Вагнердин чыгармалары кыргыз сахнасында

Бишкекте немис композитору Рихард Вагнердин 200 жылдыгына арналган классикалык музыка фестивалы аяктады.
Музыка революционери

Музыкага ынтызарлар Рихард Вагнердин дүйнөлүк салмагын жакшы билишсе керек. Ал тарыхта өзгөчө орду бар композитор гана болбостон, дасыккан жазуучу, ой-таанымы терең даанышман да болгон. ХIХ кылымда европалык ак сөөктөр арасында италян жана француз симфониялык музыкасы жогору бааланган. Бирок Вагнердин бул чөйрөгө келиши менен ал көз караш түп-тамырынан өзгөргөн.

Вагнер музыка аркылуу философиялык ой-таанымын берген, операга музыкалык драма формасын биринчилерден алып келген. “Театр көңүл ачуучу жай эмес, бийик акылдын храмы болуш керек” деген түшүнүктү дал ушул Вагнер киргизген. Ал ошонусу менен музыка тарыхында күтүүсүз революция жасаган.

Мына ошол күчтүү билим, күчтүү эрк аркасында жаралган “Канаттуу голланд”, “Кудайлар күүгүмү, “Лоэнгрин” чыгармаларын кыргыз сахнасында Бишкек мэриясынын алдындагы симфониялык оркестр ойноду.

Опера менен атагы чыккан

Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев немис композиторунун бул чыгармалары жөн жерден кыргыз жеринде жаңырбаганын белгиледи:

- Дүйнөгө белгилүү адамдардын 200-300 жылдык мааракелери ЮНЕСКО тарабынан жарыяланат. Мисалы, Бахтын, Шуберттин же Шопендин мааракесин ЮНЕСКО белгилесе, алардын чыгармаларын бүт дүйнөдөгү симфониялык оркестрлер коёт. Вагнердин 200 жылдыгы бизде ошон үчүн өтүп жатат да.

Муратбек Бегалиев муну менен катар Вагнердин чыгармалары кыргыз сахнасында жаңырып жатканын өзгөчө окуя деп атады:

- Композиторлордун биринин стили жеңил, бириники татаал болот. Вагнер бул-опера жанры менен атагы чыккан композитор. Чыгармаларынын стили өтө татаал, философиялык мааниси терең. Атайын даярдыгы бар, музыканы жакшы түшүнгөн адамдар үчүн жазылган да.

“Канаттуу голланд” кыргыз сахнасында

- Ал эми Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчиси Тимур Саламатов бул фестивалдын Кыргызстанда өтүп жатканына жакшы жышаана катары баа берди:

- Кыргыздын маданиятында абдан сейрек болчу окуя. Биздин өсүп келе жаткан муундардын, музыка сүйүүчүлөрдүн Вагнердин чыгармачылыгына кызыкканы жакшы көрүнүш. Ушул үч күн ичинде мурда бизде коюлбаган чыгармалары ойнолду. Айрыкча, “Канаттуу голланд”, “Кудайлар күүгүмү” биринчи жолу коюлуп жатат. Биз буларды илгери студент кезде Москвадан укчубуз.


Вагнердин "Канаттуу голланды"





Тимур Саламатов немис эли үчүн Вагнердин чыгармалары “Манас” эпосундай эле деген ойду да кошумчалай кетти.

- Вагнердин чыгармаларында немис элинин философиясы, идеологиясы камтылган да. Айрыкча ал “Нибелун шакеги”, “Парсифаль” чыгармаларында даана көрүнөт. Кыргыз үчүн “Манас” эпосу идеология башаты болсо, Вагнердин чыгармалары немис эли үчүн ошондой. Гитлер балким аны ошол себептен жакшы көргөндүр.

Айтмакчы, Гитлердин сүймөнчүк композитору болгону үчүн Вагнердин чыгармаларын айрым улуттар күнү бүгүнкүгө чейин жактыра бербейт. Болбосо ХIХ кылымда жашаган композитордун экинчи дүйнөлүк согушка тиешеси канча эле? Буга чейин советтик сахнада көп жаңырбай келгенинин бир себеби да ошондон уламдыр.

Кристоф-Маттиас Бишкекте биринчи жолу

Түбү немис, швейцариялык дирижер Кристоф-Маттиас Мюллер бул маданий иш-чарага чейин Кыргызстан тууралуу уккан эмес экен. Бирок Вагнердин 200 жылдыгы Бишкекте өтөт дегенде ойлонбостон макул болгонун айтат:

- Мен үчүн күтүүсүз эки жакшы нерсе болду. Биринчиси Бишкекти көрүшүм. Буга чейин Кыргызстан тууралуу уккан эмес элем. Бирок сунуш түшкөндө ойлонбой макул болдум. Анткени жаңы, күтүлбөгөн окуяларды жакшы көрөм. Ал эми экинчи кубанычым бул - Вагнердин чыгармаларын кыргыз жеринде аткарып жатканым. Музыканын тили бир эмеспи. Оркестр менен аябай жакшы иштештик.
Вагнердин "Үйлөнүү маршы"





Фестивалды Хусейн Мухтаров атындагы музыкалык театр уюштурган. Театр жетекчиси Сейтек Мухтаров бул иш-чара саамалык экенин, бирок мындан ары да уланарын билдирди.

- Музыка бул - маданий алаканы, достукту чыңдоочу курал. Эң башкы максатым: классикалык музыканы кыргыз жеринде жайылтуу. Ошол эле маалда кыргыз музыкасын чет жерге таанытууну, жаштарды бийик маданиятка тартууну көздөйм.