Бишкектеги Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды куруу учурундагы коррупциялык иштер боюнча соттук иш борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда каралууда.
2-июлда өткөн акыркы жараянда айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары ишти караган судья Айбек Эрнис уулуна ишенбестик көрсөттү.
Мындай аракетти Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов буга чейин соттолгон саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишине салыштырып, төмөнкүчө түшүндүрдү:
"Мен Текебаевдин иши менен аналогия жүргүздүм. Анткени, Текебаевге козголгон иш менен Тарых музейи жана атмайдан боюнча козголгон иштердин укуктук параметрлери окшош. Бул эки иш тең "Коррупция" беренеси боюнча козголуп, айыпталуучуларга коюлган айып конкреттүү материалдык далилдерсиз, бир гана күбөнүн көрсөтмөсүнө негизделген. Башкача айтканда, айыпталуучунун пара алып же пара бергени, кызмат абалынан ашыкча пайдаланганы боюнча эч кандай далил жок. Текебаевдин ишинде Маевскийдин көрсөтмөсү болсо, бул иштерде тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзгөндөрдүн көрсөтмөсү болуп жатат. Ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу Текебаевдин ишин карап, айыптоо өкүмүн чыгарган. Мен муну жакшы эмес прецедент деп эсептейм".
Адвокаттын ишенбестик көрсөтүп, ишти башка судья карасын деген өтүнүчүн Айбек Эрнис уулу четке какты.
Ошол эле учурда коомчулуктун көңүлү мурдагы бийлик учурундагы иш менен азыркы ишти салыштыруу канчалык туура деген суроого бурулуп жатат.
Өз кезегинде Сапар Исаков Өмүрбек Текебаевдин соттолушу мыйзам бузуулар менен коштолду деген жүйөнү четке кагып келген.
Муну эске салган Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев акыркы салыштыруу туура эмес деген пикирде.
"Айбек Эрнис уулу карайбы же башка карайбы Текебаевдин соту менен музей боюнча Сапар Исаковдун ишинин материалы эки башка. Бул эки ишти салыштыруу туура эмес. Анткени музей боюнча абдан көп фактылар бар экени айтылган. Булар өздөрүнүн бетин ачып жатат. Убагында Текебаевге каалагандай чечим чыгартып, эми сотту алмаштыр дегени абсурд".
Ошол эле кезде юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов саясатчыларга карата чуулгандуу иштерди Айбек Эрнис уулу сыяктуу судьялардын карашы шек саноону күчөтөрүн белгиледи.
"Анализ кылып көрсөк, саясий лидерлерге байланыштуу иштерди бир эле судьялар карайт. Эмнеге экени белгисиз. Мурда деле ушул сыяктуу процесстер болгон. Ошон үчүн кайсы бир судьяга ишти каратуу алардын нейтралдуулугуна бийлик басым кылып жатабы деген ой жаратат".
Бишкектеги Тарых музейин оңдоодогу коррупция боюнча чыр былтыр көтөрүлүп, мындан көп өтпөй кылмыш иши козголгон. Анда музейди оңдоо үчүн бюджеттик каражат ыксыз коромжу болуп, коррупцияга жол берилгени айтылган.
Дагы караңыз Музейдеги кыңыр иштерБашкы прокуратуранын маалыматы боюнча музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан. Кийин бул иш Чолпон-Атадагы ат майданды куруудагы коррупциялык ишке бириктирилген.
Аталган иштердин алкагында алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер Сапар Исаков, президенттик аппараттын экс-бөлүм башчысы Мира Карыбаева да бар.
Мындан сырткары бул иш боюнча өткөн аптада парламент экс-президент деген статусунан ажыраткан Алмазбек Атамбаев да шектүү катары каралышы мүмкүн экенин Башкы прокуратура кабарлаган.
"Тергөө бүтүп, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, иш сотто каралууда. Бир кылмыш иши бөлүнүп, реестрге катталып, тергелип жатат. Шектүүлөр арасында экс-президенттин да аты аталды", - деп билдирген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу парламентте.
Ал эми эки жылдан бери оңдоого байланыштуу жабык турган Тарых музейи элге эшигин качан ачары белгисиз.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов музейдеги ремонтту толугу менен эгемендик майрамына чейин бүткөрүү пландалып жатканын билдирген.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Тарых музейинен башка Бишкек жылуулук электр борбору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган. Бул иш учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат.