Салянованын соту: жылыштын жышааны

Аида Салянова.

Жогорку сотто саясатчы Аида Салянованын көзөмөл арызы карала баштады.

Прокурор айыптоо сөзүндө буга чейинки инстанциядагы өкүмдү өзгөртүп, кылмыштын оор беренеси менен айтыпталып жаткан Саляновага тийиштүү чечим чыгарууну суранды. Мамлекеттик айыптоочунун жүйөсүнө караганда буга чейинки соттук өкүмдөр жумшак болуп калган.

Ал эми адвокат Чынара Жакупбекова да, Салянова өзү да "коюлган айып далилденген эмес, бул иш - саясий буюртма" деп айтышты. Сот залында саясатчынын отузга жакын тарапташтары "Салянова акталсын!" деген кагазды кармап турушту.

Акыркы жылдары мурунку президентке оппозициялык мамиледе болгон Аида Салянованын бул соттук отуруму өлкөдө бийлик өзгөргөндөн кийинки алгачкы саясатчынын иши болуп калды. Салянованын тарапташтары соттук отурум “жумшак” маанайда өткөнүн белгилешти. Анткени айыпталуучу тараптын проектор колдонуу, сотту видео менен түз чагылдыруу сыяктуу өтүнүчтөрү канааттандырылды. Ошондой эле жарыш сөз убагында айыпталуучу тарап соттор менен кайым айтышкан, анын сөзүнө чек койгон учурлар болгон жок. ​Соттук жыйындан кийин саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

- Адам жакшылыктан үмүт кылат. Бирок "соттун чечими мындай болот" деп айта албайм. Башка соттордо "видеого, ушундай проектор менен көрсөтүп берели" десек макул болгон эмес. Бүгүн ушундай мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен муну жакшылыкка жоруп, акыйкат чечим чыгаарына ишенгим келет, - деген Аида Салянова Жогорку соттон акталса депутаттык мандатын калыбына келтирүүгө юридикалык жол бар экенин кошумчалады. Кийинки отурум 22-майга белгиленди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Салянова: Мандатымды кайра алуунун жолу бар

Мурунку бийлик тушунда "Ата Мекен" фракциясынын бир нече депутатына кылмыш иши козголгон. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов күнөөлүү деп табылып, азыр абакта отурушат. Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматовго акчалай айып салынган. Үчөө тең козголгон кылмыш иштерин саясий буюртма катары баалап келатышат.

Марс Сариев

Андан бери бийлик алмашып, акыркы саясий жагдайлардан улам "Салянова акталышы мүмкүн" деген талдоочулардын божомолу бар. Алардын бири политолог Марс Сариев мындай деди:

- Азыркы бийликти "Ата Мекен" партиясы колдоп жатат. Аны бийлик да баалашы керек. Ошон үчүн Салянованы актап, Текебаевдин чыгышы созулат болуш керек. "Саясатта чакчалекей абал башталат" деп Текебаевди чыгаргандан чочулап турушат. Бирок Салянованы актаса, Текебаевдики жылып турат. Мындай кылбаса "Ата Мекен" колдобой коюшу мүмкүн.

Анткен менен саясат талдоочу Айнуру Арзыматова соттордун чечими саясий эсептешүүгө байланыштуу чыкпашы керек деп эсептейт.

- Азыр "Салянованын соту кандай болот?" деп коомчулук күтүп турат. "Саясий кырдаалды карайбы же мыйзам чегинде өкүм чыгабы?" деп. Мындай саясий кырдаал менен чечим чыкпашы керек. Күнөөсү болсо соттолсун, жок болсо акталсын. Мен Салянованы күнөөлүү деп ойлойм.

Былтыр 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Соттун чечимине ылайык, ал өз жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөмөк. Кийин ушул эле өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.