Мектепти кооздогон элеттик сүрөтчү

Ноокаттык мугалим Фатима Хашимова сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай, аздектеп келет.

Оштун Ноокат районунда жашаган 50 жаштагы сүрөтчү мугалим Фатима Хашимова эл аралык сынактарга катышууну самайт.

Тилекке каршы элеттеги бүтпөгөн түйшүк, турмуш-шарттан улам бул максаты ишке аша элек.

Жаңы Ноокат айылында жайгашкан Амир Темур атындагы мектептин ичинде Фатима тарткан сүрөттөр толо. Жомок каармандары, тарыхый инсандардын портреттери, жаратылыш түшүрүлгөн эмгектер анын эргүүсүнөн жаралган.

- Сүрөткө бала кезден кызыгып келем. Апам ырматылык көркөм өнөрдү баалаган, таланттуу инсан эле. Балким бул өнөр мага апамдан өткөн чыгар, - дейт Фатима.

Мүнөзү тартынчаак Фатима айым учурда Көркөм өнөрдөн сабак берет. Ал эми үйдө чыгармачылыкка убактысы жок. Бала-чаканы кароо, тамак-аш жана чарба жумуштарынан колу бошобойт.

- Тарта турган сүрөтүмдүн элеси үйдөн келет. Көкүрөккө бышырып алып, мектепке келгенде, сабактан бош убакытта ошол эскизди тартам. Кээде предметтерге карап, анын элесин чиймелейм. Көбүнчө оюмдагы нерсени кагазга түшүрөм.

​Сүрөтчү айым негизинен акварель жана графика багытында эмгектенет. Мектепте сүрөт тарта турган атайын бөлмөсү да бар.

- Портреттерди 10-15 күндө тартам. Бул абдан татаал жанр. Тартып жаткан адамды өзүнө окшоштуруп, образын ачуу керек. Мени эмнегедир азыркы доордун эмес, мурда жашап өткөн сүрөтчүлөрдүн эмгектери кызыктырат. Мен дагы ошолордой эмгек жараткым келет. Бехзод аттуу өзбек сүрөтчүсү өткөн. Леонардо да Винчиден эргүү алам. Алар тарткан сүрөттөр башкача. Боёкторунда сыйкыр бар сыяктуу, түрлөнүп турат.

Фатима Хашимова Анжияндагы педагогикалык орто окуу жайды аяктаган. 1980-жылдардан бери мектепте иштеп келет. Кесиптеши Махидил Абдисаламова:

- Мектептеги чыгармачыл кечелердин баары ушул аялдын моюнунда. Майрамдарга, даталуу күндөргө карата уюштурулган жыйындардагы сүрөттөрдү Фатима тартып, жасалгалап берет.

Фатима чоң шаарларга барып, эмгек жолун улантууну ойлогон эмес. Бирок эл аралык сынактарга катышып, жеңүүчү болууну самап келет. Азырынча анын жол-жобосун билбей жүргөнүн айтты:

- Жалал-Абад жана Ош шаарларында, Ноокат районунда өткөн сынактарга катышып, жеңүүчү болгом. Максаттарым көп. Чыгармачылыкты улантып, эл аралык сынактарга барып, ийгиликтерге жетсем дейм...

Баянды бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.