ЖЭБ соту: күбөлөрдүн жарымы суралып бүттү

ЖЭБ боюнча сот отуруму. 3-апрель, 2019-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүүдө 90 күбөнүн элүүдөн ашыгы суралып бүттү.

29-июлда Свердлов райондук сотунда күбө катары сүйлөгөн «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Толубаев ЖЭБди модернизациялоо өз максатына жете элек деп билдирди.

Дүйшөмбүдөгү соттук отурумда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Архитектуралык курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Аширбаев, аталган башкармалыктын инспектору Шараф Ачилдиев жана «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Толубаев күбө катары көрсөтмө беришти.

Аширбаев менен Ачилдиев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо курулуштун уруксат документтери боюнча суралып жатат. Ал эми Таалайбек Толубаев 2014-жылы «Электр станциялары» ишканасын жетектеп турган. ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр ошол жылдары башталган экен.

Дагы караңыз ЖЭБ соту: иштин чети «оюла» элек

Мамлекеттик экотехинспекциянын Архитектуралык курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Аширбаевдин айтымында, 2016-жылы ЖЭБди жаңылоодогу курулуштун уруксат документтери жок экени белгилүү болот. Мамлекеттик экотехинспекциянын жетекчиси Канатбек Муратбековдун жетекчилигинде жыйын өтүп, тийиштүү документтерди камсыз кылуу боюнча президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковдун атына кат жазылган. Аширбаев президенттин аппаратына жазылган каттан кийин бардык документтер берилгенин белгиледи.

Ушул жерден айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатылбалдиев «Курулушта тийиштүү документтер жок болуп жатканы тууралуу эмнеге өкмөт башчыга эмес, президенттин аппаратына, Сапар Исаковго жаздыңар?» деген суроого күбө тарап «жетекчилик ошентип чечкен» деген жообун айтты.

Айбек Калиев

Темир тор артында отургандардын дагы бири, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев Ашырбаевге мындай суроо узатып, так жооп ала алган жок.

«Сиз (ред: Таалайбек Аширбаев) тергөөдөгү көрсөтмөңүздө “Калиев бул курулушту Исаков көзөмөлдөп жатат деп айткан» дептирсиз. Мен Исаков айтып жатат дедим беле?».

Анткен менен Ашырбаев оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин сөзсүз акт түзүлөрүн, ансыз объект эксплуатацияга кабыл алынбасын, бардык мыйзамдар сакталганын жана жогорку кызмат адамдарынан эч кандай басым болбогонун айтып өттү.

Күндүн жарымынан кийин «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Толубаев күбө катары соттун алдында туруп, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо өз максатына жете электигин айтты.

«Азыркы учурда сыноо жүрүп жатат. Жаңы блоктордогу сыноонун аягынан кийин мен маалымат бере алам. Кемчиликтер чыкты, аларды жоюу иштери жүрүп жатат».

Толубаев 2014-жылы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо долбоорунун башталышына катышкан. Бирок сотто айыпталуучулардын көпчүлүк суроолоруна «эсимде жок, жооп бере албайм» деген жооптор менен гана чектелип жатты.

Жантөрө Сатыбалдиев

Өз кезегинде мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатылбалдиев «Жок дегенде мени тааныйсыңбы, унута элексиңби?» деп какшыктады. Ошондой эле Сатыбалдиев алардын тагдыры чечилип жатканын эскертип, Толубаевди соттун алдында калп айтпоого чакырды.

«Суранам, сотту адаштырба. Мени менен эсептешпей эле кой. Бирок бул жакта сенин кесиптештериңдин тагдыры чечилип жатат. Тарых алдында уят болосуң», - деди Сатыбалдиев.

Сатыбалдиевдин «Тарых алдында уят болосуң» деген сөзүн айыптоочу тарап күбөгө басым катары баалады. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар маал-маалы менен айыпталып жаткандарга "тийиштүү суроолорду бергиле" деп эскертип турду.

Ошентип Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу тергөөдө белгиленген токсондой күбөнүн жарымынан көбү суралып бүтүп калды. Айыпталып жатканда жоон топ мурдагы аткаминерлердин көпчүлүгүнүн жактоочулары прокуратура койгон айыптар сотто далилденбей жатат деген пикирди айтып жатышат. Алардын бири, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев мындай деди.

«Айыптоо тарап биздин күбөлөр деп жатышат. Бирок сотко келгенде башкача болуп калууда. Эми баарына «ЖЭБди жаңылоо максатына жеткенби?» деген сыяктуу суроолор берилет. Буга «жеткен» деп жооп берип жатышат. Тергөөдө «150 млн. долларга ЖЭБди жаңылоого болмок экен» деген көрсөтмөлөр бар. Ал кишилер «ошондой сөз болгон, бирок техникалык-экономикалык негиздемени көргөн эмеспиз» деп айтышты. Тергөөдө башкача, сотто башкача көрсөтмө болуп жатат. Мындан эки күбө гана айыптаган көрсөтмө берди».

Анткен менен жыл башында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын жарыялаган. Ал экспертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 миллион долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланганын эске салган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамытканов: Сот ачык өтсө көп маалымат чыгат

Өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш 60 томго жакындайт.

Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакта отурат. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан тарта сотто карала баштаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.