Сүрөт чыры: комиссиянын дооматы

Сүрөт музейи.

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейин текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия анда сакталган 250 картинанын ичинен эки сүрөт жасалма экенин аныктады. Музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев бул дооматты четке кагып, комиссия бир тараптуу иштеп жатканын айтууда.

Көркөм-сүрөт музейинин буга чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев сүрөт чырынан улам ушул жылдын май айында жумуштан кеткен.

Анда Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган "Ит менен ат" жана Николай Генин "Бакуниндин портрети" аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алып, көчүрмөсүн жасап жатканда бузуп алганын аныктаган.

Мындан улам коомдук талкуу болуп, министрлик бул - биринчи же экинчи учур эмес деп шек санап, комплекстүү текшерүү жүргүзүү үчүн кийинки комиссияны түзгөн.

Дагы караңыз Шыгаев: Музейин көрүп, төрүнө өт

Экинчи комиссия музейдеги 250 сүрөттү текшерип чыгып, анын ичинен эки сүрөт жасалма экенин аныктады. Бул тууралуу Сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы, текшерүү комиссиясынын жетекчиси Таалай Усубалиев билдирди:

Ошонун ичинен экөө иш бөлмөсүнөн чыкты. Дагы бирөө шек туудуруп жатат. Аны изилдеп атабыз. Андрей Мыльников менен Евсей Моисеенконун сүрөттөрү так чыкты, экөө тең атактуу сүрөтчү болгон. Эмгектери абдан баалуу. Бирок бул картиналар жасалма экен. Бирок биз бул жерде аларды "Шыгаев жасады" деп айткан жокпуз. Болгону эксперт катары анын кабинетине илинген эмгектер жасалма экенин айтып жатабыз”.

Ал ортодо массалык маалымат каражаттарында Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевди плагиаттыкка күнөөлөгөн, "музейдеги шедевр эмгектердин көчүрмөсүн чет элдиктерге саткан" делген ар кандай кептер айтыла баштады.

Шыгаев "Азаттык" үналгысына мындай дооматтарга комиссия толук жыйынтык чыккандан кийин жооп бере турганын айтты.

“Булар бир тараптуу карап жатат. Мен министрден комиссияга калыс адистерди да кошуусун сурангам. Алар бир тарап болуп алып каралап жатышат. Мени да угуш керек да. Атайын комиссиянын жыйынтыгы чыксын, ошондон кийин ар бир суроого бирден токтолуп айтып берейин дегем. Көз карандысыз эксперттик комиссияны да чакырсак болот. Москвада да эксперттик комиссия бар”.

Музейдин мурдагы директору «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн көчүрмөсүн студенттерге көрсөтмө курал жасоо үчүн көчүрмө кылып жатып бузуп алганын айтууда.

Юристанбек Шыгаев.

“Мен аны музейден алып чыккан эмесмин. Экинчи кабаттан экспозициядан кабинетиме алып келип сканер кылганбыз. Ошол кезде бузуп алдым. Аны оңдоп берем деп жазгам. Профессор катары студенттерге сабак өтөм. Бизге Ленинградда окуп жүргөндө сабакты сүрөттөрдүн көчүрмөсү менен түшүндүрчү. Себеби, мен түпнусканы айнектен чыгарып көрсөтө албайм да. Кандай чүпүрөк, кандай боёк колдонгонун көчүрмөдөн көрсөтөм”.

Шыгаев Усубалиев айтып жаткан эки картина чынында эле жасалма экенин моюнуна алды. Аларды беш жыл мурда атайын каттын негизинде кайсы бир тарапка өткөрүп бергенин, ал тууралуу комиссия акыркы жыйынтыгын чыгаргандан кийин гана толук маалымат бере турганын билдирди.

Ал эми Таалай Усубалиев Шыгаевдин музейде турган картиналардын көчүрмөсүн "студенттер үчүн жасагам" деген сөзүнө ишенбейт.

Эми ага баары эле күлүп жатышпайбы. Фотоаппаратка тартып чыгарса болот эле. Мен оңдоп-түзөөчү адис катары айтып коюшум керек, картиналарды сканерден өткөрүүгө болбойт. Музейлерде картиналарды айнек менен тосуп коет эмеспи. Эмне үчүн тосот? Кээ бир адамдар көзү жакшы көрбөсө ал сүрөттү жакындан карашы мүмкүн. Ошондо анын дем алганы да сүрөттүн сапатына тескери таасир этиши мүмкүн деп айнектешет. Сканер ысык болот да. Ага эмнеге салып атат, такыр түшүнбөйм”.

Дагы караңыз Музейден жоголгон мурастын таржымалы

​Музей адиси Идеат Темирбек уулу Юристанбек Шыгаевдин картиналарга жасаган мамилесинде эң башкысы музейлер боюнча мыйзам бузулганын белгиледи.

“Директор болуп келгенден кийин музейдин баарын өткөрүп алат. Андагы сүрөттөрдүн, буюмдардын түпнуска же түпнуска эмесин билет. Түпнуска тууралуу талаш жүрүп калса, музейдин ички жол-жобосу боюнча ага башкы сактоочу жооп берет. Айтор музейлер боюнча мыйзамдар бар. Ошолорду сактап иштесе эле эч кандай маселе келип чыкмак эмес”.

Темирбек уулу эгер комиссия Кыргызстандагы музейлердин баарын текшерип чыкса, ар биринен мындай мыйзамсыздык кездешерин кошумчалады. Ушу күндө Кыргызстанда алтымыштан ашуун музей бар.

Сүрөтчүлөр бирлигинин төрагасы Таалай Усубалиевдин айтымында, эгер Көркөм-сүрөт музейинен табылган бул далилдерден тыянак чыкса, комиссия сентябрь айында кайрадан текшерүү ишин баштайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.