Текебаевдин иши, кызматтан кеткен судьялар

Өмүрбек Текебаевдин сотунан тартылган сүрөттөр.

Серепчилер коомдо резонанс жараткан соттук териштирүүлөр жаңы жагдайда кайра каралып калышы ыктымал экенин айта баштады.

Кыргызстандагы бир катар коомдук ишмерлер жана саясатчылар "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугуна жана сот процессинде мыйзам бузулган учурларга көңүл бурууну өтүнүп, президент баш болгон мамлекет жетекчилерине кайрылышты.

Мунун алдында жарандык коомдун "кара тизмесине" кирген Октябрь райондук соттун судьясы Гүлчехра Оморова мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынды.

"Текебаевдин кландык башкарууга каршы чыкканы чындык"

Кыргызстандагы Абдыганы Эркебаев, Темир Сариев, Феликс Кулов баштаган белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Сапар Исаковго, спикер Дастанбек Жумабековго жана парламенттеги фракциялардын лидерлерине, комитеттерге, Акыйкатчыга, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына кайрылышты.

Анда Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өткөнү, азыр да анын ден соолугу тууралуу кооптонууга негиз бар экени белгиленген.

Текебаев кармалып турган №47 түзөтүү мекемесинин медициналык тейлөө шарттарын түзүп бербегени, эки жумадан бери таза абада дем алууга уруксат берилбей жатканы да айтылган. Муну менен катар колониядагы мыйзам бузулган учурларды аныктоо жана жоюу максатында комиссия түзүү талабы коюлган.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Азаттыкка" сот процессиндеги "мыйзам бузулган учурларга көңүл буруу зарыл" деп билдирди:

Темир Сариев.

- Бүгүнкү күндө Текебаевдин ден соолугу бир топ кооптонуу жаратып жатат. Экинчиден, албетте, сот процесси жүргөндө мыйзам бузуу, кемчиликтер болгон. Ошого дагы көңүл буруу зарыл. 2010-жылы 7-апрелде, деги эле авторитардык бийлик менен күрөшүп, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы эң чоң салым кошкон, ошол кездеги оппозициянын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев болгон. Муну эч ким тана албайт.

Буга чейин саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева да күйөөсүнүн саламаттыгынан кооптонуп жатканын "Азаттыкка" айткан болчу:

- Бизге бир жарым айда бир жолугууга уруксат бериле турган кылып койгон. Акыркы жолу киргенде абалы жакшы эмес болчу. Азыр деле өзгөрүү жок.

Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечим чыгарган. Алардын соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылган арыздары канааттандырылган эмес. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн "саясий куугунтук" катары баалап жүрүшөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаев дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин белгилеп жатат.

Бул кайрылуунун алдында Жогорку сот оппозициячы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын адвокаты Чынара Жакупбековага Бишкек шаардык соту чыгарган эки жеке аныктаманы жокко чыгарды. Адвокатка карата сот чыгарган жеке аныктама аны жактоочулук лицензиясынан ажыратат.

Буга удаа президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирүү тууралуу башкы прокурордун арызын караган Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы кызматынан бошотту.

Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыкка кол коюшуна Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу негиз болгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Соттор кеңеши сунуш киргизүүгө себеп болгон жагдайларды айткан жок. Айрым маалымат каражаттары Оморова башка соттук териштирүүдөгү доогер-прокурор менен өзүнүн иш бөлмөсүндө бир саат сүйлөшкөнүн, кийин иш прокурордун кызыкчылыгына чечилгенин жазышты. Мындан сырткары Оморова Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин коомдук активист Мавлян Аскарбековго каршы жазган арызы боюнча соттук ишин карап, былтыр январда аны "күнөөлүү" деген чечим чыгарган.

Оморованын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин адвокаттар жана жарандык активисттер "паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген" деп эсептеген соттордун "кара тизмесин" түзүшкөн. Ал тизмеде судья Оморова да бар болчу.

Тизменин түзүүчүлөрү андагы 23 судьяны иштен алууну президенттен талап кылышкан. Өткөн айда жарандык коомдун ушундай эле сынына кабылып келаткан Биринчи Май райондук сотунун судья Мидин Жолдошалиев өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кеткен.

"Система деген система..."

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова соттордун кызматтан алынышы боюнча мындай пикирде:

Клара Сооронкулова.

- Гүлчехра Оморова да "династиялык" судья, апасы көп жыл судья болгон. Ленин райондук сотунун төрайымы болгон, кетип баратканда кызын орноштуруп кеткен. Кызына да көп нааразылык бар болчу. Бул саясий орган болуп жатат, үч киши парламенттен, үч киши президенттен болгондон кийин булар өз алдынча иштеген жок. Менимче баары бир буйрук кетип жатат. Оморова деле буйруктун негизинде алынды. Бир чети соттор тазалана баштады деген үмүт бар, анткени буга чейин да президент бир топ сотторду өткөрбөй койду. Экинчиден, система деген система да, булар өздөрүнүн кишилерине орун бошотуп жатабы деген да ой кетет.

Жогоруда айтылган жагдайлар менен катар коомчулукта резонанс жараткан соттук отурумдар, саясий сүртүм менен козголгон кылмыш иштеринин айрымдары кайра каралышы ыктымал экени айтыла баштады. Саясатчы Темир Сариев буга чейинки чуулгандуу соттук иштерди талдоо зарыл деп эсептейт:

- Атайын комиссия түзүлүп, буга укук коргоо органдары, өзгөчө Башкы прокуратура кийлигишип, бир сыйра иреттеп, ревизия кылып, ушуга окшогон коомчулуктун назары түшүп турган, "саясий боёгу бар" деген, өзгөчө саясатчыларга, журналисттерге, укук коргоочуларга, коомдук ишмерлерге карата болгон иштерди кайра карап чыкса жакшы болот эле. Ошондо элдин ишеними да арта баштайт эле.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында мыйзамды одоно бузган соттор сөзсүз жазага тартылышы керек экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эки күн мурда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге абактан жолугуп чыкканын, анын ден соолугуна байланыштуу дарыланууга шарт түзүү тууралуу өтүнүчүнө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы көнбөй жатканын айткан.

Ошол эле убакта ал элдин назарындагы соттук иштерди жаңы жагдайларга карап кайра баштоо президенттин эркине байланыштуу экенин белгиледи:

Жанар Акаев.

- Жаңы жагдайларда ачыла турган материалдар жетиштүү деп ойлойм. Соттор үчүн да бул чоң сабак болмок. Эми бул президенттин эркине байланыштуу. Ага бара алабы, бара албайбы - биз күтүшүбүз керек. Ошол эле убакта "Ак үйдө" сотторго басым, кысым жасаган айрым чиновниктердин аттары аталып жүрөт. Соттор үчүн Кудайдан кийинки эле кадырлуу болгон эки-үч киши бар. Президент ошолордун да кызмат ордун карап көрүшү керек деп ойлойм.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинде жарандык коомдун "кара тизмесине" илингендер да бар. Сотторду тандоо кеңеши алты талапкердин тизмесин 1-мартта президентке жиберген.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитиш үчүн парламентке жөнөтөт. Бирок мамлекет башчы аны качан карай турганы азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.