Жаштардын башын кошкон жармаңке

“Бишкек парк” соода борборунда маданият жармаңкеси уюштурулуп, ондон ашуун мамлекеттин өкүлдөрү өз маданияты менен тааныштырды.
Кесипкөй жаштардын эл аралык ALESEC уюму “Бишкек парк” соода борборунда өткөргөн “Маданият жармаңкеси - 2013” иш-чарасына Тайван, Кытай, Индонезия, Украина, Чехия, Польша, Нидерланд, Пакистан, Өзбекстан, Орусиядан келген ыктыярчы студенттер катышты. Алар өз өлкөсү жөнүндө кенен маалымат беришип, жаратылышы, каада-салты, кооз буюмдары, улуттук кийимдери менен тааныштырды.

Лайен Амери аттуу кыз Индонезиядан келген. Ал эки ай Ысык-Көлдө балдар лагеринде ыктыярчы болуп иштеп, жармаңкеде өздөрүнүн каада-салты, тамак-ашы, туристтик жайлары жөнүндө айтып берди.

- Биз өз маданиятыбызды тааныштырып эле тим болбостон, башка элдердин маданияты, каада-салты менен да таанышканыма кубанычтамын. Аз убакыт аралыгында кыргыздардын үрп-адатын көрүп, маданияты тууралуу көп маалымат алдым. Мен Кыргызстанды ушунчалык сүйүп калдым.

Маданият жармаңкесинде улуттук кийим, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынан башка билим алуудагы жаңы заманбап технологиялар да коюлган. Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын координатору Айгерим Курманалиева АКШнын билим берүү тармагы менен кызматташуусу жөнүндө кенен маалымат берди.

- Касымалы Баялинов атындагы китепканадагы АКШ борборун тааныштыруудабыз. Бул жерде англис тилин үйрөтүү боюнча китептер, электрондук, аудио китептерди көргөзүп атабыз. Бул китептердин бардыгын биздин китепканада окурмандар бекер колдонсо болот. Ошондой эле АКШнын шаарлары, туристтик жайлары жөнүндө да бизде кенен маалымат бар.

Айгерим Курманалиева АКШнын элчилиги менен китепкананын ортосундагы долбоор он жылдан бери үзүрлүү иштеп келатканын белгилеп, англис тилин бекер үйрөтүүгө Баялинов китепканасындагы борбор көмөк көрсөтөрүн айтты.

Индонезиядан келген Лайен Амери

Зейнеп Бопоева жармаңкени уюштуруу себебине токтолду.

- Бул жармаңке отчеттук болуп эсептелет. Себеби биз жыйырма мамлекеттен волонтер студенттерди алып келгенбиз. Алар эки ай бою Ысык-Көлдөгү балдардын төрт лагеринде иштеди. Ал жерде балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары да болду. Мына ошол иштин жыйынтыгында волонтер студенттер өз мамлекетинин туристтик жайлары, маданияты менен Бишкектин тургундарын тааныштыруу максатында ушул жармаңкени уюштурдук.

Зейнеп Бопоева мындай жармаңкелер Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө зор салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, ALESEC уюмунун чакыруусу менен жыйырмага чукул мамлекеттен студенттер өз каалоосу менен жеке каражаттарына ыктыярчы болуп келген. “Алар өз мамлекеттерине барганда Кыргызстан тууралуу кенен маалымат берип, дос-тааныштарын кийинки жылы бул жакка тартышарын, өздөрү да келишерин айтышууда. Уюмдун иши эки жылдан бери кыйла жанданып, быйыл ыктыярчылар көп тартылды”, - дейт Зейнеп Бопоева.

ALESEC уюмунун көмөгү менен Кыргызстандын студенттери да өз каражаттарына Бразилия, Кытай, Польша жана башка мамлекеттерге ыктыярчы болуп барып келишүүдө.

ALESEC - кесипкөй жаштардын эл аралык уюму. Ал жаштардын лидерлик дараметин өнүктүрүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге ар улуттун маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын тааныштырып, эс-тутумун өстүрүп, толеранттуулук, бири-бирин жакындан түшүнүү, улуттардын биримдигин чыңдоо максатын көздөйт. Аталган уюмда 113 мамлекеттин 50 миңден ашуун мүчөсү бар. Жыл сайын 50 миңге чукул эл аралык стажировканы уюштуруп, 500дөн ашуун конференция өткөрөт. Кыргызстан бул уюмга мындан жети жыл мурда мүчө болуп кирген.