Кытай ишкерлери каматкан судьянын соту

Иллюстарциялык сүрөт.

Биринчи май райондук соту мурдагы судья Элвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү кылмыш ишти кароону улантты.

Бул кылмыш иши боюнча сот отуруму 16-июлда башталган. Бул күнү Бишкек шаарындагы Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйүндө батир сатып алууга катышкан төрт күбө суралды.

Айыптоочу тарап судья Жаркеевага "кылмыштуу топ менен келишип алып, чет элдик инвесторлорго таандык мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган" деген кине тагууда.

Биринчи май райондук сотунда жараянга учурда абакта жаткан Элвира Жаркеева, Рустам Маманов баштаган айыпталуучулар алып келинди.

Алардын ичинен Мамановду үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилди. Бирок судья адвокаттын суранычын четке какты.

Сот отурумунда аудио жана видео жазууларды жүргүзүүгө уруксат берилген жок. Жараян түштөн кийин да уланмак. Бирок күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу сот отуруму 30-июлга жылганын Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова "Азаттыкка" билдирди.

Дагы караңыз Соргок судьялар сот реформасын каалабайт

19-июлдагы отурумдан кийин Рустам Мамановдун адвокаты Назгүл Алымова экспертизага ишенбей турганын айтты.

"Экспертизаны өткөргөн эксперттер жеке менчик ишканаларда иштешет. Алар Кытай тарап менен келишим түзүп жатат. Экспертизаны өткөрүп бергенге кытай тарап акча бөлүп берген. Анан албетте күмөн санайт экенсиң".

Ал эми Элвира Жаркееванын адвокаты Рустам Абдурауфов соттук иш тууралуу кенен маалымат берүүнү каалаган жок. Ал Жаркеева медиага чыгууну каалабасын айтуу менен чектелди.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркееваны кызматынан 2018-жылы август айында президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеңешинин сунушу менен бошоткон.

Мурдараак кытай ишкерлери менен жер талашты деп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воинов камалган. Кийинчерээк бул адамдар башка бир кылмыш иши боюнча жаза өтүп жатканы белгилүү болгон. Анткен менен соттолуп жаткандардын адвокаттары кылмыш иши акыйкат тергелбей, сот маани бербей жатат деген билдирүү менен чыгышууда.

Жаркееваны жарга такаган иштин таржымалы

2016-жылы кытайлык эки ишкер укук коргоо жана сот органдарынын колдоосуна таянган уюшкан топко бизнесин тарттырып жибергени боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган.

Курулуш, тоо-кен жана тамак-аш тармагына миллиондогон доллар акча салып, бирок соттордун мыйзамсыз чечими менен андан ажыраган кытай ишкерлери аларды каралоо жүрүп жатканына даттанышкан.

Жергиликтүү ишкерлер тескерисинче өздөрү алдамчылыктын курмандыгы болушканын айтып, соттор алардын бузулган укугун гана калыбына келтиргенин жүйө келтиришкен.

Кытай ишкерлери Гао Жин Вей жана Чен Мао Чун 2012-жылы ири ишкердик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга келген. Президенттин наамына жазылган кайрылууда алар башында Бишкектеги “БЛС” деген курулуш компанияны сатып алып, 280 батирлүү элиталык типтеги көп кабат үй курушканы көрсөтүлгөн. Бирок төрт жылдан кийин сот экинчи тараптын катышуусуз эле кыймылсыз мүлктү компаниянын мурдагы ээсине кайтарып салган. Чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаркеева чыгарган.

Дагы караңыз Кысымга кабылган Кытай ишкерлери

Кытай ишкери Гао Жин Вейдин адвокаты Анатолий Сафонов соттун чечими мыйзамды одоно бузуу менен чыкканын айткан эле:

"Судья Жаркеева бир эле жолку соттук жыйында менчик укугунан ажыраткан акылга сыйбаган чечим чыгарды. Ошол эле кезде ал акылга сыйбаган чечим кабыл албастан, андагы таңкалычтуу укуктук эмес жагдайларга жол берди. Жаркеева аталган сот чечиминде ага нааразы тараптарга кассациялык жана апелляциялык даттанууга тыюу салган. Бул деген маңызында соттук коргоо укугуна тыюу салуу дегендик. Бул адамдардын конституциялык укугун чектөө".

Кытай ишкерлери Бишкектин Свердлов райондук сотунун бул чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко да даттанышкан. Бирок шаардык сот райондук соттун чечиминдеги укуктук ченемдер бузулду деген дооматка карабастан аны өзгөртүүсүз калтырган. Ошондой эле кытайлык ишкерлер алдамчылык жол менен бизнести тартып алуу фактысы боюнча Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматка арыз жазган.

Дагы караңыз Соттор жоопко тартыла баштады

Бирок кылмыш иши козголгон менен бир күндөн кийин ал ишти Башкы прокуратура өзүнө чакыртып алып, тергөө иштери токтотулган. Кытай ишкерлеринин өкүлү Элмира Умарова бул ишке өтө чоң кызыкдар күчтөр кийлигишип жаткан жагдайга токтолгон:

"Башкы прокуратура баш болуп, УКМК, тиешелүү сот органдары биргелешип алып, кайсы бир чоң күчкө жардам берип жатканы ачык эле байкалып турат. Буга чейин соттор Гао Жин Вейди жана анын кызыкчылыгын коргогон тарапты сотко чакырбай туруп эле мына ушундай чечимдерди кабыл алуунун өзү эмнени туюнтат? Мыйзамды уруп ойнобостон, ушинтип ашкере аша чабууга кимдин чоң эрки жетип, ким сотторду ушуга түртүп жатат? Негизи эки ортодо келишим болгон үчүн анан кытай ишкери чоң акчасын жумшап, мына ошол көп кабат үйдү салып баштаган. Анан курулуш бүткөндөн кийин ага акчасын жумшабаган эле мына ошол Воинов деген адам эми “макулдашууга мен кол койгон эмесмин” деп чыкканы кандай? Эгерде Воинов кол койбогон болсо, анда Кытай ишкери Гао Жин Вейдин үстүнөн кылмыш ишин козготуп, аны отургузуп салмак. Анда эмнеге “ага жасалма кол коюну жасаган” деген негизде кылмыш ишин козгошпойт. Анткени андай нерсе болгон эмес".

Кытайлык эки ишкер алардын бизнес кызыкчылыгы тебеленген жагдай боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине дагы кайрылганы белгилүү болгон.

Мурдагы судья баш болгон алты адамды камоого негиз болгон арыздын ээлери, Гао Жин Вей жана Чен Мао Чун сот жараянына катышкан жок. Алардын адвокаты жабырлануучулар Кытайда экенин маалымдады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.