Нарындагы театр фестивалы
Фестивалга өлкөнүн бардык дубандарынан келген 20га чукул театр катышып жатат.
Алгач өлкөнүн бардык аймактарынан келген өнөрпоздор Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө жүрүшкө чыкты.
Фестиваль залкар талант Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналып өтүүдө.
Ар бир театр өзү даярдап келген ыр-бийин аткаруу менен элди фестивалга чакырып жатты.
Жети облустан келген чыгармачыл жамаат өздөрүнүн эң мыкты деп даярдап келген спектаклдерин төрт күн бою элге тартуулашат. Аны менен катар калыстардын сынынан өткөн он номинацияга сыйлыктар коюлган.
Калыстар тобунун төрайымы, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова.
Иш-чаранын расмий бөлүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев ачты.