Өкмөттүн мамлекеттик ипотека берүү убадасы

Бишкекте курулуп жаткан үйлөр.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяны эми жарандардын баары алууга укуктуу. Бул тууралуу 20-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү билдирди.

Кыргыз өкмөтү март айында Германия өнүгүү фонду менен 11 миллион евролук келишимге кол коёрун, анын 10,5 миллиону ипотекалык насыяларды берм терганын билдирди.

Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана насыя берип келаткан. Компания өкүлдөрү ырастагандай, үй алуучулардын катары калың, андайга иштеп жаткандардын баары эле муктаж. Муну эсепке алган МИК жарандардын баары ала турган ипотекага каражат алып келчү инвесторлорду издөөдө.

Кредит берүүдө биринчи кезекте карыз алчулардын социалдык абалы эске алынат жана алды менен турак жайга өзгөчө муктаждар камсыз болушат.

Бюджеттик мекемелерде иштебегендердин насыя алышы үчүн кандай шарттар каралган? Бул маселени компания ушул тапта ойлонуп жаткан чагы. Мүмкүн бюджеттик мекемеде иштебегендердин үстөк пайызы бир аз жогору болушу ыктымал. Бирок бул маселе боюнча так чечим азырынча кабыл алына элек.

Насыяны кайтарууга бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн белгиленгендей, 15 жылдык мөөнөттү калтыруу сунушталууда.

Жогоруда айтылгандай, мартта Каржы министрлиги Германиянын өнүгүү фонду (KfW) менен 11 миллион евро боюнча келишимге кол коюп, анын 10,5 миллион евросу жалаң ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалмакчы. Бул акча инвестиция катары келет.

Мындан тышкары МИК ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып, аны сатуудан түшкөн каражаттарды да каалоочулардын баарына насыя катары берүүнү пландоодо. Компания 2017-жылы ушундай жол менен 300 - 500 миллион сом тартууну көздөп жатат. Келишим кол коюлгандан кийин каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун белгилүү жөрөлгөлөрүнөн өтүшү керек.

Маалымат жыйынында МИК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев алгачкы насыялар быйыл жылдын аягына чейин берилип калышы ыктымал экенин билдирди.

Кредиттин эң узагы 15 жылдык мөөнөөткө берилет деп эсептелүүдө, ал эми үстөгү 14%. МИК бир адамга үч миллионго сомго чейин насыя бөлүшү мүмкүн. Эгер кредитти эртелеп кайрып берсе, андан комиссия алынбайт, күрөөгө коюлчу мүлк насыяга алынган үй болот. Ипотеканы жаңы үй сатып алууга, өз жер тилкесине турак жай салуу үчүн да алса болору айтылды. Компания ишин баштагандан бери 991 миллион сомдук 830 кредит берди.

Кредит алуунун шарты боюнча кенен маалыматты МИК расмий сайтынан (www.gik.kg) окууга болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.