Тамадалар “ырыскысын” бөлүшөбү?

Тойдон тартылган сүрөт

Сиз ырларын сүйүп уккан ырчылар мамлекетке кандай салым кошуп жатат? Тамадалар канча салык төгөт? Ырчы-чоорчулардан мамлекет салык алышы керекпи? "Азаттык+" бул сапар ушул теманы талкууга алды.

Парламенттеги депутат Нарынбек Молдобаев тойлордо кызмат көрсөткөн тамада, ырчылардан салык алууну сунуштоодо.

Эл өкүлүнүн жүйөсүндө той-топурдагы өнөр адамдарынын акысы өтө кымбат жана кирешесинен казынага салык төгүшпөйт. Мындай демилге тойлордо нан таап жегендердин катуу сынына кабылды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ырчы менен тамада “ырыскысын” бөлүшөбү? (1)

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиев тойлордо айрым ырчы, тамадалар олчойгон акы алып жатканына нааразы болуп чыккан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ырчы менен тамада "ырыскысын" бөлүшөбү? (2)

Негизинен Кыргызстандын мыйзамы боюнча тапкан кирешенин канча бир пайызы мамлекетке төгүлүшү керек. Бирок серепчилер өлкөдө көмүскөдө оокат кылган майда ишкерден тартып үлкөн ишканалар дагы көп экенин айтып, көзөмөл начар экенин сындап келишет.

Кыргызстанда тойду ыр-күлкү менен коштоп бергендердин баасы ар кандай. Кызматын 200 доллардан 2 миң долларга чейин баалагандар бар. Алардын канчасы патент менен иштей турганын тескеген деле орган жок. Тойдо кызмат көрсөткөндөр күз айларында жакшы эле чөнтөк толтурары жашыруун эмес.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ырчы менен тамада “ырыскысын” бөлүшөбү? (3)