Айыпкерди бошоткондорду жоопко тартуу талабы коюлууда

Гүнеш Йылмаз сот залында.

"Бета-Сторес” дүкөнүндө иштеген Чолпон Орузбаеваны токмоктоп, кордогондугу үчүн кармалып, бирок кийин өлкөдөн качып кеткен түрк жараны Гүнеш Йылмаз Казакстандан кармалып, жакында Кыргызстанга кайтарылды.
Жабырлануучунун таламын талашкан “Жаштар кеңеши” коомдук уюму Гүнеш Йылмазды үй камагына чыгарып, качып кетүүгө шарт түзгөн Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын жоопко тартуу талабын койууда.


Мыйзамды каалагандай калчоонун убагыбы?


Быйыл жазында “Бета-Сторестин” ага кызматкери Гүнеш Йылмаз анда иштеген Чолпон Орузбаевага күч колдонгондугу үчүн камакка алынган. Бирок шаардык соттун судьялары Людмила Нарынбаева, Мая Бейшенова жана Жыпаргүл Калыбекова айыпкерди үй камагына бошотуу чечимин чыгарышкан.

Мыйзам чет элдик жаран кылмышка кириптер болгондо аны үй камагына бошотууга тыйуу салат. Бирок аталган мыйзам талабы бузулгандыктан улам, Гүнеш Йылмаз кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүнчүлүк алган.

Мавлян Аскарбеков Чолпон Орузбаеванын укугун коргогон митингде, 2011-жылдын 7-июну.


Жабырлануучунун таламын талашкан “Жаштар кеңешинин” төрагасы Мавлян Аскарбеков башкаларга сабак болуш үчүн айыпкерди боштондукка чыгарган судьяларды жоопко тартууну талап кылды:

- Бишкек шаардык сотунун аталган үч судьясын жөн эле кызматтан четтетип коюшпай, кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабын койгонбуз. Бирок ал талап аткарыла элек. Бирок биз аягына чейин турабыз. Людмила Нарынбаева баштаган соттор мына ошондой чечим чыгаргандыктан айыпкер качып кетип, анан коңшу өлкөдөн кармалып олтурат. Эмне үчүн алар буга жооп бербеш керек. Алар ошол чечимин кайсыл мыйзамга таянып чыгарышкандыгы белгисиз. Бул деген сөз сот каалагандай чечим чыгара берет дегенди түшүндүрөбү. Биз ушул өнөкөткө чекит коюш үчүн аларды да соттоо талабын койдук.


Данияр Нарынбаев баарына даяр


Кылмышка шектелген түрк жаранын үй камагына бошотуу чечимин чыгарган судьялардын бири Людмила Нарынбаева президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин жубайы. Доомат койгон тарап Данияр Нарынбаев кызматта турганда судья болуп иштеген жубайынын жоопкерчилигин кароого тоскоолдук кылышы мүмкүн деген жүйөөнү карманат. Ошондуктан сот аяктаганга чейин Нарынбаевдин өзүн да кызматтан чегинүүгө чакырык ташталды.


Ошол эле учурда Данияр Нарынбаев бул иш боюнча тергөөгө таасир этет деп шектенбеш үчүн президенттин чечими менен кызматтан чегинүүгө даяр экендигин айтты:

- Сөзсүз түрдө президент аталган кайрылууну караш керек. Бул маселеде мамлекет башчысы ушундай чечим кабыл алса мен кызматтан чегинип турууга даярмын. Менин аялым судья болгон кезден баштап эле кандай гана болбосун мени менен чыгарган чечими же өкүмү боюнча кеңешпейт. Биз бири-бирибиздин ишибизге кийлигишкен эмеспиз.


Соттун өзүн соттогонго далил жок


Буга чейин соттор кеңешинин сунушу менен президент жогоруда аталган үч судьяны кызматтан бошоткон болчу. Бирок алардын жоопкерчилигин кароо маселеси ачык бойдон калган. Бул туурасында башкы прокуратура атайын иликтөө иштерин жүргүзгөн эмес.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бакыт Рысалиев кызматтан алынган судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн алардын айыпкер тараптан пара алгандыгын тастыктай турган далилдер жок деп эсептейт:

- Бул жагдайда жазанын эң жогорку чеги эле кызматтан алуу го. Ага чейин эскертүү, сөгүш берүү сыяктуу чаралар колдонулат. Ал эми кылмыш ишин козгоо үчүн кандайдыр бир далил болуш керек да. Мисалы үчүн алардын ошол тараптан пара алгандыгын тастыктай турган далил болбогондон кийин курулай эле каралоого негиз жок.


"Үшүткөн" күйүт же үзүлгөн үмүт


Түрк жаранынан жабыркаган Чолпон Орузбаева учурда туулган айылында турат. Ал ур-токмоктун айынан оор операцияны баштан кечиргенден кийин жумушка жарамсыз болуп калгандыгын айтты. Буга чейин жабырлануучунун таламын талашкан жаштар уюмдары “Бета-Сторестин” жетекчилигине Чолпонго моралдык чыгым төлөп берүү талабын койушкан болчу.

Чолпон Орузбаева аталган компания жетекчилиги учурунда берген убадасынан кийин айнып калгандыгына токтолду:


- Чыгымдарыңды Гүнеш Йылмаздан төлөтүп аласың деп мурда берген убадасынан айнышты. Башында жетекчилик мына ошо Йылмаз тарап болуп, биз анын жүрүш-турушуна даттансак, бизди укпай аны укчу. Жумушка чыксам “сени менен иштеше албайбыз, келишим бүттү, жумуштан чык” дешти да. Андан кийин башка бир жумушка кирдим. Бирок ден-соолугум начарлап, ага иштей албай койдум. Азыр дарыланайын десем акчам жок.

“Бета-Сторес” компаниясынын башкы директору Салих Эрдогду бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Учурда айыпкер Гүнеш Йылмазга карата тергөө амалдарын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.

Өткөн жайда Чолпон Орузбаевага залал келтирген түрк жараны Гүнеш Йылмазды камакка алуу талабы менен жаштар уюмдары митинг уюштурушкан. Мына ошондон кийин гана ал камакка алынып, бирок кийин сот тарабынан үй камагына бошотулган. Жагдайдан пайдаланган Йылмаз өлкөдөн качып чыгып, бирок издөө жарыяланып калгандыктан улам, Казакстандын аймагынан кармалган болчу. Ал туура эки айдан кийин Кыргызстандын башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кайра Кыргызстанга кайтарылды.