Карт тарыхтын жаңы жүзү

Жүз жыл мурдагы кыргыздардын турмушу. Архивден алынган сүрөт.

Кыргызстандын тарыхын окутуу боюнча кыска метраждуу видео роликтер тартылды. Кыргыз элинин жана мамлекетинин эки миң жылдык тарыхын камтыган визуалдык көрсөтмө жыйырма сериядан турат. Тасма ар бир көрүүчүгө түшүнүктүү боло турган графикалык жана анимациялык ыкмаларды колдонуу менен ишке ашкан.

Долбоордун авторлорунун бири Жалил Муканбетов бала кезинен тарыхка кызыгып, мектепте бул предмет боюнча өткөн олимпиадаларга катышып жүргөн. Анткен менен ал окуучу кезинен тарых сабагын окутуу андан кызык, андан да жугумдуу болушун каалаган. Ошондуктан Жалил классташы Дастан менен бирдикте тарых сабагы тууралуу видео роликтерди тартууну чечкен:

- Дастан Түркияда окуйт. Мен ага Кыргызстанга келгенде ар кандай тарыхый окуялар тууралуу айтып берчүмүн. Мисалы экөөбүз шаарда чогуу баратып айкелдерди же дагы башка нерсени көрүп калсак, анын маани-маңызы тууралуу сүйлөшчүбүз. Аны айтып бергендерим толкундатып, шыктандырып койчу. Анан экөөбүз чогуу сүйлөшүп отуруп, бизден кийинки муунду өз элинин тарыхы кызыктырбай жатканын байкап, аларга түшүнүктүү тил менен Кыргызстандын тарыхы тууралуу видео ролик тартмай болдук.

Тарых тактыкты сүйөт

Тарых тактыкты сүйөт

Улуу кыргыз каганаты Барсбек өлгөндөн кийин, Х кылымдын 840-жылы пайда болгон. Бул мезгилде кыргыздар Уйгур каганатынын курамынан чыгып, өз алдынча кубаттуу державаны негиздеген.

Жалил Муканбетов жана Дастан Модубашевдин демилгеси менен ишке ашкан долбоордо кыргыз деген сөз кошуна мамлекеттердин тарыхында канчанчы кылымдарда пайда болгону, Атилланын Европага болгон жүрүшү, монгол, араб, кытай чапкындары, кыргыз каганаты жана анын ойрондолушунан тарта акыркы жылдардагы революциялар, референдумдар да камтылган. Кыска метраждуу видео роликтин ар бир сериясы беш мүнөткө жетпейт.

Видео роликти жасалгалаган Берен Самидин уулунун айтымында, заманбап визуалдык көрсөтмөлөрдү жасоодо улуттук тарыхты видео роликке түшүрүү бир топ кыйынчылык жараткан:

- Тарыхты жасап жатканда бизге керек материалдарды, сүрөттөрдү колго тартып чыкканга туура келди. Мен көпчүлүгүн колго тарттым. Ал эми Калысбек Юсупов таланттуу дизайнер. Ал тартылган сүрөттөрдү видеого айлантты. Чындыгында тарыхтагы адамдардын сүрөтүн интернеттен табуу өтө кыйын болду. Анан ар жерден таап, иллюстрация кылганга туура келди. Тарыхта таптакыр сүрөтү калбаган адамдын бейнесин жаратуу өтө татаал экен.

Берен Самидин уулу учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин төртүнчү курсунун студенти.

Демилгечи Жалил Муканбетов учурда видео роликтерди кыргызчалап, эки тилде Билим берүү министрлигине сунуштоону максат кылып жатканынан кеп кылды:

- Биз азыр кыргызчалоо боюнча бир фонд менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бирок азырынча сөзүбүз быша элек. Такталары менен роликти кыргызчалайбыз. Негизинен биз башында эле видеону эки тилде чыгаралы дегенбиз. Бирок ага акча жетпей калды.

Үркүн эскерүүлөрү: Иванга жаккан Илипов

Үркүн эскерүүлөрү: Иванга жаккан Илипов

Элеттик журналист, Тоң райондук гезиттин баш редактору Мээркан Токсобаева 1916-жылкы көтөрүлүштө падышалык аскердин жазасынан аман калган кайнатасы Илип уулу Абдрахманды эскерет.

Муканбетов долбоорду "Сорос" фондунун билим берүү тармагы боюнча сынагына сунуштап, үч миң доллардан ашык грант утуп алганын, бирок эмнегедир учурда тиешелүү мамлекеттик мекемелер арзан каражатка жасалган долбоорго көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

Тарыхчы Ташмамбет Кененсариев жигердүү жаштардан турган чыгармачыл топ бул жумушту баштардын алдында кесипкөй тарыхчылар менен кеңешип алса болмок деген ойдо:

- Тарых деген жетелеген жакка кете берген буйлаланган төө эмес да. Бул теманы чагылдырууда колдон келишинче объективдүү болушубуз зарыл. Бирок бул жаңылык албетте кызыктуу. Кыргызстандын тарыхын көрсөтүүнү жогорулатуу үчүн албетте, жаңы технологиялык жетишкендикти да пайдалануу зарыл. Өткөнүбүз тууралуу анимациялык болобу же документалдуу болобу видеолор тартылганы жакшы. Эми бул балдардын ишин адис тарыхчылар көргөндөн кийин өз пикирлерин айтышар, - деди Ташмамбет Кененсариев.

Долбоордун авторлору бул видео роликтер тарыхчы Өскөн Осмоновдун “Кыргызстандын тарыхы: байыркы доордон биздин күндөргө чейин” аттуу китебинин негизинде тартылганын айтууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.