Сот реформасы мантия менен өлчөнбөйт

Иллюстрациялык сүрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасын реформалоо жай жүрүп жатканын белгиледи.

Сот бийлиги системалуу өзгөрүүгө багыт алдыбы? Соттор президенттик аппаратка көз карандылыктан кантип кутулат? Тандалган соттор эмне үчүн дайындалбай турат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Жогорку соттун судьясы Гүлбара Калиева катышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, өлкө президенти сот реформасы жай жүрүп жатканын айтты. Сиз ал пикирге кошуласызбы? Эгер ошондой болсо, реформанын кашаң болуп жатканына эмне себеп?

Алмамбет Шыкмаматов: Ачык айтсак сот реформасы жай да жүргөн жок, ордунда эле турат. Сот реформасы сотторго имарат алынды, соттор мантия кийди, компьютер, стол-үстөл менен камсыз болду деген баа менен өлчөнбөйт.

Сот реформасы соттор канчалык көз каранды эместикке жетишип калды, соттор канчалык деңгээлде таза адамдар менен толукталды, алардын чыгарган чечимдери канчалык мыйзамга дал келет - мына ушуну менен өлчөнөт.

Сот реформасынын жылбай жатышына ким күнөөлүү? Ага экинин бири болуп парламент да күнөөлүү. Анткени мыйзамдардын сапаттуу чыгышына парламент жоопкерчиликтүү. Акыркы Конституциянын редакциясы сот реформасына багытталган эмес. Мисалы, “Тартип комиссиясы” тескерисинче сотторду көз каранды кылып салды. Аларга толук көз каранды эместик бермейинче эч качан реформа болбойт. Соттор мыйзамга жана өзүнүн абийирине гана баш ийиши керек.

“Азаттык”: Гүлбара айым, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 17-майдагы жыйында Кыргызстанда Пробация институтун түзүү бир жыл ичинде ишке ашырылышы керек экенин айтты. Ал эмне деген институт, анын милдети кандай болот?

Гүлбара Калиева: “Пробация” деген шарттуу жазанын бир түрү, эл аралык термин. Анда шектелип жаткан адамга сот аркылуу сыноо мөөнөтү берилип, атайын органдардын көзөмөлүндө болот. Мисалы, Жаза аткаруу кызматына берилиши мүмкүн же атайын кызмат киргизилиши да мүмкүн. Мындай институтту киргизүүнүн максаты адамдардын баарын соттоп, жазалап, түрмөгө отургузуу эмес, ага жеткирбей жазаны шарттуу түрдө берип адамды тарбиялоо, кайра коомго кошуу. Баарын түрмөгө отургуза бергенден эч ким жакшы болуп кеткен жок, тескерисинче, криминалитет күчөйт.

Алмамбет Шыкмаматов: “Пробацияны” башкача айтсак тоок уурдаганды түрмөгө баш кесер кылмышкерлер менен камап, аларды бузуп албай, өзүнчө тарбиялоо дегенди түшүндүрөт. Ал адамды коомчулуктун жардамы менен экинчи тоок уурдагыс кылып кайра коомго алып келүү. Сот тарабынан коюлган жаза мамлекет тарабынан өч алуу эмес, туура тарбиялоого багытталыш керек. Бул ыкма өнүккөн мамлекеттерде өзүн актаган, ошондуктан үлгү кылып алынып жатат. Айталы, пробация азыр Украинада натыйжалуу иштеп жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков: Эл сот реформасын күтүп жатат

“Азаттык”: Алмамбет мырза, өлкө башчысы Жээнбеков президенттин аппаратында “сотттордун куратору” деп аталган Манас Арабаевди "ишенимден чыкты" деген жүйө менен жумуштан алды. Анын ордуна келе турган чиновник “сотторго кураторлук кылбайт” дегенге кепилдик барбы?

Алмамбет Шыкмаматов: Эгерде Арабаевдин ордуна келген адам ал жорукту кайталаса, анда анын тагдырын кайталаарын жакшы сезиш керек. Арабаевдин саясий карьерасы аябай жаман бүттү. Анын ордуна ким келбесин ар бир кадамын “жети өлчөп, бир кесиши керек”.

Бул маселеде Арабаевдин өзүнүн күнөөсү кырк пайыз, калган алтымыш пайызы ага буйрук бергендердин күнөөсү. Ал өз билгенин жасай берген эмес да. Ага мурдагы президент, Фарид Ниязов, Жолдубаева, Сегизбаев дегендер буйрук беришчү. Акыры Арабаев гана күнөөлүү болуп отурат.

Мындай ыплас көрүнүштөрдүн болбошу президенттин эркине байланыштуу. Мисалы, азыркы мамлекет башчы "мындан ары менин аппаратымдын бөлүм башчысы соттордун ишине кийлигишейт" деп койсо баары орду-ордуна келет. Элде эмне үчүн сотко ишеним жок? Мындай баа беш-алты резонанстуу сот иштеринен улам берилип жатат. Болбосо элдин баары соттошуп жаткан жок да.

“Азаттык”: Гүлбара айым, Жогорку соттун төрайымы учурда кесипкөй эмес соттор тармакка кедергесин тийгизип жатканын айтты. Ага кандай аргументтер бар, соттордун кесипкөйлүгүн канткенде көтөрөбүз?

Гүлбара Калиева: Мисалы, нотариуста иштеп жүргөн адам сот болуп келип өтө оор кылмыштарды карап жатат. Милицияда жүргөндөр сотко өткөндө жарандык иштерди карап жатышат. Мындай жагдайлар кабыл алынган сот чечимдеринин сапатына тескери таасирин тийгизиши мүмкүн.

Соттордун баары тең юристтер экендигине карабай алардын кесиптик даярдыгын жогорулатыш үчүн окууларды уюштуруу керек. Биздеги окуу борборунан өтүшү керек. Мурда сот системасында иштеп кеткен тажрыйбалуу, таза адамдарды тартып насаатчылык институтун киргизүү керек деген сунуштар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.