Адабиятты жериген доорго жеттикпи...

Иллюстрация

Эмдиги окуу жылынан баштап Билим берүү жана илим министрлиги орто мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун көлөмүн кыскартат деген маалымат коомдо талаш жаратты.

Кыргыз адабияты сабагынын көлөмүн кыскартууга кандай зарылдык болду? Министрлик эми бул маселени кандай чечкени жатат? Же дүйнөлүк ааламдашууга аралашуу үчүн башка сабактарды киргизүү зарылбы?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салат.

Талкууга Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова катышты.

“Азаттык”: Советбек мырза, Билим берүү жана илим министрлиги орто мектептерде кыргыз адабияты окутулуучу сабактардын көлөмүн азайтып, аны дүйнөлүк адабият менен бирге окутуу программасын сунуш кылып жатат деген маселени адегенде Билим берүү академиясынын окумуштуулары айтып чыгып, коомдо абдан катуу талаш жаралды. Билим берүү академиясынын окумуштуулары андай долбоор даярдалып жаткандыгын мурда билген жок беле? Сиздердин карооңуздарга берилген ал долбоордо Кыргызстандын келечек муунуна терс таасирин тийгизе турган кандай сунуштар бар экен?

Эки адабияттын өнүгүү, калыптануу мыйзам ченемдүүлүктөрү таптакыр башка. Эгер эки адабият бирге окутулса кыргыз адабиятынын тамыры кыркылат
Советбек Байгазиев

Советбек Байгазиев: Билим берүү министрлиги 2017-жылдан баштап жаңы окуу планын ишке киргизүүнү сунуштап жатат. Ошол жаңы долбоордо кыргыз адабияты сабагы өз алдынча сабак статусунан ажырап, “Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты” деп бириктирилип калган.

Кыргыз адабияты Кыргызстандын артыкчылыктуу башкы предметинин бири, ал элдик рухий маданиятты, элдик адеп-ахлакты өз ичине камтыган улуттук байлыгыбыз. Улуттук кулк-мунөздү, улуттук мекенчилдикти жана ошону менен бирге элдик интернационализмди калыптандыра турган предмет. Бул предмет тээ өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери жаш муунду тарбиялап келаткан негизги сабак. Бул жерде улуттук адабиятыбыз дүйнөлүк адабият менен аралашса кыргыз адабиятына саат толук жетпей, жакшы окутулбай калат. Экинчиден, дүйнөлүк адабияттын жолу башка, аны үйрөнүүгө эч ким каршы эмес. Ал жакта доор да, адабият да, дүйнө тааным да башка. Дүйнөлүк адабият сентиментализм, классицизм, романтизм, сын реализм, реализм деген баскычтарды эбак басып өткөн жана доору башка. А биздин адабият фольклор, акындар поэзиясы жана азыркы профессионалдык адабият гана болуп бөлүнөт. Бул эки адабияттын өнүгүү, калыптануу мыйзам ченемдүүлүктөрү таптакыр башка. Эгер эки адабият бирге окутулса кыргыз адабиятынын тамыры кыркылат.

“Азаттык”: Кылым айым, бул маселе боюнча социалдык тармактарда, билим берүү жайларында жүрүп жаткан талкуудан кабарыңыз болсо керек. Билим берүү министрлигинин мындай долбоорду даярдоосуна кандай зарылдык болду? Мындай демилгени кимдер, эмне үчүн көтөрдү? Негизги максат эмне?

Дүйнөлүк адабиятка өтөлү деген азырынча долбоор гана, ага өтүп кетебиз, 2017-2018-жылдан баштап ушул гана предметтер гана окутулат деген сөз жок. Менин оюмча, кыргыз адабияты ушул көлөмүндө калышы керек.
Кылым Сыдыкназарова

Кылым Сыдыкназарова: Мен дагы кыргыз тили менен адабиятына күйгөн мугалиммин. Албетте, кыргыз адабияты кыргыз элибиздин байыртан берки тарыхын да, маданиятын да, адеп-ахлагын да өзүнө камтыйт. Ошон үчүн талкуу катуу жүрүп жатат окшойт. Анткени, 2012-жылы чыккан өкмөттүн токтому менен адегенде 714 саат кыскартылган. Ошол мезгилден баштап башка сабактар да, мисалы адеп сабагы, экономикага киришүү сабактары бириктирилип, жаран таануу сабагы болуп калды. Ошондуктан, азыркы дүйнөлүк цивилизацияга карап, өнүгүүгө карап билим берүү тармагы да дүйнөлүк жалпы өнүгүүгө интеграцияланышы керек. Анткен менен дүйнөлүк адабиятка өтөлү деген азырынча долбоор гана, ага өтүп кетебиз, 2017-2018-жылдан баштап ушул гана предметтер гана окутулат деген сөз жок. Менин оюмча, кыргыз адабияты ушул көлөмүндө калышы керек. Себеби, быйылкы жылы биз айыл жерлериндеги кыргыз мектептеринде орус адабиятын бир сааттан кыскарттык. Айыл жериндеги окуучулар орус адабиятын жакшы деле түшүнбөйт. Ошондуктан бир саатка кыскартылды. Ал эми бул планды түзө турган атайын жумушчу топ түзүлгөн. Мен ал топтун мүчөсү эмесмин. Долбоор дагы талкууланат, анын натыйжасында жалпыга зарыл бир тыянак чыгат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.