Алкынган коррупция, буйдалган күрөш

Кыргызстандын Коргоо кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн деңгээлине канааттанган жок. Антикоррупциялык аракеттердеги жай баракаттыкка эмне себеп болуп жатат?
Бул маселе “Арай көз чарайда” талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин укук тартиби, коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков, Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Темирбек Бекмамат уулу жана Антикоррупциялык ишкер кеңештин жетекчиси Нурипа Муканова катышты.

“Азаттык”: Мурдагы аптада чакырылган Коргоо кеңешинде коррупцияга каршы күрөш солгун болуп, Антикоррупциялык кызмат, ИИМ, Башкы прокуратура жеткиликтүү иштебей жатат деген баа берилди. Мындай баа канчалык негиздүү? Мен адегенде Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылсам, эгер чын эле иш солгун болуп жатса, ага эмне себеп болууда?

Темирбек Бекмамат уулу: Эми статистикалык маалыматты алсак, чындыгында коррупцияга каршы күрөш күчөп жатат. Былтыркы беш айдын көрсөткүчүнө караганда көбүрөөк иш козголду, көбүрөөк текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бирок ошонун бардыгы азыркы мезгилдин талабына жооп бербей жатканын моюнга алыш керек. Бирок жумуш жүрүп жатат.

Башкы прокуратура баш болуп бардык мамлекеттик тартип коргоо, көзөмөл органдары бириксек иш алга жылат деп ойлойм. Мисалы, беш айдын ичинде жалпысынан коррупция боюнча 456 иш козголду. Алардын 357син прокуратура козгоду. Алардын көбү тергөөдө, сотто, кээ бириники токтоп турат. Бирок алардын жыйынтыгы болот.

“Азаттык”: Бирок аягына чыкпай, логикалык тыянак жок болуп калган учурлар да бар. Ошондой дооматтарга макулсузбу?

Темирбек Бекмамат уулу: Мына азыр 135 иш сотко кетти. Бул үчтөн биринен азыраак болуп атат. Демек ушундай сөздүн орду бар. Бирок тергөөнүн сапаты да тоскоол болуп жатат деп ойлойм. Бирок аны күчөтүүгө потенциал бар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Коргоо кеңешинде президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү тармактар өңчөй уюштуруу иштери менен алектенип, буйдалып калды, экономикалык кылмыштуулук боюнча кызмат түзүлүп бүтө элек, антикоррупциялык кызмат күрөштүн жаңы ыкмаларын таба элек, өкмөт болсо тиешелүү мыйзамдарды убагында Жогорку Кеңешке бере элек деген сыяктуу аргументтерди келтирди. Кандай дейсиздер, эмне тоскоол болуп жатат бул иштерге?

Туратбек Мадылбеков: Алдын ала айтып койсом, коррупцияга каршы күрөш кызматтары бир топ тартип коргоо органдарынын алдында түзүлгөн. Мурда эле Башкы прокуратурада, ИИМде, каржы полициясында (азыр эми ал жоюлган) бар болчу. Президент да инагурациясында коррупцияга каршы күрөш менин негизги багыттарымдын бири деп айткан. Өзүнүн жардыгы менен Улуттук коопсуздук Комитетинин алдында Антикоррупциялык кызматты ачкан. Ошондон бери беш ай өтүп кетти. Кандай иштер аткарылып атат?

Мына жаңы эле Темирбек айтып кетпедиби, туура, тартип коргоо кызматтары дайыма сандарды салыштырып айтышат. Бирок эл эмнени күтүп атат? Кандай багытта иштеш керек эле? Акыркы он жылдан ашык көптөгөн мекемелер коррупциялык схема менен иштеп келишкен. Коррупционерлер деле белгилүү. Жеке эле биз эмес, элде да айтылып эле жүрөт. Ошондуктан негизги багыттарды тандап алыш керек эле.

Анан адегенде коррупция дегенди жакшы түшүнүп алсак. Болбосо пара алганды деле коррупция деп, анын санын көбөйтүп ийип атабыз. Мына ошондон алыс болушубуз керек.

“Азаттык”: Ошол түшүнүктү аныктоочу мыйзам барбы?

Мадылбеков: 2003-жылы кабыл алынган "Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө" мыйзамда так жазылган. Кылмыш кодексинде 303-берене бар, бирок ал көп иштебей келатат.

“Азаттык”: Нурипа айым, сиздин уюм коррупцияга байланыштуу көп байкоолорду жүргүзүп келатат. Кандай дейсиз, эмне үчүн ушул берене иштебей турат?

Нурипа Муканова: Себеби бул берене боюнча кылмыш жок. Башкы прокуратура, ИИМ же Финпол тарабынан ушул берене боюнча козголгон кылмыш иши жок. Болгону ошончо жылдан бери былтыр төрт иш козголгон. Бирок анын да бирөө сотко жетип, бирок чечим чыккан жок. Ошон үчүн иштебейт деп айтсак болот.