Жаш комузчулардын Сочидеги жеңиши

Бишкектеги №13 гимназия мектебинин "Санат" комузчулар ансамбли Сочиде өткөн конкурс-фестивалда баш байгени жеңип алышты. Конкурстун жыйынтыгында ар кандай номинацияда алдыңкы болгон жаш комузчулар тобу эми Санкт-Петербург шаарында өтө турган фестивалга катышууга чакыруу алды.

Ансамблди билим берүүнүн мыктысы, музыка мугалими Табани Кожоярова жетектейт. Ал конкурска Орусия аймагынан жана Борбор Азиядан келген беш жүздөн ашуун таланттуу жаштар катышканын кеп кылды:

- Конкурска баргандардын дээрлик көбү консерватория, музыкалык мектептердин окуучулары экен. Тактап айтканда, бизге музыка жаатында атайын билим алып жаткан келечектеги адистер атаандаш болду. Мен өзүм музыка мугалими болгонум менен 13- мектеп англис тилин окутууга багытталган эмеспи. Ошондуктан бизге калыстар тобу аябай таң калды. Комузду чертүүгө, виртуоздук ойноо техникага берилген баа жогору болду.

"Санат" тобу

Кожоярова 13-мектеп-гимназияда комузчулар ансамблин 2006-жылы түзгөнүн, андан бери бир нече шакирт тарбиялаганын, алардын ичинде ар кайсы улуттун балдары да бар экенин кошумчалады.

Ансамблдеги комузчулардын курагы он эки жаштан он төрт жашка чейин. Комуздун коштоосунда ырдоо номинациясы боюнча биринчи орунга жетишкен Аделя Бурханбай кызы сынакта "Даткайым" аттуу элдик ырды аткарып берген. Ал кенедейинен орус класста окугандыктан эне тилинде сүйлөй албай калганын, бирок кыргыз тилиндеги ырларды аткарып жүргөнүн айтты:

- Мен үч жылдан бери комуз ийримине барам. Конкурста беш жүз катышуучу болду. Мен комуз менен "Даткайымды" ырдап бердим. Калыстарга анын тарыхы тууралуу кыскача баяндап өттүм. Андыктан мени калыстар тобу "Кыргыз тарыхынан келген кыз" деп атап коюшту. Ал кошумча мен өзүм биринчи орунду алдым.

Мугалим Табани Кожоярова шаардык мектепте окуучуларга негизинен улуттук аспаптарды үйрөтүүгө умтулуп келет экен. Учурда ал аталган мектепте кичинекейлер үчүн "Тумар", чоңдор үчүн "Санат" комуз жана ооз комуз ансамблдерин түзүп, жетектейт:

- Негизинен балдардын мекенчилдик сезимин ойготууга басым жасайм. Эгер жеткинчектер өз өлкөсүн, өз ырын, музыкалык аспаптарын сүйбөсө анда келечеги кыйын болуп калат. Сынак учурунда балдар сахнага Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгып, андан улам өздөрүнүн да мекенчилдик сезимдери да ойгонот экен. Бул окуяда балдар улут намысын коргодук, эл аралык фестивалда туубузду бийик желбиреткенге жарадык деп дем байлап калышты.

Кожоярова орус жана англис тилдүү жаш комузчулар кээде чет тилдеги таанымал ырларды да комуздун коштоосуна салып ырдаганды жактырышарын да кошумчалай кетти.

Сочиде жаш таланттар арасында өтүүчү "Улук Орусия" улуттук кароо-сынагы быйыл он төртүнчү жолу өтүп жатат. Ал жыл сайын белгиленет.

Бул ийгилик "Санат" комузчулар ансамблинин экинчи жетишкендиги. Буга чейин аталган чыгармачыл топ 2016-жылы Минскиде өткөн "Европа кубогу" кароо-сынагында биринчи орунду ээлеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.