Ал чебер комузчу гана эмес “Сезимдеги толгоо”, “Боз салкын” жана башка күүлөрдүн автору катары белгилүү болчу. Адистер Орозалиеваны кыздар арасында күү чыгарган кашкөй өнөрпоз катары баалашат.
Нурзат Орозалиева күүлөрүндө эч кимге айтып бере албаган көңүл сырларын, жан дүйнөсүндөгү толгонууну комуз кылдары аркылуу баяндап берип жаткансыйт.
"Акак" комузчулар ансамблинин жетекчиси, Нурзат Орозалиева менен көп жылдар бою кесиптеш болуп келген Ирина Сүйөркулова маркумдун күү чыгарган өнөрүндөгү өзгөчөлүгү тууралуу мындайча кеп салды:
- Деги эле тарыхта күү чыгарган аял киши болбоптур. Нурзат Кудайдын бизге берген бирден бир белеги эле. Болгондо да күүлөрү кандай гана керемет. Мен комузчу, адис катары айтсам, ал чыгарган күүлөрдү угуп отурсам, ал ар бир күүсүндө кыргыздын бардык ыкмаларын колдонгон экен. Оң колдо да, сол колдо да ал техникаларды чеберчилик менен пайдалана билген. Күүлөрүндө комуздун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланган.
Иринанын айтымында, Нурзат Орозалиева консерваторияда сабак берип жүргөндө өзүн эң мыкты педогог катары көрсөтө алган. Чоң кара күүлөрдү черткенде аны баяндап, өзүнүн чеберчилигин кошуп көрктөнтүп жибергенин, күүчү катары өзгөчөлүгү, тапкычтыгы, изденгени тууралуу кенен кеп кылды.
Таанымал комузчулардын бири Рахат Көчөрбаев ушул тапта кыргыз элинде күүчүлүк өнөрдү аркалаган чоң комузчулар сейрек экенин белгилеп, Орозалиеванын адистик жөндөмүнө мындайча токтолду:
- Нурзаттын комуз чертүүдөгү ыкмасы ал терип чертет, кагып чертет, шилтеп чертет. Бул өнөрдүн ушундай чоң-чоң ыкмалары бар. Нурзат өзүнүн комузчулук өнөрүндө бул ыкмаларды кеңири пайдаланган. Анан комузчулук өнөрдө "алым сабак" деген дагы бир жакшы жанр бар. Мында комузчулар бирин-бири улап чертип, туурап чертип, керек болсо мүдүрүлтүп чертишет. Нурзат ошондой жанрды да өзүнө алып жүргөн.
Нурзат Орозалиеванын аткаруусундагы Ыбрай Тумановдун "Боз салкын" күүсү.
Көчөрбаев дагы Орозалиева кыргыздын башка залкар комузчу кыздарынан күү чыгара билгени менен айырмаланганын белгилеп, "бул анын кайталангыс талант болгондугун тастыктайт" - деди.
Эл артисти Элмирбек Иманалиев комузчулук өнөрдүн тарыхына учкай токтолуп, Орозалиеванын жалпы эле комузчулук өнөргө жасап кеткен эмгегине баа берди:
- Ал комуз өнөрүн кайсы бир бийик тепкичке алып чыкты десек болот. Анткени ал ЭлТР телеканалы аркылуу комузчулардын күнүн белгилөөгө катышып, жеке өзү канчалаган комуз күүлөрүн жаздырып, жаш комузчуларды көпчүлүккө алып чыгып, көрсөтүп, тааныштырууда көп эмгектерди жасады. Бул эмгектери эч качан жерде калбайт.
Нурзат он бир туугандын эң кичүүсү болчу. Ал алгач Караколдогу музыкалык окуу жайдан комуз үйрөнүп чыгып, кийин Бишкек шаарындагы консерваториядан окуусун уланткан.
Маркумдун эжеси Мая Акматбекованын айтымында соңку жылдары оору менен алышып жүргөн:
- Турмушка чыккан. Бир кызы бар. Азыр он эки жашта. Бул ооруга беш жыл мурда кабылган. Беш жыл мурун дарыланып сакайып кеткен. Кайра былтыртан баштап козголуп, аны менен алышып жатып акыры көзү өттү. Март айында акыркы концертин, өзүнүн чыгармачылык кечесин берген.
Нурзат Орозалиева 1975-жылы 27-октябрда Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. 2019-жылы 10-ноябрда 44 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Кыздардан чыккан биринчи күүчү өз ишмердүүлүгүндө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин, былтыр болсо Кыргыз Республикасынын президентинин ардак громатасын алган.