөл орнотууга киришти.

Байкоочулар муну парламент трибунасында көтөрүлгөн куудулдар маселесинен кийинки жаңжалдын уландысы катары баалашууда.

Куудул Талант Анарбаев социалдык түйүндөр аркылуу мамлекеттик машина ар кандай шылтоолор менен куудулдарга куугунтук кылуу аракетин баштап, кысымга алып жатат деген билдирүү таратты:

Талант Анарбаев

- 9-февраль күнү Ноокатта концерт коймокпуз. Мурда концерт бергенде ижара акыга деп он беш пайыз алчу. Азыр болсо 600 орунга алдын ала акча төлөйсүңөр деп айыл өкмөтү койдурбай койду. Ал Бакыт деген жигит экен. Агасы Ак үйдө президенттик аппаратта иштейт дешти. Гүлчөдө УКМК кызматкерлери, кылмыш издөө бөлүмүндө иштегендер келип концертибизди камера менен тартып “этияттагыла, бизге жогору жактан айтылды” дешти. Андан сырткары Ош шаарында 11-12-февралда жаңы программадагы “Кышта кычыраган күлкү” деген төртүнчү концертибизди берейин деп жатканбыз. Аны да УКМКдан чалышты деп драма театрдын директорунун орун басары билет саттырбай коюптур.

Анарбаевдин айтымында, кимдир бирөөлөр жарнамалык баннерин да алып салган.

Ош академиялык драма театрынын директорунун орун басары Шералы Бекташов болсо “Азаттыкка” куудулдун концерти кимдир бирөөнүн тоскоол болгонунан эмес, эл келбей калганынан улам өтпөй калганын айтты:

- Бизге УКМК эмес Маданият министрилиги гана команда бере алат. "Анарбаевдин концертин койдурбагыла" деп эч ким команда берген эмес. Биринчи күнү жети билет саткан экен өздөрү концертин токтотуп коюшуптур. Мен ал күнү театрда жок элем. Мага администратор кабарлады. Экинчи күнү мага кассир чалып “эки билет гана сатылды, концерт бүгүн да коюлбай калат окшойт” деди. Эми алар концертин коебу же койбойбу өздөрүнүн иши да. Бизге бут тосуп, билетин саттырбай коюп эмне азап? Тескерисинче, театрга эл көп келип, ижарадан акча тапсак жакшы да.

Шералы Бекташов жогорудагы сөзүнүн чын экенине театр жамаатынын жарымы күбө өтөрүнө ишендирди.

Борончу Кудайбергеновдун концерттеринин биринин афишасы

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Кундуз Качкынбаева министрлик маданият үйлөрүндө өтө турган бир да концертке тыюу сала албай турганын, бирок жакында министрлик бул жаатта атайын буйрук чыгарганын айтты:

- Ал буйрук боюнча улуттар аралык жаңжалга алып келбеген жана адамдын жеке аброюна шек келтирбеген сатиралар ойнолушу керек. Ошондой чыгармалар аткарылышы зарыл. Буйрук менен концерт коеюн деп келген инсан таанышып, келишимге жогорудагы шарттарды аткарам деп кол коюп берет. Эгер макулдугун берип жогорудагы шарттардын бирин буза турган болсо, анда бул жоругу үчүн чара көрүлөт.

Маданият министринин өкүлү ар бир маданият үйүнүн сахнасында коюлган чыгармаларды жазып турган видео камералар орнотулуп жатканын да белгиледи:

- Видеого тартуу боюнча министрдин буйругунда көрсөтүлгөн. Бардык театралдык оюн-зоок мекемелерине видео көзөмөл коюлат. Ал болуп өткөн концерт, кечелердин баарын тартып турат. Биз ушул жол аркылуу ал концертте кандай мыйзам бузуу болгонун далилдеп бере алабыз. Ушул видео аркылуу биз келечекте фонограмманы да жоёбуз деп ойлойбуз.

Качкынбаева бул буйрук өткөн жумада күчүнө киргенин, учурда Ош академиялык драма театрында видео камера бар экенин кошумчалады.

Акын Нурлан Калыбеков мындай көрүнүштөрдү чыгармачылыкты чектөө деп, “бөрк ал десе баш алып жаткандардын” осолдугу катары баалады:

- Классикалык адабиятта “Король жана шут” деген түшүнүк бар. Падышалар ар кандай кырдаалдарда элдин маанайын көтөрүү үчүн жанына маскарапоздорду алып жүргөн. Аны биздин кыргыз интеллигенциясы таптакыр түшүнбөй калганбы? Биздин бийлик башындагылар ушунчалык сабатсызбы? Депуттатыкка такыр китеп окубагандар келгенби? Мен таң калып жатам. Элчи менен ырчыга өлүм жок дешчү эмес беле. Эми эмне күлбөй да коелубу? Бул деген демократияны муунтуу да. Мен куудулдарды колдоп жатканымды эмес, мамлекеттик деңгээлде шерменде болуп жатканыбызды айткым келет. Жан-жөкөрлөрү ушундай кылып жатканын президент Атамбаев өзү билер бекен? Эми тийише электери куудулдар эле калыптырбы?

Калыбеков ошол эле учурда сатиралык юмор өтө назик жана каймана болушу шарт деп эсептейт.

Коопсуздук комитети болсо куудулдарга байланыштуу чыккан жаңжалдан улам өзүнө айтылып жаткан дооматтарга комментарий бере элек.