Ыймансыз коомду зулумдук бийлейт

Ыйман фонду

Кыргызстан 2016 Тарых жана маданият жылын жыйынтыктап, кезектеги мамлекет башчысы тандала турган жаңы 2017-жылга бет алды.

Бул жылы Кыргызстандын алдында кандай милдеттер турат? Президент Алмазбек Атамбаев референдумда добуш берип жатып эмне үчүн жаңы жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланат деп билдирди? Жаңы жылга мындай милдет коюуга кандай жагдайлар түрткү берди?

“Азаттык” радиосу жаңы жылдагы “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын төрагасы Мукар Чолпонбаев жана “Ыйман” фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков катышты.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, президент Алмазбек Атамбаев референдумда добуш берип жатып, 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо зарылдыгын билдирди. Жаңы жылга мындай милдет коюуга кандай жагдайлар түрткү берди деген ойдосуз?

Эгер чындап эле адепти көтөрбөсөк, чындап эле балакет баскан турат. А балакет деген - бул караңгылык, зулумдук, руханий жардылык жана бөлүнүп-жарылуу.
Нуржигит Кадырбеков

Нуржигит Кадырбеков: Кыргызстандын эң чоң байлыгы адам. Адам дегенде башы кара, буту айры макулук жан деп түшүнбөш керек. Адам дегенди ыйман, адеп-ахлак, жакшы жүрүм-турум, кулк-мүнөздү алып жүргөн жан деп билебиз. Ошондуктан Кыргызстандын чоң байлыгы руханий жактан, тулку-бой, интеллектуалдык жактан өнүккөн сапаттуу адам болушу керек. Ошон үчүн ушул жылдын берекеси менен бирге биздин адеп-ахлак деңгээлибиз да көтөрүлсө жакшы болот эле.

Кыргызстандыктар космоско качан учуп, айфонду качан ойлоп табарын билбейм, бирок бүгүн эле түкүрбөй, сөгүнгөндү, улуу адамдарды көзгө илбей бакта уяттуу ишке барууну токтотсок болот. Ошон үчүн адепти жөнгө салуу абдан маанилүү. Эгер чындап эле адепти көтөрбөсөк, чындап эле балакет баскан турат. А балакет деген - бул караңгылык, зулумдук, руханий жардылык жана бөлүнүп-жарылуу.

“Азаттык”: Мукар мырза, Кыргызстандын эли бул жылы келерки мамлекет башчысын тандайт. Ушул жагдайдан алып караганда бул жылы саясий кырдаал, башкача айтканда, талапкерлер жана аларды колдогон күчтөрдүн, топтордун ортосундагы мамиле кандай болушу мүмкүн? Бийликтин башкы жетишкендиги саясий туруктуулукту сактоо болуп жатат деп мамлекет башчысы жана башкалар айтып жаткандай туруктуулук сакталат деген ишеним барбы?

Ыйманды, адеп-ахлакты, каада-салтты ошол жогорку бийликтен баштап көтөрүү керек. Ал эми быйыл президент шайлана турган саясий күрөштө чыныгы адилет, калыс, элге жаккан адам тандалган шайлоо болоруна эч ким ишенбейт.
Мукар Чолпонбаев

Мукар Чолпонбаев: Биринчиден, мен ыйманга токтоло кетейин. Азыр биз бул түшүнүктү эки мааниде кабыл алып жүрөбүз. Биринчиси - динди тутунган адамдарды ыймандуу адам, алар башкаларга үлгү болот деп баалап жүрөбүз.

Экинчиси - бул кыргыздын накта тээ байыркы тарыхынан эленип келген ыйман адеп-ахлак дегенди түшүндүрөт. Мына ушул экинчи маанисиндеги түшүнүк азыр бизге жетпей жатат. Аны кандай адамдар үлгү катары көрсөтө алат? Мен аларды эки категорияга бөлөм. Анын биринчиси – жетекчи кызматтарда жүргөн адамдар. Жетекчиликке келген адамдар, эң ириде президентибиз баш болуп өз маданиятын, өз ыйманын көтөрүшү зарыл. Андан кийин депутаттар, министрлер, соттор жана андан кийинки кызматтагылар өз маданиятын, адамдык чыныгы касиеттерин көтөрүшсө, катардагы жөнөкөй адамдар алардан тарбия алып, өнүгөт эле.

Экинчи категориядагы адамдар - ММК өкүлдөрү жана артисттер. Алардын да баскан-турганы, маданияты көпчүлүккө таасир берип тургандан кийин алар дагы өз деңгээлин көтөрүүгө милдеттүү. Демек, бул мамлекеттик идеологиянын өнүкпөй жаткандыгы, анда адамды өстүрүүгө, тарбиялоого көңүл бурулбай калгандыгынын далили. Ал эми саясий маселенин айдыңынан ыйман, адеп деп келгенде өзгөчө көңүл бөлө турган маселе - саясий маданият. Азыр бизде саясий маданият деген жок. Өзгөчө шайлоо болуп жаткан учурда урматтуу президентибиз баштап БШК жалган маалыматтарды берип, элдердин укугун бузууга, жалган пропаганданы жүргүзүүгө жол берилип жатат. Демек, ыйманды, адеп-ахлакты, каада-салтты ошол жогорку бийликтен баштап көтөрүү керек. Ал эми быйыл президент шайлана турган саясий күрөштө чыныгы адилет, калыс, элге жаккан адам тандалган шайлоо болоруна эч ким ишенбейт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.