Саркечтеп сайган саймалар
Сүрөтчү, чопочу Нагима – мыкты саймачы дагы
Саймачы кыз-аай, саймачы кыз-аай!-деп ырдагыдай саймалар биринен бири өтөт.
"Дүйүм чөптөр" бажырайган сайма.
Гүлдөргө: "бастырма", "француз түйүнү", "илме" ыкмалары аралаш сайылган.
Бул саймада: "илме", "бастырма", "терс кайрык" жана "тепчиме" аралаш сайылган.
Бул - "илме", же "ит таман" ыкмасы.
"Күн. Тоолор. Бактар." түшкөн сайма.
"Көчөттөр жана көпөлөк" сайылган сайма.
"Илме", "бастырма", "терс кайрык", "тепчиме" ыкмалары аралаш сайылган гүлдөр.
Жандуу түспөлүн берүү үчүн ичине калып коюп сайылган бул чымчык менен көпөлөктүн канаттары кыймылдайт, ар кандай кыймылга келет. "Бастырма" жана "илме" ыкмасы менен коралл шурулары кошуп сайылган жана
Нагима жакшы эне дагы, кызы Адеми да чебер уз кыздардан болуп чыкса дейт.
Гүлдөр - "бастырма", "француз түйүнү", "илме" аралаш сайылган.
Алтын колдуу жез оймок уздарыбыздын кылымдардан бери келаткан чеберчилиги ушинтип уланууда.
"Чыраш" ыкмасындагы сайма.
Нагима боёк сүрөттөрү менен катышкан Малайзиядагы “Арт Малайзия” 2- эл аралык көргөзмөнүн уюштуруучусу-Лю Киан Яп менен.
Нагима айылында атактуу "жез оймок" чебер апасы жана бала кезинен берки алгачкы "устаты" - Акунова Роза менен.