Курмангалиев: Оорчулукту маданият менен жеңели

Ишкер Жумакадыр Курмангалиев белгилүү өнөр адамдарынын чыгармаларын элге жайылтуу аракетинде бир катар маданий иш-чараларды колдоп, уюштуруп келет.
1994-жылы 12-сентябрда белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыров каза болгон. Мына ошол күнгө туштап быйыл Нарын облусундагы Ат-Башы районунун борборундагы музыкалык мектепте айтылуу Рыспай Абдыкадыров клубунун филиалы ачылды. Аны Бишкектик жеке ишкер, Рыспайдын чыгармаларын ыйык тутуп, эл арасына жайылтууга аракет кылып жүргөн Жумакадыр Курмангалиев өз каражатына уюштурган.

- Өз доорунун залкарлары Жумамүдүн Шералиев, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков сыяктуу композитолордун чыгармалары аларды кастарлаган адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүндө жашайт эмеспи. Мына ушул улуу таланттардын чыгармаларын кайра жандандырып, келечек муундарга тартуулашыбыз керек. Ошондой максаттын бири катары Ат-Башыдагы музыкалык мектепте Рыспай атындагы клубдун филалын ачтык. Ал жерде Рыспайдын жеке буюмдары, сүрөтү, музыкалык ноталары коюлду. Болбосо Рыспай ким, Жумакем ким экенин азыркы жаштар билбей баратат, - дейт жеке ишкер Курмангалиев.

Ат-Башыдагы музыкалык мектепте Рыспай Абдыкадыровдун клубунун филиалынын ачылышына катышкан Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Рыспай атындагы клубдун башчысы Султан Борошев Теңир-Тоодо айтылуу композитордун клубунун филиалынын ачылышына жетине албай турганын белгилеп, “алмадай башына алты жүз обонду батырган” композитор Жумамүдүн Шералиевдин клубун Жалал-Абадда дагы ачуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

- Биз, кудай буйруса, Жалал-Абадда таланттуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин клубун ачабыз. Ал киши дагы Кыргызстанга эмгеги зор, залкар адамдардын бири. Шералиевдин ачылбаган канчалаган сырлары бар. Мына ошону келечек муундарга жеткиришибиз керек. Негизинен маданият аркылуу байланышты күчөтүп, түндүк-түштүк деген стереотипти жок кылышыбыз керек.

Ишкер Жумакадыр Курмангалиев тээ токсонунчу жылдардын соңунда эле Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечесин, Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларынан турган республикалык фестивалды уюштурган.

Кыргыз Республикасынын гимнинин музыкасынын авторлорунун бири, композитор Насыр Давлесовдун 80 жылдык мааракесине өкмөт көңүл бурбай койгондо өз каражатына “Аста секин, колукту” музыкалык комедиясын эстрада жылдыздарынын катышуусунда сахналаштырып, композиторду алтын курагы менен куттуктаган болчу.

Ал ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жүргөн “Эне тилим, эне сүтүм” республикалык кароо-сынактарына да Бишкектин Биринчи май районундагы мекеме-ишканаларды даярдап, катыштырып келет.

Жумакадыр Курмангалиев айрым ишкерлерге окшоп каражатын той-топур өткөрүп, күлүк чабууга же кымбат баалуу машинелерге сарптабай, маданиятты өнүктүрүүгө жумшоону максат кылганын белгиледи:

- Ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө кыргыз элим, кыргыз жерим деген патриоттук сезим уялаган болсо, намыскөй, иштерман болуп бардык жактан тез өнүгөт элек деп ойлойм. Мына ошондой сезимди маданият, көркөм өнөр аркылуу ойготсо болот. Оорчулукту көркөм өнөр, маданият аркылуу жеңсе болот. Мен дагы азыр оор акыбалда турган кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө бир тамчы салымым кошулса, анда өзүмдү бактылуу кыргызмын деп эсептейм.

Рыспай атындагы клубдун жетекчиси Султан Борошевдин айтымында, Жумакадыр Курмангалиев өңдүү каражаты бар ишкерлер жогорудагыдай маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп турушса, кыргыз маданиятынын өнүгүп, өсүүсүнө зор салым кошмок.

Ал ошондой эле Рыспай атындагы клубдун филиалдарын бардык облустардын борборлорунда, Өзбекстанда жана Кытайдын Шин-Жаң автоном облусунда ачууга аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

ЖАМУнун Рыспай атындагы клубу 18 жыл мурда ачылган, мына ошондон бери Султан Борошев акысыз иштеп келе жатат. Ал белгилегендей, Жалал-Абадда Рыспайдын 135 чыгармаcы менен кошо ал жөнүндө эскерүүлөр топтолгон алты томдук даярдалууда.

Ал эми ишкер Жумакадыр Курмангалиев болсо Ысык-Көл облусунун борборунда Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайда Рыспай атындагы клубдун филиалын ачууга көмөк көрсөтөөрүн билдирди.