Т.Мамбеткулов - журналист, комузчу, котормочу

“Шырылдаң” берүүсүнүн мейманы - белгилүү журналист, котормочу Токтосун Мамбеткулов.
Жашы 70тен ашып калса да "секетпай" ырлардын ажарын ачып, көркүнө чыгарып, жүрөгүндө жаштыктын деми дагы эле жанып турган Мамбеткулов Токтосун аксакал бала кезинен ыр-күүгө жакын өсөт.

Анын киндик аны тамган Нарындын Өрнөк айылы "өнөрлүү адамдарга бай" деп бекеринен айтылбаса керек.

Токтосун Мамбеткулов кийин Беларуста аскердик кызмат өтөп жүргөндө мандолина чертип, ар улуттун музыкаларын "безеленткенде" башка улуттун өкүлдөрү жыргап угушчу экен. Аскерден келип Бишкектеги Физприбор заводуна ишке орношуп, Кыргыз мамлекеттик университетинде филология факультетин кечкисин окуп, жогорку билимдүү болот.

Заводдо иштеп жүргөндө бош убактысында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, айыл жерлерине концерт тартуулашат.

- Шаарда иштеп жүргөндө менин классташым бар болчу, Мааданбек Алмакунов деген. Ал өздүк-көркөм чыгармачылыгынын жетекчиси болчу. Жаштарды уюштуруп алып концерт даярдап, Бишкектин чет жакасындагы айылдарга, Чүй бооруна, Кочкор районуна чейин барып концерт берчүбүз. Ал кыяк тартчы, мен ырдачумун.

"Азаттык": Ошол жаш кездеги ырыңыздан бир шиңгил таштап койбойсузбу?



Токтосун Мамбеткулов 1968-жылы мамлекеттик "Кабар" агенттигине кабарчы, котормочу болуп ишке орношуп, ушул кезге чейин агенттикте иштеп келет. Бир нече китеп, очерктерди орус тилинен кыргызчага которгон.

"Жетимиш ашууну ашкандан кийин комузду кыңгыратып, ырдап алсаң, көкүрөгүң ачылып, канат бүтүп, күч кубат алып калам",-дейт карыя журналист.

- Ыр - адамдын көңүлүн жашартат. Өмүрүн узартат. Көңүлүң чөккөндө комузду чертип отурсаң өткөн окуянын баары эсиңе түшүп, өзүнчө ырахат алып отурасың. Ырдын күчү ушунда. Анан ырдын сөзүнө обону шайкеш келсе андан да күчтүү. Ошол экөө бап келип турса, тимеле адамдын өмүрүнө, өмүр кошулат. Ошондуктан адамдар музыканы бекер жактырбаса керек.



Токтосун Мамбеткулов жаш кезинде филармониянын белгилүү артисттери Мейилкан Козубекова, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев, Мыктыбек Үмөталиев, Дүйшөн Үкүев менен Кенес-Аңыракай деген кыштоого барып, концерт берип келишет.

Анда атак-даңкы чыгып калган Мейилкан Козубекова Токомду "эртең филармонияга кел, артист болуп иште. Сенден мыкты артист чыгат",-деп сунуш кылат.

Током үйүнө барып жубайы менен кеңешсе "артист болбой эле койчу, журналисттик кесибиң эле жакшы",-деп көңүлдөнбөй койот.

Ошентип артист болбой, журналисттик кесибин аркалап, бош убактысы боло калса комузун кыңгыратып, үн созуп алат.



Токтосун Мамбеткулов агайга барсам "Кабар" агенттиги кыз-келиндерине арнап келерки аптада Аялдардын эл аралык күнүнө карата маданий иш-чара өткөрөт деп дагы бир "секетпайды" ырдаганга даярданып жаткан экен.