Чуулгандуу иштин жаңы жагдайлары

Медет Садыркуловдун өлүмүн уюштурууга катыштыгы бар деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү Тажикстанда кармалды.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен иш-чарасынын жыйынтыгында кыргызстандык уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү деп шектелген Кадыр Досонов, Садык Борбиев, Чыңгыз Жумагулов жана Шералы Аканов Дүйшөмбү шаарында колго алынды.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, аталган төртөө тең Алманбет Анапияевдин уюшкан кылмыш тобуна мүчө.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев алардын үстүнөн Садыркуловдун өлүмүн уюштургандыгы боюнча материалдар бар экенине токтолду:

- Бул төрт киши Садыркуловду кырсыкка учуратты деп жасалма кармалган "Аудинин" айдоочусу Осмоновду 7-апрелден кийин өлтүрүшкөн.

Мына ошолор аталган унааны сатып алышып, кылмыш боло турган жерди да даярдашкан. Аталган топтун ичинен Садык Борбиев деген Осмоновду өз колу менен өлтүрдү деп шектелүүдө. Булар Анапияевдин буйругу менен иштешкен. Булардан сырткары кылмышты түздөн-түз аткаргандар бар. Алар мурда эле кармалып отурушат.


Табышмактуу тагдырлардын жандырмагы

Кармалгандардын бири Кадыр Досонов кылмыш чөйрөсүндө “Жеңго” деген лакап ат менен белгилүү. Колго алынган топтун ар бир мүчөсү ар кайсы буйрутма боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Баяман Эркинбаев, Руслан Шаботоев жана Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө да катышы болушу мүмкүн экендиги айтылды.

Мелис Турганбаев аталган саясий мүнөздөгү адам өлтүрүүлөрдүн артында бир киши тургандыгын белгиледи:

- Бул кылмыштын арты менен буга чейинки өтө оор кылмыштар ачылат деп турабыз. Мына ошол эле Шаботоевдин жана Кадыралиевдин өлтүрүлүшүнүн башында буйрутмачы катары шектүү бир адам турган. Ал - Жаныш Бакиев. Мына ошол саясий мүнөздөгү адам өлтүрүүлөрдүн бардыгы бири-бири менен абдан чырмалып, чиеленишкен. Мунун бардыгынын түйүнүн чечүүгө жакындап калдык.

“Кулак, сөөмөй” операциясы

Мелис Турганбаев президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловго кол салууну уюштуруу демилгеси 2008-жылы эле башталганын айтты.

Жаңы жылдын алдында анын үйүнө “күтүүсүз белек” жөнөтүлгөнү айтылып, бирок ал учурда бул иштин артында ким турганы белгисиз бойдон калып кеткен.

Аламүдүн камчыгайы, 13-март, 2009-жыл
Ал мезгилде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеген Мелис Турганбаев бул ишти учурунда өзү ачканын расмий түрдө биринчи жолу билдирди:

- Сөөмөйдү, кулакты “тартууга” жөнөтүшкөндө бул биринчи эскертүү болгон. "Кийинкисинде да баш ийбесең өлтүрөбүз" деген белги. Бул кылмыштын башында да Жаныш Бакиев турган.

Мен бул ишти алты күндүн ичинде ачып салганда, ага тоскоол болушуп, токтотушуп, ишти кароону Башкы прокуратурага өткөрүп, анан бир жылдан кийин бирөөнүн мойнуна илишип, шарттуу түрдө эки жылга кесишкен.

Биз келгенден кийин бул ишти кайра жандантып, ага кимдердин катышы болгондугун аныктап, жакында кылмышка шектүү ошол кездеги милиция кызматкерлеринин бирин Москвадан кармап келдик.


Буга чейин Мелис Турганбаев Садыркуловго кол салуу туурасында ошол кезде билип туруп маалыматты жашырган аткаминерлер болгондугун айткан. Ошондуктан ал ошол учурда күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн жетекчилер суракка чакыртыларын каңкуулаган болчу.
Ошол эле Шаботоевдин жана Кадыралиевдин өлтүрүлүшүнүн башында буйрутмачы катары шектүү бир адам турган. Ал - Жаныш Бакиев.

Коопсуздук органдарынын генералы Артур Медетбеков “кулак-мурун операциясынын” бетин ачып, бирок учурунда ал туурасында ачык айта албаган жетекчилердин аракети да кылмышты жашырууга кирет деп эсептейт:

- Бирок ошол кылмыштын аткаруучуларын жана буйрутма бергендер ким экендигин тапкан болсо, эмне үчүн ошол учурда коомчулукка ачык айтып чыга алган жок? Эмне үчүн бул ишти аягына чыгарууну талап кылалбады? Себеби ал да корккон. Эгерде Коопсуздук кеңешинин катчысы Садыркуловдун өлүмү боюнча маалымат жашырган дешсе, анда Турганбаев Мелис да Садыркуловдун иши боюнча биринчи коркунуч сигналын коомчулукка ачык айтпай койгон үчүн жооп бериш керек.

Ошол эле учурда из кубарлар уюшкан кылмыштуу топтун аталган төрт мүчөсүнүн кармалышы туңгуюк абалда калып келген башка да буйрутма адам өлтүрүүлөрдүн себептерин ачыкташы мүмкүн дешет.

Бирок президенттик шайлоонун алдында аталган кылмыш иштеринин саясий түс алышы ишти иликтөөнүн жыйынтыктарына таасир этиши мүмкүн дегендер да жок эмес.