Бажы биримдигине баш багып, БЭМге бет алдык

Бирдиктүү экономикалык мейкиндик - Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигинин экинчи баскычы. Сүрөттө үч өлкөнүн президенти.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча жол картасын жактырды.

Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча жол картасы өлкөнүн аталган бирикмеге кирүү жараянынын жол-жобосун камтыйт. Ал Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигинин экинчи баскычы болуп саналат. Мейкиндикке кошулуу аркылуу аталган өлкөлөр менен товар, капитал, жумушчу күч жана кызмат көрсөтүүнү эркин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачыларын экономика министри Темир Сариев билдирүүдө:

- Бул интеграциялык жараяндардын экинчи баскычы болуп саналат. Анда кызмат көрсөтүү, жумушчу күч, капитал, сооданын эркин жүрүшүнө жол ачат. Бул төрт эркиндик негизги платформа катары кабыл алынган. Ал эми буга чейинки Бажы биримдиги негизинен товарларды жүгүртүүгө арналган. Бул Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу аркылуу мигранттардын маселесин жеңилдетүүгө жол ачылат. Ошондой эле атаандаштык, инфраструктуралык айрым маселелер макулдашылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сариев: экономикалык биримдик мигранттарга пайдалуу

Бирдиктүү экономикалык мейкиндик бул - Бажы биримдигинен кийинки уюшма. Бул мейкиндикке Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. Кыргызстан буга чейин эле Бажы биримдиги менен катар аталган мейкиндикке кошулуу ниетин билдирип, президент Алмазбек Атамбаев бул багыттагы ишти тездетүүнү өкмөткө тапшырган. Ал эми Орусия, Казакстан жана Беларус аталган аймакты 2015-жылдын 1-январынан тарта Евробиримдиктин үлгүсүндөгү Евразия экономикалык биримдик кылып түзүү тууралуу келишимге кол койгон. Ошондуктан, Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу менен дароо эле Евразия экономикалык биримдигине мүмкүндүк алабы деген суроо жаралууда. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүккө ээ болот:

- Аталган үч уюмга бир эле келишимдин негизинде кошулат. Албетте, айрым тармактарга биз өткөөл мезгил сурамакчыбыз. Бирок жалпысынан бул жараян жүрүп, бир келишимдин негизинде интеграциялык маселелер жөнгө салынмакчы.

Сариев кошумчалагандай, аталган “жол карта” 9-октябрда Беларустун борбору Минскте өтчү Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында каралмакчы. Анда аталган мейкиндикке мүчө өлкөлөр Кыргызстандын бул багыттагы позициясын тактап, сунуштарын талкуулайт.

Ошол эле учурда бул биримдиктерге өлкөнү экономикалык жана саясий эркиндикке доо кетирет деп чочулагандар арбын. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев аталган уюмга кошулуу боюнча документтерди жакшылап талкуулоо зарылдыгын айтууда:

- Бул биримдиктерге кошулуу боюнча жетиштүү талкуу болгон жок. Азыр өкмөт саясий жагын талкуулап, бизге пайдалуу болот дегени менен экономикалык киреше, чыгымын анализдеп талкуулаганга шарт болбой жатат. Ошондуктан, бул маселени абдан жакшы талкуулаш керек болчу.

Ал эми экономист Азамат Акелеев болсо Бажы биримдиги, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу уюмдардын келечеги жок деп чочулап, өкмөттү бул уюшмаларга кирүүгө шашылбай кое турса болмок дейт:

- Бажы биримдиги баштаган бул уюмга кошуу менен биз геосаясий оюнга катышканы жатабыз. Анткени биздин бул уюмдарга кирерибиз дайын эле болуп калды. Ошол эле учурда аталган уюмдын эң башкы оюнчусу болгон Орусияга каршы санкциялар киргизилип жатат. Анын кесепети экономикалык жана саясий жаатта бизге тийип калышы толук мүмкүн.

Быйыл 29-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасы бекитилген. Учурда кыргыз мыйзамдарын Бажы биримдигине шайкеш келтирүү боюнча иш жүрүп жатат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташуу боюнча 38 мыйзам долбоору даярдалды. Даярдалган мыйзам долбоорлордун 16сы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бүгүн аны парламент жалпы жыйында карай баштады.