Кесиптик кошуундарга көзөмөл барбы?

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясы карамагындагы санаторийлердин жана эс алуу үйлөрүнүн аймагындагы жер аянттарын чекесинен саткан учурлар катталууда.
“Элдик көзөмөл комитети” коомдук уюму аталган жер аянттары тымызын өткөрүлгөн аукциондор аркылуу мыйзамдаштырылып, “түшкөн каражат эс алуу жайларын жакшыртууга жумшалат” деген шылтоо менен сатылып жатканын билдирди.

Кыргызстан Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясынын жетекчиси Асылбек Токтогулов мындай дооматты четке кагып, аталган жер аянттарын сатууну кырдаалдан чыгуу чарасы катары мүнөздөдү.

Миллиондордун изи дайынсыз

2013-жылы 2-апрелде “Ысык-Көл” турбазасынын аймагындагы 67 сотик жер тилкеси 5 157 100 сомго сатылган. Андан аз өтпөй эле Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Ала-Тоо” пансионаты жалаң бак-дарактан турган эки гектар 34 сотик жер аянтынан ажырады. Анткени аталган эс алуу жайынан кесилип алынган жер аянты быйыл 4-апрелде 180 76,0 миң сомго бааланып кеткен. Андан мурун Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын аймагынан 2 гектар 51 сотик жер аянты 22 258 000 сомго сатылган. Ысык-Көлдөгү “Байсоорун” турбазасы 2012-жылы 23 300 000 сомго баш-оту менен сатылган.

Профсоюздар федерациясынын башкарма кеңешинин токтомунда аталган жер аянттарын сатуудан түшкөн каражат дарылануу жана эс алуу жайларын өнүктүрүү фондуна которулат деп жазылган. Бирок жылына жолдомолорду сатуудан эле миллиондогон сом каражат пайда көргөн курорттор менен санаторийлердин кирешеси өнүктүрүүгө жумшалбай, каякка кетип жатат деген суроо туулат.

“Элдик көзөмөл” комитети коомдук бирикмесинин төрагасы Муктар Артыкбаев кесиптик кошуундар уюмдары бул тармакты көмүскө киреше табуунун булагына айландырып алган деп айыптады:


- Профсоюздар өзүнчө, көз каранды эмес коомдук уюм дегенге жамынып алып, анын жетекчилери Союздан калган дүйнө-мүлктүн бардыгын сатып жоготуу менен алектенип келишет. Жаңыланууга Социалдык фондго ишкана-уюмдар менен жеке адамдардан которулган каражаттан бөлүнгөн сумма эмнеге жетпейт? Ошондой эле ондогон имараттарды жеке менчик компанияларга ижара берүүдөн эле профсоюздарга ири акча түшөт. Бирок анын бардыгы жетекчилердин чөнтөгүнө кирип кетет. Анткени булар расмий келишимдерге аз акчаны көрсөтүп, реалдуу түрдө башка сумманы алышат. Анан “акча жок” деп кол куушуруп отура беришет. Булардын жүргүзгөн реформасы - курорттор менен санаторийлерге караштуу жер аянттарын эптеп сатып, андан акча жасап калуу. Мына ушунун бардыгын текшерген орган жок.

Жер аянттарын сатып өткөрүү аркылуу кесиптик кошуундар уюмдарына караштуу эс алуу жана дарылануу жайларын жаңылоо буга чейин да бир нече курдай чечилип, бирок уюмга караштуу дүйнө-мүлктү сатуудан түшкөн каражат кумга сиңген суудай жок болгон учурлар катталган.

2010-жылга чейин Профсоюздар федерациясы “Бостери”, “Кырчын”, “Кара-Шоро” сыяктуу жети турбазаны саткан. Андан түшкөн каражат кайда жумшалганы боюнча мурдагы жетекчилик отчет берген эмес. Мунун айынан 2007-2010-жылдары Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясында курч ички карама-каршылыктар күч алган.

Бул жолу да мурдагыдай эле “имараттарды жаңылоого каражат табуу үчүн жер аянттарын сатуу керек деген чечимдин арты менен тымызын аукциондор өткөрүлүп, бирок алар туурасында жарыя коомчулукка кеңири жеткен эмес.

Жакында федерация жетекчилиги Оштогу турбазанын аймагынан 6 гектар жер аянтты сатуу чечимин чыгарды. Бирок Ош мамлекеттик университетинин кесиптик кошуунунун төрагасы Абдыжапар Аккулов айрым профсоюздар буга каршы чыгып жатканын белгиледи:

- Негизи аталган аймактын жер тилкелерин Акаевдин учурунан бери эле кесип-кесип сатып келишкен. Анан азыр эми алардын көзүнө турбазанын калган алты гектар жер аянты көрүнүп жатат. Мына ошонун эсебинен түшчү каражатка профсоюздун дарылоо борборун курабыз деген шылтоо менен мына ушундай чечим кабыл алынган экен. Бирок мына ушуга окшогон “сатабыз, өнүктүрөбүз” деген сөздөргө жедеп ишенбей калган жаныбыз ага каршы болгон элек. Анткени азыр эми алакандай жердин баасы канча болуп жатат? Биз жер тилкелеринин сатылып, таланып кетишине жол бербешибиз керек.

Ошол эле кезде Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясы алардын карамагындагы эс алуу жана дарылоо жайларынын жер аянттарын сатуу чечими мыйзамдын алкагында жамааттык негизде кабыл алынганын жарыялады. Анткени, федерация жетекчилигинин айтымында, тиешелүү курорттор менен санаторийлердин абалы мындан 15-20 жыл мурунку деңгээл боюнча калып кеткен.

Ошондуктан эс алуу жайларынын имараттарын оңдоо, жаңы коттедждерди куруу жана жалпы эле заманбап үлгүдөгү тейлөөнү киргизүү үчүн миллиарддаган сом каражатты издеп табууга туура келген. Өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жагын көздөгөн Профсоюздардын федерациясы “ашыкча” деп эсептелген жер тилкелерин сатыкка койууга мажбур болгон экен.

Бирок аукциондорду жүргүзүүнүн жол-жоболору укуктук жактан формалдуу сакталганы менен аталган жер аянттарын рыноктук баада баалоонун тартиби аныкталган эмес дешет эксперттер.

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерация кеңешинин төрагасы Асылбек Токтогулов жер тилкелерин сатуудан түшкөн каражат талкаланып бараткан системаны сактап, өнүктүрүүгө жумшала турганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө мына ошол эс алуу жана дарылоо жайларынын абалын жакшыртуу үчүн кошумча каражат жок. Ошондуктан аталган объекттер заманбап үлгүдө өнүктүрүлбөй, бир нече жылдай туруп калып, талкалана баштаганы баарыбызга маалым. Мына ошондой кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу – ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен каражат табуу болчу. Мына ошонун негизинде 15 гектардан 35 гектарга чейин жер аянттары бар эс алуу жана дарылоо жайларынын ашыкча жер тилкелерин сатуу чечими кабыл алынган. Андан түшкөн каражат мына ошол элек объекттерди өнүктүрүп, жаңы заманбап тейлөөнү киргизүүгө жумшалат. Бул боюнча атайын комиссия иштеп жатат.
Профсоюздар көз каранды эмес коомдук уюм дегенге жамынып алып, жетекчилери Союздан калган дүйнө-мүлктүн бардыгын сатып жоготуу менен алектенип келишет.
Муктар Артыкбаев
Ошол эле кезде Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын жалпы бюджети канча экени белгисиз. Мүчөлүк акыдан чогулган, Соцфонддон которулган каражаттар, ижара акыларынан жана жолдомолорду сатуудан түшкөн кирешелердин кантип, каякка чыгымдалганы тууралуу так маалыматтарды алууга мүмкүн болгон жок.

Быйыл июнь айынан августка чейин жеткинчектерди төрт агым менен эс алдыруу жагы чечилгени менен акча каражаты толук которулбай калган. Жыйынтыгында бир катар лагерлер бир эле агымда балдарды эс алдыруу менен гана чектелишкен. Бирок ага карабастан Профсоюз федерациясынын жетекчиси Асылбек Токтогулов эс алдырууну уюштуруу иши мурункуга караганда бир топ жакшырды деп эсептейт:

- Эмгекчилерди эс алдыруу фонду бир жакшына эле иштеп жатат. Мына, быйылкы жылга эле Социалдык фонд 190 миллион сом которуп берди. Анын 124 миллион сому бүгүнкү күнгө чейин бөлүнүп берилген. 51 миллион сом жалаң балдардын саламаттыгын чыңдоого каралган. Анын азыр он миллион сомун жакында которуп бергени турабыз. Мурда август айынын экинчи жарымына чейин акча которулбай калган учурлар болгон. Биз жылда маселени канча ыкчам чечсек, ошончо талап болуп жатат. Бирок негизи мурдагыга караганда төлөмдөрдө маселе жок.

Профсоюздардын “эркиндиги”

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдары тууралуу мыйзамга ылайык, профсоюздар жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Профсоюздар өзүнүн ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарга баш ийбейт. Мына ошондуктан профсоюздардын айланасында көтөрүлүп жаткан маселелерге кийлигишүүгө анын “өзгөчө кол тийгис” макамы тоскоол болуп келет.

Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева буга мындайча мисал келтирди:

- Өткөн жылы бул маселени карап, бирок аягына чыкпай калганбыз. Тиешелүү маалыматтар ал жактан берилген эмес. Анткени профсоюздар мыйзам боюнча көз каранды эмес уюм деген негизде алардын ишмердигине кийлигишүүгө болбойт деген жооп болгон. Ошондуктан ал тармакта эмне болуп жатканынан кабарыбыз жок.

Кесиптик кошуундар уюмдарынын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы гана жылына бир жолу текшериши мүмкүн. Бир катар каржылык мыйзам бузуулар боюнча Эсеп палатасына арыздар түшкөнүнө карабастан аталган көзөмөл органы Кесиптик кошуундар уюмдарынын ишмердигинен буга чейин бир дагы жолу коррупция фактыларын тапкан эмес.

Эсеп палатасынын аудитору Эрнис Барктабасов бул маселеде быйылкы жылга белгиленген каржылык текшерүү баштала электигин айтуу менен чектелди:

- Бул маселе боюнча атайын буйрук чыкмайынча текшерүү иштери токтоп турат. Бул тармакты пландуу текшерүү боюнча багыттама болгону менен буйрук чыга элек. Ошондуктан азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын.

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясы Совет бийлигинин тушунда эмгекчилердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында түптөлгөн. Анын курамына 22 тармак боюнча кесиптик кошуундар уюмдары кирет.

Совет бийлиги кулап, Кыргызстан эгемендикке жетишкен алгачкы жылдарда Профсоюздар федерациясынын карамагында эң ири 41 объект болгон. Анын азыр канчасы сатылып кетип, канчасы калганы белгисиз.