Академиялык музыкалык билим берүүгө ылайыкташкан Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык жатак мектеп жылына жөндөмү бар алтымыш баланы биринчи класска кабыл алат. Директордун орун басары Канатбек Кожомбердиевдин айтымында, эки жылдан бери алтымыш орун үчүн 300дөй бала ат салышууда.
- Былтырдан баштап кыргыз балдары музыкага өтө көп санда кызыгып жатат. Өткөн жылы да бизге үч жүздөй бала келди эле. Быйыл да ошондой болду. Биздин мектепке биринчи класска жети жашынан баштап алынат. Ага алтымыштай киши кабыл алабыз. Тапшырган балдардын баары комиссия аркылуу кабыл алынат. Эгер шыгы болсо тандоодон өтөт.
Канатбек Кожомбердиевдин баамында, кенедейинен классикалык музыка менен тааныштыгы бар балдар кийин атактуу музыкант болбосо да ички маданияты бийик инсан болуп калыптанат. Ата-энелер ушуну түшүнгөндөн улам балдарын музыкалык мектептерге бергенге умтулат.
- Мисалы, мурун Прибалтикада бүт мектептерди музыкага окутушкан. Алардын маданиятынын өйдө болгонунун да себеби ошо деп ойлойм. Маданиятуу коом мамлекетти өнүктүрөт.
Кожомбердиев жалпы билим берүүчү мектептердин баарында эле музыка сабагына астейдил көңүл бурулуп, ал жерде кесипкөй музыканттар иштесе, анда жеке эле музыкалык мектепте окуган балдардын эмес, бүт эле окуучулардын ички дүйнөсү туура калыптанмак деген ойдо.
Адатта музыкалык мектепти аяктагандардын бардыгы эле ырчылык-обончулук өнөрдү аркалашпайт. Ал эми музыкалык өнөрдү кесип кылууну чечкендер музыкалык жогорку, атайын орто окуу жайлардан билимин улантышат.
“Келечекте эстрада жылдызы болгум келет”
Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиевдин айтымында, ырчылыкты, музыкалык өнөрдү үйрөнгүсү келген жаштардын көпчүлүгү эстрадалык жана фольклордун жанрды тандашат. Ал эми классикалык музыкага ынтаа коюп, аны тереңирээк өздөштүрүүнү каалагандар жокко эсе.
- Бүгүнкү күндө эстрадалык бөлүмгө тапшыргандар аябай көп. Мисалы, биздин окуу жай сегиз гана эстрада ырчысын алабыз. Ал эми сыртта кырк бала кезек күтүп турат. Буга коомдогу агымдын тиешеси бар. Баары эле жылдыз болгусу келет. Эми көчөдө жүрүп жаман иштерге кабылгандан көрө ырдайм дешкендери жакшы, албетте.
Тентимиш Мураталиев жаштардын эстрадага ык коюусун өнөрлүү баланы мектептен классикалык музыкага багыттоо начар болуп жатканынан көрөт. Экинчиден, эстрада менен фольклор кирешелүү, ошону менен бирге элге оңой тааныта турган тармак болуп жатышында деп эсептейт.
Тогузунчу классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайынын эстрада бөлүмүнө өтүү үчүн келген абитуренттердин бири Дастан бизге өзүнүн максатын айттып берди:
- Мен да келечекте белгилүү эстрада ырчысы болгум келет. Ошондуктан ушул окуу жайына тапшырганы жатам. Мектепте конкурстарга катышып жүргөм. “Жоокер ыры” деген ырды ырдап облуска чейин келгенбиз.
Эстрада ырчысы болугусу келген балдардын биринин атасы Жаныбек өзү да жаш чагында ырдап жүрүп, бирок чыгармачылыгын улай албай калган экен. Эми өзүнүн ошол максатын уулу улайм деп турганын айтты:
- Куудулдар “ырчы менен молдону эл багат” дешет эмеспи. Бекер жүргөндөн көрө окуп алайын дегендер бар. Талантымды өркүндөтүп эл алдына чыксам экен дегендер бар. Баланчанын баласымын деп ата-энемдин атак-даңкын көтөрөйүн дегендер бар. Биз мына ошол тилек менен келип отурабыз.
Өнөрлүү балдар көбүнесе той-топурда пайда табууну көздөп, ырчы же тамада болгусу келерин сындап жүргөндөр да бар.
Өлкө боюнча учурда музыканттарды даярдай турган эки жогорку окуу жай, сегиз кесиптик окуу жай, бир борбордук атайын музыкалык мектеп бар. Мындан сырткары жер-жерлерде токсонго чукул музыкалык мектептер иштеп жатат. Жалпы музыкалык билим берүү мекемелеринде үч миңге чукул келечектеги музыканттар билим алат.