СOVID-19: Аймактардагы стационардык борборлор

Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационар.

Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационарларга күн сайын 150дөн ашык адам келип жатат.

Ысык-Көл облусу боюнча обсервация жана стационар үчүн 1383 орун камдалды. Анын ичинен обсервация катары 645 орун, күндүзгү стационар катары 738 орун бар.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, ошондой эле жалпы облус боюнча иштеп жаткан эс алуу жайлары, пансионаттар менен келишим түзүлдү.

Ага ылайык, эки миң орун камдалды, бирок резерв катары кармалып турат. Азырынча даярдалган орундар жетиштүү.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев стационарлардын биринде.

Ысык-Көлдө облустун ичинде жана тышка каттаган маршруттук кичи автобустардын иштешине он күнгө чектөө киргизилүүдө. 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, Каракол шаардык автобекети он күн иштебейт, турфирмалар менен келишими бар кичи автобустар гана каттай алат. Таксилердин ичи 70% гана толууга тийиш.

Каракол шаары. 9-июль, 2020-ж.

Талас шаары.

Облуста 570 орунга күндүзгү стационар ачылды. Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Талас облусунда алгачкы бейтап дээрлик үч айдан кийин, 10-июнда гана катталган. Облус жетекчиси аймакка кирип-чыгууну чектөө жагынан мурун да чара көргөн болчу.

9-июлга карата коронавирус Кыргызстанда 8847 адамдан табылды, алардын 83ү Таласта. Облуста бул илдеттен эки адам каза болгон.

Баткен облусунда күндүзгү стационар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул аймактын ар бир район, шаарында кошумча 200дөн орунга ылайыкташкан стационарлар ачылат. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда орундуктар даяр болду. 

Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.
Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.

Нарын шаарындагы "Газпром" спорт комплексиндеги 50 орундук күндүзгү стационар. 

Коронавируска байланыштуу кырдаалдын күч алышынан улам Нарын облусу боюнча 829 орундуу күндүзгү стационар түзүлгөн.

 Алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169, Ак-Талаа районунда – 123, Жумгал районунда – 162, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орун.

9-июлга карата Нарын облусунда коронавируска чалдыккан 18 адам катталган. Жалпы облуста оору жуктургандардын саны – 604 адам

Бишкек шаарынын "Дордой" конушундагы мектепте даярдалган күндүзгү стационар. 8-июль, 2020-ж.

Сүрөт Нурзат Осмонова аттуу Бишкек шаарынын тургунунун Фейсбуктагы баракчасынан алдынды.

Бишкек шаарындагы жарнак.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.