Артист соңку учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында насаатчы болуп иштеп жүргөн.
Эсенбүбү Нурманбетовада музыка дүйнөсүндө өтө сейрек кездешкен ажайып үн бар болчу.
Кыргыз Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев ырчы табияттан берилген өзгөчө добушу, аткаруучулук чеберчилиги менен кыргыз музыкасында улуу ырчылардын катарын толуктай алганын айтып отурду:
- Эсенбүбү өзгөчө үнү менен Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартпаева, Токтоналы Сейталиев баштаган улуу ырчылардын катарына кошулган. Ал угармандарды хрусталдай шыңгыр, таза үнү менен таң калтырчу. Эми минтип өткөн чакта сүйлөп жатабыз. Албетте, өлбөгөн адам жок. Кызыбыз өзгөчө талант болгон. Кийин анча-мынча ооруп калганда консерваторияда мугалимдик кызматты аркалап жүрдү. Бүгүн анын окуучулары өз элибизде, КМШ мамлекеттеринде аттуу-баштуу өнөрпоздордон болуп калды. Демек анын баскан жолу, кылган эмгеги текке кеткен жок.
Нурманбетова орус композитору Александр Алябьевдин «Булбул», казак композитору Хамидинин «Булбул», Насыр Давлесовдун «Таң булбулун», Калый Молдобасановдун ыр-романстарын ж.б. кыргыз композиторлорунун, обончуларынын ырларын зор чеберчилик менен аткарган.
Эл артисти, профессор Тентимиш Мураталиев Нурманбетова тууралуу эскерип жатып анын ырчылык өзгөчөлүгүнө токтолду:
- Эсенбүбү Нурмамбетова кыргыз элинин маңдайына бүткөн жылдыз эле. Эми ошол жылдызыбыз өчтү. Ал кайталангыс талант болчу. Анткени мындай бийик үн - коларатуралык сопрано өтө эле сейрек кездешет. Эсенди жакындан билгенимдин себеби ал менен чет өлкөлөргө гастролдорго чыгып калдык. Шанхайга концерт коюп барганда ырдаган. Ошондо көрүүчүлөрдүн тура калып кол чапканы көз алдыман кетпейт. Насыр Давлесовдун "Булбул" аттуу ырын ырдаган. Угармандар сахнадан кетирбей койгондо Алябьевдин «Булбулун» ырдап берген. Бийик нота, жогору нота чыкканда ага үнү жеткен. Эсенбүбү вокалдык искусствонун туу чокусуна жеткен ырчы экенин өз көзүм менен көрүп, өтө таң калгам.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мураталиев Эсенбүбү Нурманбетова чыныгы таланты, өзгөчө үнү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапканын белгиледи:
- Эсенбүбүнү жакындан билип калганымдын себеби, аны жубайым Айнагүл Мураталиева окуткан. Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың дегендей кичинекей кезинен эле музыкага шыктуу болгону үчүн ушул деңгээлге жетти. Кыргыз Республикасынын Эл артисти болду. Чыныгы Эл артистинин деңгээлине жетиш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Өзгөчө аткаруучулук искусствосунда, вокалдык искусстводо Эл артисти наамына жетүү өтө кыйын. Албетте, бизде ырчылар көп. Эми алар башка кеп. Профессионалдык жагынан алып караганда Эсенге тең келе турган ырчы жок эле. Ырчыларыбыз толтура, бирок мындай сейрек талант кыргыз элине дагы качан келет, белгисиз.
Өзгөчө үндүү таң булбулу жылдызы жанып турган учурда Румыния, Алжир, Монголия, Индия, Түркия мамлекеттеринде, КМШнын көптөгөн шаарларында гастролдо болуп, угармандарды өзүнүн мукам үнү менен таң калтырып турган.
Ал жөнүндө Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Болот Осмонов кеп кылып отурду:
- Нурманбетованын дүйнөдөн өткөнү жалпы эле кыргыз маданияты, анын ичинен опера искусствосу үчүн өтө чоң жоготуу болду. Анткени ал кыргыздын булбулу деп таанылган эле. Кыргызстан эле эмес көптөгөн мамлекеттерге барып, кыргыз искусствосун көкөлөтүп жүргөн инсан болгон. Чоң театрга барып такшалып келген.
Нурманбетова айтылуу «Айчүрөк» операсында Калыймандын, «Ажал ордунда» музыкалык драмасында Зулайканын, «Токтогулда» Валентинанын, Насыр Давлесовдун «Аста секин колуктусунда» Зияданын, Жумакадыр Каниметовдун «Ак Мөөр» опера-легендасында Ак Мөөрдүн, Жузеппе Вердинин «Риголетто» операсында Жильданын, «Травиатада» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачында» Розинанын, Штраустун «Цыган барону» опереттасында Арсенанын ж.б. партияларды аткарган.
Кыргыз Эл артисти Тынара Абдразаева ырчынын өмүрүн коштогон арман тууралуу учкай сөз кылды:
- Жолдошу, уулу Чыңгыздын атасы чоң композитор болгон. Жашоо деген ушундай экен да. Бул эки адамдын арзуусун айтып отурса, жомоктогудай сүйүү болуптур деп ойлойсуң. Бирок ошол жомоктогудай сүйүү да бир күнү адашып же башка жолго түшүп кетет экен. Курбубуз уулунун ата мээримин көрбөй калганына өкүт кылчу. Армансыз жашоо болбойт турбайбы. Эсендин башынан ушунчалык бапыраган, жомоктогудай сүйүү өтүп, бир күнү эле мухитте калаксыз кайыктай жалгыз калды. Жашоодо арман айттырып келбейт турбайбы.
Абдразаева курдашы сахнада өжөрлүк менен чоң-чоң партияларды аткарган ырчы болсо да эч качан жулунбаган, өзүнүн атак-даңкын чыгарууга умтулбаган инсан болгонун кошумчалады.
Эсенбүбү Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган.
1978-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, 1984-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун аваздык-оркестрдик факультетинин жеке ырдоо бөлүмүн бүтүргөн. 1987-1988-жылдары Москвада Чоң театрда билимин өркүндөтүп, СССРдин Эл артисти, профессор Лисициандын классында сабак алган.
Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү 4-январда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.