Президенттин коррупция менен күрөшүү аракетинен майнап чыгабы? Анын тамырын кыркуу үчүн бийлик бутактары эмне кылышы керек?
“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары Руслан Казакбаев, Абдывахап Нурбаев жана Улукбек Кочкоров катышты.
“Азаттык”: Руслан мырза, сиз оппозициялык “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери катары Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйынына катышып келдиңиз. Мурдагылардан бул кеңешменин айырмачылыгы болдубу? Коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыгабы?
Руслан Казакбаев: Коррупция биздин коомдун бардык катмарына сиңип кеткен илдет болуп калды. Мамлекет үчүн биринчи көйгөй десем болот.
Коррупция мамлекеттин саясий туруктуулугуна, экономикалык өнүгүүсүнө, чет өлкөлүк инвестициялардын келишине ж.б. тармактарга терс таасирин тийгизип жатат.
Жыйында мен мамлекет башчысы саясий эркин билдиреби деп күткөм. Аны мен уктум. Президент сот, укук коргоо, көзөмөл, фискалдык органдардын коррупция менен күрөшүүдөгү абалын, көйгөйлөрүн ачык айтты, натыйжасы боюнча көз карашын, сунуштарын ачык билдирди.
Баарын жыйынтыктаганда президент “коррупция менен күрөшүүгө эрким жетет, саясий чечим бар” деп чоң жоопкерчиликти моюнуна алганын айтты. Кечээги жыйын ушунусу менен мурдагылардан айырмаланды десем болот.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык”: Улукбек мырза, президент Жээнбеков Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү жүрбөй жатканынын негизги себеби – сот жана укук коргоо органдарындагы коррупция экенин айтты.
Криминалдык чөйрөдөгү капиталдын көлөмү абдан чоң суммага жеткенин эксперттер билдиришти. Ушундай шартта уюшкан кылмыштуу топтун тамырын кантип кыркууга болот?
Улукбек Кочкоров: Президенттин жыйында сүйлөгөн сөзүнө таянсак, ал өзүнө эбегейсиз чоң жоопкерчиликти алды. Анын натыйжасы кандай болорун убакыт көрсөтөт.
Моюнга ала турган нерсе, уюшкан кылмыштуу топтор Кыргызстандын акчалуу тармактарынын баарын көзөмөлдөп турат. Эми ошолорго каршы күрөшө турган кызматкерлердин айлыгы талапка ылайык болуп жатабы? Колго түшкөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү чөнтөгү жука кызматкерди оңой эле сатып алат да.
Кылмыштуу топторду кармагандары менен тергөө жүрүп жатканда иш прокуратурада “сынып калууда” же соттон акталып жатышпайбы. Чоң мөөнөт алып соттолгондон кийин деле акталып кетүүдө. Мына, жакында Чыңгыз Жумагулов (каймана аты - “Дөө”) дегендин соту ушуну далилдеди. 19 жылга соттолгон кишини үч жылда түрмөдөн чыгарып жиберишкени кайсы акылга сыят? Оперативдүү кызматкерлер ал топторду кармары менен эле “бул акчаны ал, аны кое бер” деп айтышат. Мындай абалга биздин бийлик системабыз жол берген.
Бул көрүнүш бир-эки жолу болгон жок, тилекке каршы, биздин коомдо адатка айланып алды. Образдуу айтканда, “Кыргызстан деген үйдө мышыктар чычканды кармабай калды. Мышыктар чычкандар менен биригип алып, кожоюндун муздаткычындагы тамакты каалагандай жеп жатышат”...
“Азаттык”: Абдывахап мырза, коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик органдарда бирдиктүү аракеттер жок, тескерисинче ведомстволук кызыкчылыктар көп корголот экен. Мындай пикирге кошуласызбы? Бирдиктүү күрөшкө эмне тоскоолдук кылып жатат?
Абдывахап Нурбаев: Мен мындай ойго толук кошулам. Анткени коррупциянын бүгүнкү деңгээли, аны менен күрөшүүнүн натыйжасы мамлекетке болгон элдин ишенимин азайтып, экөөнүн ортосунда ажырым чоңоюп жатат. Ушул убакка чейин комплекстүү иштер кагаз жүзүндө болгону менен иш жүзүндө анча жыйынтык чыкпаганын президент өзү айтып жатпайбы.
Натыйжа болуш үчүн биз келечекте бардыгын ачык айтып, ачык жасашыбыз керек. Бардыгы жарандык коомдун көзөмөлүндө болуп, эл баарын көрүп тургандай шарт түзүүгө тийиш. Сот процессинин жүрүшүн, чыгарган чечимдерин эл көрүп-билип турушу зарыл. “Таза коом” деген программа дал ушул жакка багытталышы керек деп ойлойм...
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.