Жаш акындар айтышында көпчүлүктүн көкөйүнө тийген жемкордуктан баштап, дүйнө коомчулукту кооптонтуп турган терроризм коркунучуна чейинки көйгөйлөр көтөрүлдү. Жаш акындар өздөрү демилге көтөрүп, өзгөчө мазмунда уюштурган айтышта баш байгеге улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдугу коюлду.
Тынчтыкбек Эсенбай уулунун сакалчан акын Калыбек Тургуновго тийишип ырдап турганынан үзүндү:
- ...Анда мен ажыдаардай чаңырып,
Айтайын байке жаңылык.
“Тарс” дегенде калбасын,
Тарсылдагың жарылып.
Калдаңдап жетип келипсиң,
Кара сакал тагынып...
Сайрайсың да турасың,
Сакалыңа чалынып.
Анан жаңылык сурап коесуң,
Укпадың беле каңырык.
Өткөндө темир тордун ичинен,
Террорист качкан агылып,
Милиция көрсөң кача көр,
Калайык буга бата бер.
Атып салбасын жаңылып...
Калыбек Тургуновдун жообунан:
- Адебинен ашынат.
Ыйлаар бала сенчилеп,
Атанын сакалына асылат.
Кычыткы ырдап турасың,
Кытыгылап колтугум,
Өлөр эчки сүйөнөт, таягына койчунун...
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кытайлык кыргыз акындары Акматбек Султан уулу менен Мамбеттокто Өмүр уулу болсо Кыргызстанга келгенден бери өздөрү байкаган одоно көрүнүштөргө токтолуп, салмактуу кеп салып беришти. Мамбеттокто Өмүр уулу өнөктөшүнө төмөнкүдөй суроо салды:
- ...Азыркы доордо Бишкек го,
Кыргызстандын борбору.
Жалпыбызга үлгүдүр,
Жакшылык иштин болгону,
Бирок миллион акча чачылып,
Кыргыздын “ашөпкө” өтөт тойлору.
Машинасынан билинет,
Байлыкка элдин толгону.
Унаасы жаңы, а бирок,
Эмнеге жыртык жолдору?
Акматбек Султан уулу:
- ...Жол жыртылат, унаалар
Өлчөмүнөн көп болсо.
Салыгын төкпөй айдоочу,
Кара башка бек болсо.
Казынага түшкөн миң сомдон,
Колго карматар жүз сом эп болсо,
Жолдору кантип жаңырмак,
Казынага түшкөндү,
Аны кармагандар жеп койсо.
Кытайлык кыргыз акындары негизинен бул айтышта жумшак, жылма сатира, орундуу сөз менен Кыргызстанда кызматка туугандарын жумушка алгандар, алакандай өлкө болуп туруп жер-жерге, улут-улутка бөлүнгөндөр, мамлекеттик жооптуу кызматтарда жүрүп, казынага кол салгандар, жалкоолор көп экенин айтып, мындай кемчиликтерден улам учурда кыргыз эли доордон артта калып баратканын сындап өтүштү.
Кийинки жуптар Чыңгыз Кожошев менен Турат Жумаев айтышта бири азыркы учурдун көйгөйүн, бир жакшы жактарын айтып берди. Кожошев башында кыргыз элин “чыр десе качып, ыр десе келген эл, жашоо оңоло баштады”, -дей баштады эле Турат Жумаев өз кезегинде “кыргыз чыр, митинг, пикет десе 500 сом берсе деле келе берет”-деп, ырын мындайча улады:
- ... Чынардын баары кыркылып, Чыке,
Азыр отун болгон замана.
Кой үстүндо торгой бар,
Бирок котур болгон замана....
Буга улай Турат Жумаев Кумтөр көйгөйүн кеп кылып келип :
- Шүгүр, шүгүр деп коюп,
Калкым шүмшүйүп жашай береби.., - деп сөзүн жыйынтыктады.
Жаш акындар Баян Акматов менен Акжолтой Канат уулу акыркы жылдары дүйнөдөн өткөн Майра Керим кызы, Казат Акматов, Мукамбет Токтобаев, Жаныбек Алыкулов сыяктуу кыргыз маданиятынын, адабиятынын өкүлдөрүн эскерип элди ойго салды.
Айтыштын жыйынтыгында кыргыз-казак акыны Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жеңишке жетишип, Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдугуна ээ болду.
- Энеден калгам айрылып,
Эртеңки күндөн айбыгып...
Жан дүйнөм тартып алаамат,
Көркөмдүү бала жүзүмдү,
Көз жашым жууган салаалап,
Бирок артына жарык из берген,
Адашпас кылып түз берген,
Апага кылам канаагат...
Жаш акындардын айтышын өткөрүүгө Жазуучулар бирлиги жана Кыргыз радиосу көмөктөшүп, жеңүүчүлөр атайын диплом жана кыргыз жазуучуларынын китептери менен сыйланды.