Ачык асман алдында Алыкулду эскерүү

Алыкул Осмоновдун бедизи

Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын алдында китеп күнүнө карата “Китеп - адамзаттын рух азыгы” аттуу көргөзмө жана “Алыкулга таазим” аттуу поэзия кечеси өттү.

Ыр кеченин таасиринен улам толкунданып турган Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова салтанаттын жүрүшүндө бизге кыргыз эли табиятынан көркөм адабиятка, китепке жакын экенин кеп салып берди:

- Биз китепти сүйгөн элбиз, акын жандуу элбиз. Ошондуктан табият бизге "Манас" эпосун, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовду бериптир. Менин “Бактылуумун” деген ырым бар. Ал мындай:

Замандашы болуп улуу Чыңгыздын,

Сүйүп окуп Сүйүнбайдын, Алыкулдун ырларын.

Мен китепсиз элестете албаймын,

Бул өмүрдүн ырахатын, жыргалын...

Гүлсайра Момунова өз сөзүн бала кезинен китепке жакын болуп өскөндүгүнөн улам чыгармачыл киши болуп калганын айтат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ачык асман алдында өткөн поэзия кечеси

Жаш калемгер Садырбек Турдубек бүгүнкү китеп күнүнө карата улуу муун өкүлдөрүнүн келип, поэзия кечеси аркылуу китептин баалуулугун даңазалап жатканы кийинки муун үчүн өрнөк болорун белгиледи:

- Быйыл Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгы эмеспи. Андыктан анын чыгармачылыгына арналган мындай кечелер көчөдө эле эмес, чоң маданий үйлөрдө да өтсө жакшы болмок. Алыкулдун ырлары бир эле окуса түшүнүп кала турган ырлар эмес. Анын поэзиясы өтө терең. Ошондуктан Осмоновдун ырларын кайра-кайра окугуң, уккуң келет. Мындай кечелер бизге керек.

Улуттук китепкананын директорунун орун басары Рыскулбек Буларкеевдин айтымында, учурда Алыкул Осмонов атындагы китепканада 97 тилде, 6 миллионго чукул китеп бар.

- 1-апрелде биздин китепканага өкмөт атайын токтом менен Алыкул Осмоновдун ысымын берди. Бүгүн анын бет ачары, ошол эле учурда китеп майрамы. Экинчиден, быйыл ыр күйөрмандарынын арасында Осмоновдун жүз жылдыгы белгиленип жатат.

Буга чейин Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана Ленин атындагы китепкана деп аталып келген.

Мындан сырткары Рыскулбек Буларкеев китепкана тарабынан поэзия кечеси менен катар өтүп жаткан “Китеп - адамзаттын рух азыгы” аттуу көргөзмөдө бардык кыргыз акын-жазуучуларынын акыркы мезгилде жарык көргөн китептери коюлганын белгиледи. Ошол эле учурда ал Улуттук китепкана өзүнүн чакан басмаканасынан китепканалар үчүн усулдук колдонмолорду да чыгарарын белгиледи.