Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнөн келген чебер Гүлмира Турдубаева өздөрү жасаган килемдердин өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтып берди:
- Араби килемдерибиз 18-20 миң сомдон бааланды. Чен-өлчөмүнө карап бааланат. Жүлдөр (түктүү килем) андан кымбатыраак. Буларды жасоо үчүн койду кыркып алгандан баштап тазалап, жууп даярдайбыз. Килем токуганга бардык эле жүндөр жарай бербейт. Жүндү канчалык сапаттуу тандасаң, ошончолук сапаттуу жип даяр болот. Мисалы, азыр сиздин артыңызда илинип турган туурасы эки, узуну үч метр килемдин баасы 30 миң сом. Тигиниси 45 миң, анын жанындагысы 35 миң сомдон.
Гүлмиранын айтымында, килем токуу өтө көп эмгекти талап кылган кол өнөрчүлүккө кирет. Көбүнчө килемдер койдун жүнүнөн табигый өңдө жасалат. Ал эми ар кандай түстөрдү берүүгө кадимки анардын, пияздын кабыктарынан алынган табигый боёктор пайдаланылат.
Чеберлердин бири Уркуя Асанова бир килем канча убакытта жасаларын айтып берди:
- Бир килемди даярдоо үчүн бир ай убакыт кетет. Жүндү кыркып алгандан баштап тытып, жууп, ийрип, кайра да жууп-тазалап, кештесин баштап куруп чыкканга эле бир топ убакыт кетет.
Ар бир килемге кооздук, керемет көрүнүштү тартуулап турган гүлдөрдү, түркүн оймолорду, дегеле кооздуктарды берүү да өзүнчө түйшүк. Чебер Айымкан Саттарованын айтымында, мурда килемдерге башкача сүрөттөр түшүрүлчү экен:
- Улам замандын талабына жараша саймалар өзгөрүп келет. Учурда кол өнөрчүлүктүн бардык түрүндө кыргыздын орнаменттери күчтүүлүк кылып жатат.
Килем токуу Баткен облусунда кеңири жайылган өнөр болгондуктан бул аймакта килем токуганды билбеген кыз-келиндерди катуу уяткарышарын айтат Гүлмира Турдубаева:
- Биздин Лейлек районундагы Маргун айыл өкмөтүн килемдин мекени деп айтышат. Бизде килем билбеген аялзатын уяткарышат. Биз кыздарыбызды 5-класстан баштап килемдин үстүнө отургузабыз. Бизде килем билбеген кызды чоркок адам деп эсептешет. Андыктан өз айылыбызда энелер кыздарына килем сокконду үйрөткөнгө аракет кылышат.
Учурда кол өнөрчүлүк менен алектенген айымдар өздөрүнчө “Энелер” тобун түзүп, кыздарды чеберчиликке үйрөтүүнүн азыркы заманга ылайык жолун ойлоп табышкан:
- Мисалы, биздин топто кыздарыбызбы килем токуганга үйрөтүп жатып алардын эмгегине акча төлөп беребиз. Мындайча айтканда алардын атайын эсебин ачып, түшкөн кирешеден акысын ажыратып бөлүштүрүп турабыз. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырганда окуусуна төлөй турган келишимдик акчасын өздөрү иштеп тапкан каражаттан төлөшөт.
Мындан сырткары чеберлер Баткен килемдери узак убакытка чейин колдонгонго мүмкүн экенин, канчалык эскирсе, ошончолук баалуулугу артаарын айтышты:
- Бизде эң жакшы көргөн коногун кылым карыткан кыргыз килеминин үстүнө отургузуп тамак беришет. Бул килемдердин канчалык узак колдонулган сайын баасы арта берет.
Гүлмира Турдубаеванын айтымында, учурда алар жашаган Лейлек районунда 50-100 жылга жакын колдонулган килемдер бар.
Баткен килемдерин барктагандардын бири Доктургүл Кендирбаева аталган буюм энелердин кол эмгегинен жаралганы үчүн баалуу экенин белгилеп, өзү буга чейин эки килем сатып алганын кеп кылды:
- Биринчиден, бул өзүбүздүн кыргыз энелеринин кол эмгегин баалоо. Ошондой эле мындан арзан акчага Кытайдын, Түркиянын килемдерин алсаң болот. Аларды жүз жолу жууп, жүз жолу тазалай бергенге мүмкүн. Чындыгында алар ыңгайлуу. Бирок эмгек менен жаралган буюм башка да. Биздин тарыхыбыз, салтыбыз бар эмеспи. Андыктан сырттан келген 5-10 миң сомдук килемдерге улуттук килемдерди тепселетпешибиз керек деген ой менен сатып алдым.
Кендирбаева койдун жүнүнөн жасалган килем кооз, ден соолукка пайдалуу болгону менен, карап күткөнгө бир аз ыңгайсыз экенин кошумчалады.
Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Баткен килеминин негизинен жүл жана араби килемдери көргөзмөгө коюлду. Жүл түктүү болсо, араб килеми түксүз келип, токмок менен согулат экен.