Швециялык чебер скрипач Кыргызстанда

25-февралда швециялык чебер скрипкачы Хьюго Тиччиати Бишкекте концерт берди. Аны коштогон Мамлекеттик камералык оркестрдин жетекчиси Нур Өмүркулов швециялык музыкант менен кыргыз скрипкачылары тажрыйба алмашканын белгиледи.
Улуттук филармониянын сахнасында Кыргыз мамлекеттик камералык оркестрдин коштоосунда дүйнөлүк атактагы композитор Альфред Шниткенин “Эски стилдеги сюита” деген чыгармасын учурда бүткүл дүйнөгө таанымал, швециялык чебер скрипкачы Хьюго Тиччиати берилип ойноп жатты.

Скрипканын кылдарынан бирде сагыныч, кусалык сызылып чыгып, бирде жан эргиткен мукамдуу добуш, кубаныч коштогон назик сезим музыка аркылуу арбап баратты.
“Эски стилдеги сюита” (1-бөлүк)



“Эски стилдеги сюитаны” скрипкага жан киргизип ойноп жаткан өзү Улуу Британияда туулуп, учурда Швецияда жашап жаткан музыкант Хьюго Тиччиати 12 жашында Эденбург фестивалында Элизабет холлдун чоң сахнасына биринчи жолу концертке чыккан. Мына ошондон кийин таланттуу бала оркестрдин коштоосунда Англия, Америка, Швеция, Жапония, Германия, Италия сыяктуу ондогон ири мамлекеттерде концерт берет.

Ал Бетховен, Бах, Паганини, Вивалди, Астора Пиаццолла сыяктуу дүйнөлүк алп композиторлордун чыгармаларын скрипкада жан киргизе ойноп, бир катар эл аралык фестивалдарда биринчиликти алып, азыр атактуу чебер музыканттардын катарына кошулган. Бир катар өлкөлөрдө скрипка боюнча устаттык сабактарды өткөн.

Белгилүү скрипкачыга микрофон сунганыбызда Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын айтты:

- Мен скрипканы орусиялык Нина Балабина деген мугалимден үйрөндүм. (авт. Нина Балабина скрипкадан сабак берген мыкты устат. Ал Стогольмдо музыкалык мектептин кичи Академиясын ачкан.) Анын тарбиясында мен дүйнөлүк классикалык чыгармаларды аткарууга жетиштим. Албетте талантты талыкпаган эмгектенүү аркылуу арттырдым. Мен Бишкекке биринчи жолу келишим. Мага Кыргызстан аябай жагып калды. Концертке келген көрүүчүлөр дагы жакты. Нур Өмүрбаев менен кийинки долбоорду дагы сүйлөшөбүз. Балким бул жакка жайында дагы келермин.

“Эски стилдеги сюита” (2-бөлүк)



“Дүйнөлүк классиканын шедеврлери” деген аталыштагы долбоордун алкагында концертти уюштурган Мамлекеттик камералык оркестрдин жетекчиси Нур Өмүрбаев швециялык музыканттын чеберчилиги менен кыргыз скрипкачыларын тааныштырып, тажрыйба алмашууга чакырганын белгиледи.

- Биздин негизги максатыбыз - кыргыз угармандарына жаңы программадагы концерт сунуш кылуу. Анткени Хьюго Тиччиати учурда дүйнөгө таанымал чебер скрипкачы. Классикалык музыкага кыргыздар көп келе бербейт. Эстрадалык концерт десе зал толуп калат. Ал эми классикалык музыканы саналуу эле кишилер, кээ бир интеллигенттер эле көрүшөт. Менин максатым - кыргыз элин ушундай классикалык музыкага кызыктыруу. Биздин элдин маданий деңгээли өсүшү үчүн классикалык музыканы көп уктуруу керек.

Концертке келгендердин басымдуу бөлүгү Бишкектеги чет мамлекеттик эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, башка улуттун өкүлдөрүнөн турса, кыргыз улутундагылар саналуу гана болду.

Көрүүчү Аманат Жумагулова жергиликтүү элди классикалык искусствого тартуу үчүн окуу жайларда концерттерди көп берип, музыканттар менен байма-бай жолугушууларды уюштуруу зарыл деп эсептейт:

- Ата-энелер баланы классикалык музыкага тарбиялоону кичинекей кезинде эле колго алуусу керек. Бала бакчада дагы фортепиано, скрипка, флейта боюнча атайын балдар үчүн жазылган чакан музыкаларды уктуруп турса жакшы болт эле. Моцарт деген ким? Шопен, Бетховен сыяктуу композиторлор тууралуу маалымат берип тааныштырса, кичинекей балдардын эсинде калат. Азыр классикалык музыка түгүл флейта, кларнет, арфа деген эмне инструмент экенин билбеген жаштар бар. Анан жогорку окуу жайларда музыканттар менен жолугушууларды уюштуруп, классикалык музыка кечесин көп өткөрүп турса натыйжа чыгат деп ойлойм.

Швециялык скрипкачы Хьюго Тиччиати Бишкекке келгенге чейин Санкт-Петербургдун Эрмитажында өткөрүлгөн классикалык музыка фестивалына катышып, жогорку чеберчилигин көрсөткөнүн орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.