Текебаев-Чотонов соту: өкүм өзгөргөн жок

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

2-октябрда Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылганын жарыялады:

- Бишкек шаар сотунун коллегиясы айыпталуучулар Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго чыгарылган Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөрүүсүз калтырылсын деп чечти.

Муну менен катар шаардык сот адвокаттардын жана мамлекеттик айыпталуучулардын апелляциялык сунуштарын канааттандырган жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Текебаев-Чотонов соту: өкүм күчүндө калды

Шаардык соттун өкүмү айыпталуучулардын өздөрүн катыштырбай туруп, алардын адвокаттарысыз чыгарылды. Сот өкүмдү окуй баштаганда залда отургандар буга нааразылык иретинде чыгып кетишти.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаева сот өкүмү өзгөрүүсүз калганын сынга алды.

- Бир дагы факты далилденген жок. Ага карабай Биринчи май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул сот эмес, бул орусча айтканда "судилище". Текебаев менен Чотоновду түрмөгө отургузуу аракети болду. Фактыларды териштирсек убактысы же жолуккан адамдар боюнча же жолукту деген күнү туура келген жок. Адвокаттар келген жок, анткени Чынара Жакупбекованын кызы ооруп калганда буга чейин сот уруксат бербей койгон. Бул жолу ал келе албай калды.

Түшкө чейинки процессте мамлекеттик жактоочу сунушталып, ага Өмүрбек Текебаев адвокаттарынын катышуусуз сотко көрсөтмө берүүдөн баш тарткан эле.

Тартип боюнча шаардык соттун өкүмү угузулары менен күчүнө кирет. Эми Текебаев менен Чотоновду жалпы абакка которуу жана Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселелери чечиле баштайт. Ал эми үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси адвокаттардын арызы менен кайра каралышы мүмкүн.

Анткен менен "Ата Мекен" партиясынын юристи Канатбек Азиз Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутагына кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

- Шаардык сот өзгөртүүсүз калтырды. Биз муну түшүнүп эле турганбыз. Биз жөн эле кетпейбиз, төңкөрүш дагы кылбайбыз. Мыйзам чегинде жакында Жогорку сотто бул маселе каралат. Сот эки тарапты угуп чыгышы керек болчу, өкүм чыгаруу баарына жеткиликтүү болушу керек. Азыр судья бул өкүмдү өзүнө эле окуп койду. Эл чыгып кетсин деп эле күтүп турган окшойт. Биздин Жогорку сотко кайрылууга убактыбыз бар. Ал эми мүлкүн конфискациялоо боюнча маселе башка. Анысына макулбузбу же жокпу аны кийин айтабыз.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту үй-мүлкүн конфискациялап, алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Мындан сырткары үч жыл мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Өмүрбек Текебаевге он, Дүйшөнкул Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Ушундай эле арызды айыпталуучулардын адвокаттары да беришкен.

Мурдагы судья Султангазы Касымов адвокаттар жана айыпталуучулар жок өкүмдү чыгаруу практикасы бар экенин белгилеп жатат:

- Эки тарапка тең кабар берет. Бирок жүйөсү жок келбей койсо улам эле кийинкиге калтыра береби? Жазык-процессуалдык кодексте судьяларга катышуучусуз эле кароо укугун берет. Азыр саясий буюртма деген термин чыкты. Анысын билбейм, бирок биринчи инстанцияда кылмыштын даражасына карап жаза берсе керек. Ал эми шаардык сот сунушту кабыл алууга сөзсүз эле милдеттүү эмес. Өкүмдү оордотууга негиз жок болсо керек.

Бишкек шаардык сотунда жалпысынан 20га чукул адам көрсөтмө берди. Алардын арасында чуулгандуу тасмага байланыштуу кайра суралган саясатчы Азимбек Бекназаров да бар.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат. Ал эми Башкы прокуратура куугунтук жок экенин белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.